Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Токмокто “Биздин жашоодогу чыр-чатактар” аттуу жылдык шаардык форум өттү

2022-05-09 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Токмокто “Биздин жашоодогу чыр-чатактар” аттуу жылдык шаардык форум өттү

Форум Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен өткөрүлдү.

2022-жылдын 5-апрелинде Токмок шаарындагы А.Осмонов атындагы №8 орто мектептин базасында Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен “Биздин жашообуздагы чыр-чатактар” жылдык шаардык форуму өттү. Эксперттер катары Форумга төмөнкүлөр катышты:

  • Токмок шаарынын прокурорунун улук жардамчысы Рахманкулов З.М.,
  • Токмок шаарынын мэриясынын башкы адиси Асанбекова Г.А.,
  • ЧМУТСРнын башкы адиси Касымбекова А.А.,
  • Токмок шаарынын №1 ҮДТнын дарыгери Мураталиева А.Н.,
  • Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын ӨИИ инспектору Акылбек уулу Б.

Форумга Токмок шаарындагы мектептердин мугалимдери, окуучулары жана алардын ата- энелери катышты. Форумдун алкагында №10 орто мектептин окуучулары “Жолу болбогон кыз же соолуган гүл” спектаклин коюп, аны форумдун катышуучулары менен театр форматында талкуулашты.

Катышуучуларга ошондой эле Токмок шаарынын №8 мектебинин “Биз зомбулукка каршыбыз!” үгүт-насаат тобу чыгып, “Жакшылык жана жамандык” аттуу флэш-моб уюштурушту.

“Бул форум өспүрүмдөр арасында ачык диалогду жана актуалдуу маселелерди талкуулоону сунуш кылат. Форумда үй-бүлөнүн, мектептин жана мамлекеттин деңгээлинде кылмыштуулуктун алдын алуу, суициддик жүрүм- турум, үй-бүлөлүк зомбулук, эрте нике маселелери көтөрүлдү. Эксперттер жарандар өз укуктарын же жабырлануучулардын укуктарын коргоодо көйгөйлөр жаралса жардам сурап кайрыла турган пункттар менен байланышуу жолдорун айтып беришти”, - дейт Токмок шаардык мэриясынын башкы адиси Асанбекова Гүлбара.

“Биздин жашообуздагы чыр-чатактар” форуму Европа Биримдигинин “Ынтымактуу жашоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан Токмок шаарынын мэриясынын Иш планына кошулду1.

 

_________

1 “International Alert” уюму Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте Кыргызстанда социалдык чыр-чатактарды алдын алууда, укук тартибин сактоодо жигердүү жаштарга, жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын тандалып алынган 25 жеринде медиациянын көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн аянтча түзүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Кененирээк маалымат алуу үчүн: www.international-alert.org 

Окшош материалы: