Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Ынтымактуу жашоо” долбоору Бишкекте “Коопсуз короо” чакан долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөттү

2022-04-23 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
“Ынтымактуу жашоо” долбоору Бишкекте “Коопсуз короо” чакан долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөттү

“International Alert” эл аралык уюму тарабынан Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда ишке ашырылууда.

2022-жылдын март айынын башында Бишкек шаарынын №1 муниципалдык аймактык башкармалыгы1 “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун2 алкагында бөлүнгөн гранттык каражаттардын эсебинен “Коопсуз короо” чакан долбоорун ишке ашырган – эки көп кабаттуу турак-жайдын кире бериш жерлерине 8 видеокамера орнотулду. Кыргызстандагы “Ынтымактуу жашоо” долбоору “International Alert” эл аралык уюму тарабынан Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте Европа Биримдигинин каржылык колдоосунда ишке ашырылууда.

«Биздин корообуз Бишкектеги Ош базарынын жанында жайгашкандыктан уламбы, айтор, бизде уурулук жогору - ай сайын батирлерден тиричилик техникасын, уюлдук телефондорду, короодо токтоп турган унаалардын дөңгөлөктөрүн, шейшептерди, килемдерди уурдоо фактылары катталып турат. Эми видеокөзөмөл камералары орнотулгандан кийин уурулук такыр эле токтобосо да, алда канча азаят деген үмүттөбүз. Арадан үч күнгө жетпеген убакыт өттү, бирок жашоочулар да өздөрүн башкача алып жүрө баштады, анткени азыр алар көзгө көрүнүп калганын түшүнүшөт. Мен Бишкек шаарындагы Европа Биримдигинин “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун пилоттук “аралына” айланганыбызга сыймыктанам – башка бир дагы ТЖЭШте азырынча камера жок”, - деди чакан долбоордун жетекчиси, Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин төрагасы ОРОЗАЛИЕВ Жумалы. 

Ж.ОРОЗАЛИЕВДИН айтымында, үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин уурулук фактыларынын алдын алуу жана ушул багытта бир катар иш-чаралар пландалууда. Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн биргелешкен аракети менен жалпы чогулуш өткөрүүнү, жаштар арасында ыктыярдуу элдик кошуунду (ЫЭК) уюштурууну, анын курамын жана нөөмөт тартибин бекитүүнү пландаштырууда. Мунун баары алардын “Коопсуз короо” долбоорунун алкагында ишке ашат.

“Уурулук боюнча шектенүүлөр ар кимдин өзүнө жана ар бир адамга түшүп, бул тургундардын ортосунда чыр-чатакка алып келет. Бул “Коопсуз короо” чакан долбоору дал ушул маселени чечүүгө багытталган. Долбоордун планына ылайык, азыр ар бир подъезддин жанына жана ичине видеокөзөмөл камералары орнотулуп, башкы монитор үй комитетинин батиринде жайгашып, арыз ээси катары ТЖЭШ чыкты”, - дейт “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун грант боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ. 

“Коопсуз короо” чакан долбоорунун жалпы суммасы 159 миң сомду түзсө, анын 144 миң сому “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун гранттык каражаты, 15 миң сому жергиликтүү жамааттын салымы. Түз бенефициарлардын жалпы саны 600 жергиликтүү тургун болду.

_______ 

1 №1 МАБ Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан, жалпы калкынын саны 36 003 адамды түзгөн Ленин районунун 6 аймактык башкармалыктарынын бири (анын ичинен аялдар – 47%, эркектер – 53%). №1 МАБдын базасында 12 кварталдык комитет, 49 үй комитети, 81 АА, 2 аксакалдар соту, 1 ардагерлер кеңеши иштейт.

2 “International Alert” уюму Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте Кыргызстанда социалдык чыр-чатактарды алдын алууда, укук тартибин сактоодо жигердүү жаштарга, жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын тандалып алынган 25 жеринде медиациянын көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн аянтча түзүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Кененирээк маалымат алуу үчүн: www.international-alert.org

 

 

Окшош материалы: