Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын 47 муниципалитети жергиликтүү Социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына (СЭӨП) социалдык-гендердик сезимтал чараларды киргизүү жана жакшыртуу боюнча эксперттик кеңештерди алды

2022-01-11 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

2021-жылдын аягында Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында 47 муниципалитеттин өкүлдөрү үчүн “Жергиликтүү деңгээлде социалдык-гендердик саясатты киргизүү” темасында жыйынтыктоочу регионалдык семинарлар өттү. Аларга 100дөн ашык адам (Жалал-Абадда 51 жана Ысык-Көл облусунда 54 адам), анын ичинде долбоордун жамааты, эксперттер, өнөктөш КЭУлардын өкүлдөрү жана ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү катышты.

Муниципалитеттердин өкүлдөрүнө социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын биротоло иштеп чыгып, жакшыртуу үчүн эксперттик колдоо көрсөтүү жана сунуштарды берүү бул иш-чаранын негизги максаты болду.

Семинардын жүрүшүндө ЖДКЖ долбоорунун өнөктөштөрү, жергиликтүү КЭУлардын өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Алар жыл бою долбоор менен кызматташып, ЖӨБ Союзу эки облуста тандап алган 21 пилоттук муниципалитет менен иштеп келишкен. Эксперттер социалдык жана гендердик сезимтал (СГС) аспектилерди эске алуу менен СЭӨПтөрдү иштеп чыгуудагы жана өркүндөтүүдөгү кыйынчылыктарды айтып беришип, СЭӨПтө СГС чараларын жүзөгө ашырууга кошумча каражаттарды тартуу үчүн долбоордук өтүнмөлөрдү иштеп чыгуу боюнча сунуштарды беришти; муниципалитеттер менен иштөө тажрыйбасынын таянып, жакшыртылган СЭӨПтөрдү мисал келтиришти. Долбоордун эксперттери А. БАЛАКУНОВА жана А. МУСАЕВА көп учурда жасалган каталар, талданган СЭӨПтөрдүн жыйынтыктары жөнүндө кененирээк маалымат беришти, ошондой эле СЭӨПтүн жакшыртылган структурасынын мисалдарын көрсөтүштү. Аны менен бирге, катышуучулардын суроолоруна жооп берип, бир нече топтук практикалык көнүгүүлөрдү өткөрүштү.

Семинардын экинчи бөлүгү мыйзамдардагы өзгөрүүлөргө, ошондой эле СЭӨПтүн негизинде бюджетти түзүүнүн зарылдыгына арналды. Бул теманы ЖӨБ Союзунун өкүлү Д. АЙТБАЕВ кеңири ачып берип, ЖӨБ Союзунун алдыдагы пландары менен бөлүштү.

Семинардын соңунда Долбоордун гендердик жана билимдерди башкаруу боюнча адиси Ж. АБДЫЛДАЕВА жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүү тармагына социалдык-гендердик сезимтал чараларды киргизүү жөнүндө айтып берди. Андан соң катышуучулар аялдардын акы төлөнбөгөн эмгеги жөнүндө кыска метраждуу тасманы көрүштү. Бул тасма долбоордун алкагында даярдалган.

Ошондой эле семинар даярдалган программаларды талкуулоо, ЖӨБ органдары ортосунда бул багыттагы тажрыйба алмашуу жана 2018-жылдагы методикалык колдонмону талкуулап, зарылчылык жаралса, аны жөнөкөйлөтүү жана өркүндөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшүү үчүн аянтча болду. Колдонмону Экономика министрлиги жана ЖӨБЭММА (учурда – МКЖӨБМА) бекиткен.

Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча адиси Алина МООТБЕКОВА мындай пикири менен бөлүштү: “Учурда бул тема абдан актуалдуу болуп турат. Биз ушул семинар үчүн атайын алыскы Тогуз-Торо районунан келдик. Жыл бою СЭӨПтү иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ жана жергиликтүү калк менен активдүү иштешкенибиз үчүн эксперттердин бул багыттагы ой-пикирин угуу абдан кызыктуу болду. Биз КЭУнун эксперттери менен улам кеңешип тургандай болдук, ошентсе да, иш-аракеттерибиз канчалык туура же туура эмес экенин биле албай жүргөн элек. Ал эми бүгүн эксперттерден жана долбоордун командасынан так жана жеткиликтүү маалымат алдык. Мындан ары ишибиздеги каталарыбызды жакшы түшүнүп, эксперттердин сунуштарын эске алуу менен программаларды кайра карап чыгууга жана толук иштеп чыгууга даярбыз”.

Семинардын аягында катышуучулар эксперттик сунуштарды алышкандыгы үчүн Долбоорго ыраазычылык билдиришип, кыска мөөнөттө өз программаларын толук иштеп чыгууга даяр экенин билдиришти.

Бул иш-чараны Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас Кыргызстан жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” (ЖДКЖ) Долбоору уюштурду.

Окшош материалы: