Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2021-жылдын II жарым жылдыгы үчүн “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы” конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

2022-01-11 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
2021-жылдын II жарым жылдыгы үчүн “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы” конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

2021-жылдын 17-декабрында Бишкек шаарында 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы” сынагынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин салтанаттуу сыйлоо аземи өттү.

Сынактын максаты:

  • ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жана жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча ишинин эң ийгиликтүү мисалдарын аныктоо;
  • ЖӨБ органдарын жана жарандарды жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө тажрыйба алмашууга жана алдыңкы тажрыйбаны жайылтууга шыктандыруу;
  • Кыргызстанда жергиликтүү өнүгүү маселелерин чечүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын жана жаңы ыкмаларын жайылтууга көмөктөшүү.

Иш-чара офлайн жана онлайн форматтарында өтүп, ага ЖӨБ органдарынан, жергиликтүү жамааттардан, лидерлерден, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан жана эксперттерден 30дан ашык адам катышты (онлайн режимде 40ка жакын адам катышты)1

Сынактын финалисттери өздөрүнүн мыкты тажрыйбалары менен тааныштырып, андан соң катышуучулар аларга суроо узатып, тажрыйбаны талкуулап, бири-бири менен жакындан таанышып, байланыш түзө алышты. Андан соң сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. 

Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу товардык сыйлыктарды2, Ардак грамоталарын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин ыраазычылык каттарын алышып, КР ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталына акысыз жазылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 

“ЖӨБ мыкты тажрыйбасы” сынагы Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы Хельветас Ассоциациясы жана Өнүктүрүү саясат институтунун консорциуму ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору тарабынан өткөрүлүп, жалпы байге фонду 1 млн сомдун тегерегин түздү.

_____________ 

1 “Фейсбуктагы” видеонун шилтемеси: https://fb.watch/a0bO2r2lvf/

2 Сынакты өткөрүү жөнүндө Жобого ылайык, ЖӨБ органдары байге каражаттарын (грантты) мисалда сүрөттөлгөн ишти же тажрыйбаны улантууга, сүрөттөлгөн тажрыйбаны өркүндөтүүгө же жарандар үчүн маанилүү болгон башка көйгөйдү же маселени чечүүгө пайдалана алат.

Окшош материалы: