Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Токмок шаарынын мэриясы өспүрүмдөр жана жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында дебат клубдарын уюштурат

2022-05-09 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Токмок шаарынын мэриясы өспүрүмдөр жана жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында дебат клубдарын уюштурат

2022-жылдын 24-мартында Токмок шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №1 мектеп- гимназиясынын базасында дебаттык турнир өттү.

Өспүрүмдөр жана жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулган иш-чарага шаардын 13 мектебинин 15-17 жаштагы окуучулары катышты. Иш-чараны Токмок шаарынын мэриясы “ЖашTime” демилгелүү кыймылынын ыктыярчылары менен биргеликте уюштурду. Иш-чара Европа Биримдигинин “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун алкагында бөлүнгөн гранттык каражаттардын эсебинен өттү.

“Бүгүнкү дебаттар “Дебат клубдарын уюштуруу” чакан долбоорунун алкагында өтүүдө. Эмне үчүн дебаттарды тандадык? Чындыгында, “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун алкагында пландалган, калк арасында кылмыштуулуктун алдын алууга жана чыр-чатактарды болтурбоого багытталган өспүрүмдөр жана жаштар менен иш алып барууда кандай механизмди тандап алсак болот деп көпкө ойлондук. Тилекке каршы, бизде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында жаңжал чыккан, укук бузуу фактылары болуп, бул көрүнүш күч алууда. Мына ошол маалда жаштар – “ЖашTime” демилгелүү тобунун ыктыярчылары жардамга келип, дебаттык турнир өткөрүү идеясын сунуш кылышты. Биз бул жакшы формат болот окшойт деп ойлодук. Себеби, адатта, класстык сааттар өткөрүлгөндө же Өспүрүмдөр иштери боюнча инспекциянын өкүлдөрү лекция окуганда, балдар угуп-укпай отура беришет. Ал эми бүгүн биз окуучуларга сынчыл ой жүгүртүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, укуктары менен милдеттери боюнча билимин колдонуу менен өз көз карашын айтып, аны негиздеп, керек болсо коргой алсын деп микрофон берип жатабыз. Дебат аркылуу шаардын жашы жете элек жарандарынын арасында укук бузуулардын келип чыгуу себептерин аныктап, түшүнүп, келечекте алардын алдын алгыбыз келет”, - дейт Токмок шаардык мэриясынын социалдык тармагынын башкы адиси Гүлбайра Аманкулова.

Ошондой эле Г.Аманкулова бүгүнкү дебаттык турнир шаарда биринчи жолу өтүп жатканын белгиледи. Келечекте мэрия шаардагы ар бир мектепте дебат клубун уюштуруп, дебаттардын таасири астында өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуу фактыларынын өсүү динамикасына көз салууну (мониторинг жүргүзүүнү) пландоодо. Ал эми бүгүнкү дебаттын катышуучулары 4-апрелде өтө турган турнирдин 2-туруна катышып, андан соң шаардык мектептерде жаңы ачылган дебат клубдарынын бардык катышуучуларын өздөрү үйрөтүшмөкчү.

“«Ынтымактуу жашоо» долбоору бөлгөн 144 миң сом өлчөмүндөгү гранттык каражатка шаардык дебат клубунун ишине колдонула турган оргтехникаларды (ноутбук, проектор, экран, колонка ж.б.) сатып алдык. Ошондой эле биз өзүбүздүн чакан долбоорубузга “Менин Токмок шаарым” шаардык басылмасын тарттык, ал долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн чагылдырып турмакчы. Биздин пландарыбызда облустук, республикалык дебаттык турнирлерге катышуу бар”, - деп кошумчалады Г.Аманкулова.

“Дебат клубдарын уюштуруу” чакан долбоорунун жалпы суммасы 169 миң сомду түзсө, анын 144 миң сому “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун гранттык каражаты болду. Ал эми 25 миң сомду дебаттык турнирди өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджет бөлүп берди.

 

Окшош материалы: