Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Баткен жана Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономикалык бөлүм башчылары кесиптештери менен тажрыйба алмашты

2022-05-09 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Баткен жана Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономикалык бөлүм башчылары кесиптештери менен тажрыйба алмашты

2022-жылдын 6-апрелинде Талас жана Баткен облустарынын айыл өкмөттөрүнүн (АӨ) финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн (ФЭБ) башчылары үчүн “тең-теңге” форматында онлайн тажрыйба алмашуу өттү.

Катышуучулардын жалпы саны 100дөн ашык адамды түздү.

Онлайн тажрыйба алмашуу катышуучуларды жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугу маселеси боюнча башка айыл өкмөттөрдүн тажрыйбасы менен тааныштыруу максатында өткөрүлдү. Иш-чараны Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, анын Окуу борбору (КР Финансы министрлиги) жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу (ЖӨБ Союзу) менен биргеликте ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору уюштурду.

Катышуучулар менен саламдашып жатып, КР Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын жетекчиси Сыймык НУРУМБЕТОВ бюджеттик процесстин ачык-айкындуулугун камсыздоо чөйрөсүндө ар бир муниципалитеттин өзүнүн тажрыйбасы бар экенин белгиледи. Ошол эле учурда каталар жана кыйынчылыктар, алынган сабактар   жана айрым тажрыйбаларды ишке ашыруу механизмдери да бар болгонун белгилеп, бардыгын ушундай тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырды: “Ошондо биз силердин көйгөйлөрүңөрдү жана аларды кантип чечип жатканыңарды биле алабыз. Учурда бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндө реформалар жүрүп жатат. Ошондуктан баарыбыз чогуу аракет кылып, бири-бирибизге жардам берип, колдоо көрсөтүшүбүз керек. Биз ушундай эле тажрыйба алмашууну облустар арасында өткөрсөкпү деп ойнлонуп жатабыз, бирок бул үчүн силердин жигердүүлүгүңөр жана көмөгүңөр керек. Силерди бүгүн жигердүү катышып, кесиптештериңердин тажрыйбасына көңүл буруп, кызыктырган суроолорго жооп алууга чакырам”.

КР ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ көрсөткөн жардамы үчүн муниципалитеттердин ФЭБ башчыларына ыраазычылыгын билдирип, жергиликтүү бюджеттердин айкындуулугун, ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда алардын ролун баса белгилеп, gb.minfin.kg веб-тиркемесинде жарандык бюджетти толтуруп жатышканын кошумчалады: “Март айында КР финансы министри менен жолугушуу болуп, анда бюджеттер аралык мамилелердин маселелерин талкууладык. Учурда КР Өкмөтүнүн кароосуна атайын материал даярдап жатабыз, анда силер үчүн маанилүү болгон бир катар маселелерге, анын ичинде муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүү маселесине токтолобуз.

Ошондой эле мен силерди WhatsApp жана Telegram топторуна чакырам, ал жерде биз күн сайын сиздин ишиңизге жана жалпысынан эле ЖӨБ органдарынын ишине байланыштуу көптөгөн маселелерди талкуулап турабыз. Жакында эле биз силер күн сайын иштеген 156 маселени карап чыктык. Биз кызматташууга ар дайым ачыкпыз”.

Долбоордун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ катышуучуларга кайрылып, жергиликтүү бюджетти гендердик өңүтүн эске алуу менен түзүү темасына өзгөчө көңүл бурууну өтүндү: “Бул – Бюджеттик кодекстин талабы, биз аны аткарууга милдеттүүбүз”.

Андан соң онлайн тажрыйба алмашуунун баяндамачылары өз темаларына баяндама жасашты1:

  • “Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү тажрыйбасы: биз конкурста биринчи орунду кантип утуп алдык?”. Баяндамачы: Анара АСАДОВА, Садовое айылдык кеңешинин депутаты.
  • “Гендердик өңүттү эске алган бюджетти түзүү тажрыйбасы: бюджетте аялдардын маселелерин кантип эске алдык?”. Баяндамачы: Элиза НАЙМАНБАЕВА, Жерге-Тал АӨнүн ФЭБ башчысы.
  • “Жарандык бюджетти түзүү тажрыйбасы: түшүнүктүү жарандык бюджетти кантип түзүшү керек?”, баяндамачы: МАДИЕВА Гүлмира, Кызыл-Октябрь АӨнүн ФЭБ башчысы. 

Ар бир презентациянын соңунда катышуучуларга суроолорду узатууга жана кызыктырган пункттарды талкуулоого мүмкүнчүлүк берилди. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун компонент боюнча менеджери Бакыт АЙТКУЛОВ КР Финансы министрлигинин өкүлүнө суроо узатып, мыйзамдарга кандай өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экенин, алардын 2023-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүгө кандай таасирин тийгизиши ыктымал экендигин сурады. Бул суроого жооп берип жатып, Сыймык НУРУМБЕТОВ мындай өзгөртүүлөрдүн кесепеттери минималдуу болорун, ал эми коомдук угууларды өткөрүүгө эч кандай таасир тийгизбестигин, ЖӨБ органдары көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү жана күндөрдү сакташы керектигин айтты. Долбоордун коомдук бюджеттик угуулар боюнча координатору Азамат МАМЫТОВ катышуучулардын көңүлүн жарандык бюджеттин веб-тиркемесинин (gb. minfin.kg) жаңыланган функцияларына бурду, анын жардамы менен жарандар үйдөн чыкпай эле суроолорун узатып, сунуштарын бере алышат. Жаңы техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен ЖӨБ органдары коомдук бюджеттик угууларды эми онлайн режиминде өткөрүп, талкуулап, сунуштарды кабыл ала алышат. Ал эми ФЭБ башчылары жайгаштырган маалыматтар бул процессте маанилүү ролду ойнойт, себеби сандык маалыматтарды киргизүүдө автоматтык түрдө түзүлүүчү диаграммалар жергиликтүү тургундардын презентация маалында жергиликтүү бюджетти визуалдык жактан кабыл алуусун бир топ жеңилдеткен.

 

___________ 

1 Презентациялык материалдарды шилтеме боюнча таба аласыз: https://myktyaimak.gov.kg/trainings/training?lang=ru&id=41

Окшош материалы: