Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу кызматын уюштуруу жолдору

2022-04-23 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу кызматын уюштуруу жолдору

2022-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында “Муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жолдору” деген темада эл аралык семинар өттү.

Семинар тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп, мында чет мамлекеттердин жана Кыргызстандын өкүлдөрү Кыргыз Республикасындагы эң жакшы чечимди колдонуу үчүн квалификацияны жогорулатуу системасындагы дүйнөлүк тажрыйбаны талкуулашты.

Эфирдин жазуусу ӨСИнин Facebook баракчасында төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү: https://www.facebook.com/DPIKyrgyzstan

“Бийликтин субулуттук деңгээлинин моделдерине карабастан, мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана орун басарлары адекваттуу башкаруу чечимдерин кабыл алуу, жергиликтүү өнүгүү маселелерин ийгиликтүү чечүү жана жергиликтүү коомчулуктун муктаждыктарына жооп берүү үчүн дайыма квалификациясын жогорулатып турушу керек. Кыргыз Республикасында жергиликтүү маанидеги (ведомстволук багыттагы) маселелер боюнча муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу системасы калыптануу процессинде. Ошондуктан, мындай системаларды курууда эл аралык тажрыйбаны жана практиканы изилдөөнүн актуалдуулугу жогору. Буга байланыштуу Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы1 “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун колдоосу менен Латвиянын, Орусиянын, Монголиянын, Словениянын, Нидерланддардагы Гаага Жергиликтүү башкаруу академиясынын кесипкөйлүктү жогорулатууну уюштуруу тажрыйбасын үйрөнүү максатында бул семинарды уюштурду”, - деди Өнүктүрүү саясат институтунун Башкармалыгынын төрайымы, Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) кеңешчиси Надежда ДОБРЕЦОВА.

Семинардын жыйынтыгында муниципалдык деңгээлдеги кызматкерлердин, анын ичинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, ведомстволук квалификациясын жогорулатуу системасын андан ары өркүндөтүү, натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар тапшырмалар жана сунуштар даярдалды.

Семинар “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун аякташына арналган “Жакшырган жашоо шарттары – жарандардын жана ЖӨБдүн биргелешкен ишинин натыйжасы” эл аралык конференциясынын алкагында аталган Долбоордун колдоосу менен уюштурулду. Долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда.

Семинардын уюштуруучулары:

  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары – МКЖӨБМА)
  • Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу
  • Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы
  • Өнүктүрүү саясат институту.

__________

1 Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана өркүндөтүү, муниципалдык кызматкерлердин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын потенциалын чыңдоо максатында түзүлгөн институт болуп саналат. БАЖБАнын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту, Академиянын улуттук өнөктөшү болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги (МКЖӨБМА) саналат.

Окшош материалы: