Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Нарын облусунун жаштары долбоорлорду сунуш кылат

2011-12-30 / Актуалдуу тема

Жаштардын сунуштары

 

“Жергиликтүү аймактагы жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу” долбоору»
 
Ак-Талаа району
 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү: Бүгүнкү күндө Ак-Талаа районун жаштары өз укуктарын билбейт жана жергиликтүү деңгээлдеги чечим кабыл алуу процессине катышпайт.  
 
Максат: семинар-тренингдерди өткөрүү менен жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу.
 
Бюджети: 300 АКШ доллары.
 
“Жаштар таза шаар үчүн” долбоору
 
Нарын шаары
 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү: жаштар өзүн шаардын тазалыгы үчүн жооптуу деп сезбейт, алар муну шаар бийлигинин гана милдети деп эсептейт; Нарында таштандыны бөлүштүрүү практикасы жокко эсе, таштандыларды чогулткан коммуналдык кызматтын кызматкерлерине көңүл бурулбайт.  
 
Максаты: Нарын шаарынын жаштарынын аңсезимин өзгөртүү жана жаштардын таза шаар үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу.
 
Тапшырма: Нарын шаарынын жаштарынын көңүлүн “Жаштар таза шаар үчүн!” темасына КВН уюштуруу аркылуу буруу; Флеш-моб аркылуу жаштарда таза шаар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү таштандыны бөлүштүрүү практикасын киргизүү.
 
Бюджети: 30 600 сом. 
 
“Жаңы горизонт” долбоору
 
Нарын шаары
 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү: Нарында 40 миңден ашуун калк жашайт, алардын 3 миңден ашууну студенттер, мындан тышкары орто билим берүү боюнча 10 окуу жайы бар. Нарындын болжол менен 5 миң жаш тургуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жана шаардагы жашоо шартты жакшыртуу үчүн жарандардын жергиликтүү маанидеги чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар болгону тууралуу кабардар эмес.
 
Максаты: Нарындын жаш тургундарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердүүлүгү, жергиликтүү жамааттын жашоосу, жарандардын жергиликтүү маанидеги чечимдерди кабыл алуусуна катыша алаары, муну менен шаардагы жашоо шартты жакшыртуу мүмкүнчүлүгү болгону тууралуу маалымат деңгээлин жогорулатуу, муну маалымат бюллетендерин чыгаруу жолу менен ишке ашыруу. 
 
Бюджети: 20 000 сом. 
 
“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү” долбоору 
 
Нарын району
 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү: Нарын облусунда мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар өз максаттарын ишке ашырууда кыйналып келишет. Бул адамдар өз таланттарын көрсөтө алышы үчүн биз тараптан жардам көрсөтүлөт. Бул адамдарда жашоодогу максаттарын ишке ашырууга стимул жана кайсы бир деңгээлде каржылык көз карандысыздык болот деп ишенебиз. Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашышы үчүн буга чейин иликтөө жүргүзүлгөн. Ага ылайык, атайын техникасы жок адамдардын тобу аныкталган, бул болсо алардын ишин кыйындатууда.  
 
Максаты: Коомчулуктун көңүлүн мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүнө атайын видео тасмаларды көрсөтүү жана акция өткөрүү менен буруу. Биздин максат – мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга иш убактысын дагы жемиштүү пайдалануусу үчүн техникалык каражат таап берүү.
 
Бюджети: 366 000 сом. 
 
“Таза айыл” долбоору 
 
Ат-Башы району
 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү: Ат-Башы айылында учурда таштанды чогултуу жана чыгаруу маселеси курч турат. Бул маселе жергиликтүү өз 
алдынча башкаруу органдары тарабынан чечилбейт, ал эми жергиликтүү тургундар таштандыны көчөгө эле ыргытышууда.  
 
Максаты: коомчулуктун көңүлүн бул маселеге буруу жана аны чечүү үчүн акция жана марафон өткөрүү. 
 
Бюджети: 8 000 сом. 
 
“Жаштар сергек жашоо үчүн” долбоору
 
Кочкор району
 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү: Кочкор районунун Кара-Суу айылдык аймагын 5 айылдан турат, анда 4 орто билим берүү мектеби бар. Айылдык аймактын калкынын саны – 5738. Айылдык аймактын 70 пайызын жаштар түзөт, алардын 40 пайызы орто мектептин окуучулары. Акыркы убактарда окуучулардын тарбиясына көңүл аз бурулуп жатат. Алардын арасында жеңил алкоголдук ичимдиктерди ичкендер, тамеки чеккендер жана насывай колдонгондор көбөйдү. Бул көрүнүш келечекте алардын саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Ушул күнгө чейин бул багытта эч бир иш-чаралар өткөрүлгөн эмес.
 
Максаты: Кара-Суу айылдык аймактын мектептери арасында спорттук иш-чараларды уюштуруу.
 
Бюджети: 16 180 сом.
 
“Ынтымактуу жаштар” долбоору  
 
Ат-Башы району.
 
Маселенин сүрөттөлүшү: ВЖергиликтүү мектепте спорттук зал жок, ушундан улам жаштар жана окуучулар машыга алышпайт жана райондук деңгээлдеги спорттук иш-чараларга катыша алышпайт. Болжол менен 400гө жакын бала спорт менен машыгууга шарттар түзүлбөгөндүктөн бош убактысын алкоголдук ичимдиктерди ичүү, тамеки чегүү менен өткөрүшөт. Ошентсе да айылда спорттук аянтча бар, бирок волейбол үчүн торчо, футбол, волейбол, баскетбол топтору, хоккей жабдуулары жок.  
 
Максаты: айыл жаштарын “Ынтымактуу жаштар” тобуна бириктирүү, спорттук шаймандарды сатып алуу.
 
Бюджет: 31 400 сом.
 
“Комузду кайтарып алалы” долбоору
 
Кочкор району
 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү: 18 жаштан 30 жашка чейин жаштардын саны болжол менен 300гө жакын. айылда китепкана жана эски мектеп имаратынан башка эч бир инфраструктура жок. Маданият үйү, фольклордук улуттук музыка болсо унутулуп баратат, айылда комузда ойногон иши жок.  
 
Максаты: “Аматер” тобун түзүү менен жаштарды комузда ойноого үйрөтүү, мектептин алдында курстарды ачуу, түрдүү сынактарга катышуу. 
 
Бюджет: 35 500 сом.