Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнүктүрүү саясат институтунун 202-жылы жасаган ишине кыска сереп

2022-06-01 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Өнүктүрүү саясат институтунун 202-жылы жасаган ишине кыска сереп

Өнүктүрүү саясат институтунун 2020-жылдын ноябрында түзүлгөн Байкоочу кеңеши ӨСИнин жана анын аткаруу органынын ишмердигине, уюмдун мыйзамдарды жана Уставды сактаганына, каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына көзөмөлдүк кылуу функцияларын ишке ашырат.

2022-жылдын 30-мартында “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин Байкоочу кеңешинин 2021-жылга карата ишинин жыйынтыгы боюнча жыйналышы өттү. Жыйналышка Байкоочу кеңештин мүчөлөрү - Кыргызстандагы балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сүрөө боюнча КЭУ ассоциациясынын аткаруучу директору Наталья ШИПП (жеринде катышты); Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Мурат БАЙДЫЛДАЕВ (онлайн); Демократиялаштыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жана реформалар боюнча эксперт Андрис ЯУНСЛЕЙНИС (Andris Jaunsleinis) (онлайн); Нарын облусунун Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Гүлмайрам УЧУГЕНОВА (онлайн) жана “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин башкаруусунун мүчөлөрү катышты.

Башка маселелер менен катар туруктуу өнүгүүгө кошкон салымы боюнча ӨСИнин жылдык отчету каралды. “Муниципалитет” журналы уюмдун бардык өнөктөштөрүнө даректелген ӨСИнин отчетунун кыскача версиясын сунуштайт.

Негизги сабактар

2021-жылы ӨСИ төмөнкү принциптерге негизделген комплекстүү мамилени колдонууну улантты: башкаруу органдарынын ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү; жарандардын кызыкчылыктарынын үстөмдүгү; инклюзивдүүлүк жана азчылыктын кызыкчылыктарын эске алуу; гендердик тең салмактуулук; “зыян келтирбе” принциби. Бардык долбоорлор бир эле убакта төмөнкүлөргө багытталган иштердин комплексин камтыйт: башкаруу органдары менен жарандардын ортосундагы ички байланыштарды бекемдөө, башкаруу органдарынын потенциалын күчөтүү, жамааттардын жана топтордун мамлекет жана тышкы тараптар менен тышкы байланыштарын чыңдоо; мыйзамдарга жана маалыматтарга негизделген пландаштыруу, инновациялык башкаруу ыкмаларын жана туруктуу өзгөрүүлөргө алып келүүчү усулдарды колдонуу. ӨСИ ар кандай долбоорлор боюнча Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы 250гө жакын муниципалитет менен кызматташат. МКЖӨБМА жана ЖӨБ Союзу менен үч тараптуу меморандуму бар, бул бардык ЖӨБ органдары менен тез жана эффективдүү байланыш түзүүгө мүмкүндүк берет. ӨСИ өздөштүргөн негизги сабактар төмөнкүлөр:

  • башкаруу системасын алсыратуучу параллелдүү түзүмдөрдү түзбөш керек;
  • башкаруу органдарын инвестицияларды башкарып, жыйынтыгы үчүн жоопкерчилик алууга машыктыруу үчүн финансылык жардамды бюджет аркылуу берүү зарыл;
  • башкаруу органдарын жарандар менен тыгызыраак иштөөгө үйрөтүү зарыл; 
  • жамааттар менен башкаруу органдарынын ортосундагы горизонталдык байланыштарды өнүктүрүш керек;
  • мамлекет менен улуттук деңгээлде уюштурулган диалогду жүргүзүү зарыл.

2021-жылы ӨСИнин ишинин негизги багыттары жана жыйынтыктары төмөндө келтирилген бир нече тематикалык категорияларга топтоштурулду.

Аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу үчүн 2021-жылдын негизги окуясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болсо, кеңештердин курамында аялдарга 30% квота берүү шайлоонун эң маанилүү өзгөчөлүгү болуп калды. ӨСИ башка уюмдар менен катар шайлоо процессинин бардык этаптарына жигердүү катышып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде аялдардын саясий укуктарын кеңейтүүгө колдоо көрсөттү. Бир нече долбоорлордун алкагында ӨСИ өз ишин бир принциптин айланасында түзгөн. Бул принципке ылайык, аялдарга “Кантип депутат болуш керек?” деген илимди өздөштүрүүдө гана эмес, ошону менен бирге “Кантип ийгиликтүү депутат болуу керек?” деген суроого жооп алууга да жардам берди. Бул шайлоого катышууга даярдыкты гана эмес, ошону менен бирге депутаттык милдетти аткарууга даярданууну да билдирет. Бул принцип ЭҮЖӨБОЖ долбоору иштеп чыккан Аял депутаттардын мектебинин өзөгүн түзгөн. Бул ыкма ийгиликтүү, суроо-талапка ээ болуп, ар кандай донорлордун колдоосуна ээ болгон бир нече долбоордо ишин уланткан. Бул ыкманы колдонуунун натыйжасында 200гө жакын аял жетекчи катары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун саясий турмушуна натыйжалуу катышууга мүмкүндүк бере турган билимге ээ болуп, алардын 80ге жакыны депутат болушту. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-январындагы №30 токтому менен бекитилген Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн колдонмо талапкерлерге – аялдарга да, эркектерге да жардам берүүнүн маанилүү аспабына айланды. Бул колдонмо ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун көмөгү менен иштелип чыккан. Колдонмо жергиликтүү деңгээлдеги шайлоо процессине карата ушул өңдүү биринчи документ болуп калды жана көптөгөн талапкерлерге шайлоо өнөктүгүн ийгиликтүү өткөрүүгө жардам берди. Жалпысынан БУУӨПтүн колдоосу менен ӨСИ өткөргөн маалыматтык өнөктүк жарым миллионго жакын шайлоочуга жетти.

Мына ушундай ийгиликтерге жана жетишкендиктерге карабастан, ӨСИ гендердик теңчиликти илгерилетүү жаатындагы ишти улантуу жагынан тышкы жана ички көйгөйлөрдү аныктап чыкты. Тышкы факторлордун арасында негизгиси - эл аралык деңгээлде кабыл алынган көптөгөн формалар жана ыкмалар айыл жамааттарындагы гендердик маселелер боюнча ишке шайкеш келбейт. Билим деңгээлинин төмөндөшү жана жакырчылык бул чөйрөнү өнүктүрүү үчүн өтө терс чөйрөнү түзүп жатат, бул гендер маселелери боюнча иштөөнүн философиясын жана ыкмаларын кайра карап чыгууну талап кылууда. Ички чөйрөдө гендер маселелери боюнча эксперттердин жалпы тартыштыгынын жана “универсалдуулугунун” фонунда ӨСИнин эксперттеринин жана консультанттарынын арасында гендердик теңдик маселелери боюнча билимдин жетишсиздиги аныкталган.

Жарандардын ЖӨБгө катышуусу

ӨСИ жарандардын бюджеттик процесске катышуу маселесине чоң көңүл буруп келатат, себеби дал ушул мүмкүнчүлүк жарандар менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы өз ара ишенимдин жана кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга жана жарандарга мамлекеттик иштерди жүргүзүүгө катышуу укугун иш жүзүндө жүзөгө ашырууга жол ачат. Айталы, ЖӨБ органдарынын ачыктыгын күчөтүү жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга ишениминин жогорулашына алып келди, мисалы, 2012-жылдан бери ЭҮЖОБОЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринде “ЖӨБ органдарында коррупция жок” деп эсептеген жарандардын үлүшү 14 пайызга көбөйдү.

2021-жылы республика боюнча бюджеттик коомдук угууларды 396 ЖӨБ органы өткөрдү (ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун маалыматы боюнча), 2021-жылы угууга катышуучулардын болжолдуу саны 40 000ден кем болгон жок. Санариптештирүү т е н д е н ц и я л а р ы жарандардын ЖӨБгө катышуу ыкмаларына да таасирин тийгизди. Кыргызстандын элеттик жамааттарында бюджет боюнча онлайн форматтагы коомдук угуулар жакынкы убакка чейин фантастикадай сезилип келген. ЖӨБ органдары менен жарандардын өз ара аракеттенүүсүнүн бул формасы Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде тамыр жайаарына дээрлик эч ким ишенген эмес. Бирок, COVID-19 пандемиясы чындыкты өзгөрттү жана мүмкүн болбогон нерсени мүмкүн кылды. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан (https://gb.minfin.kg/) Онлайн Жарандык бюджет аттуу веб-багытындагы ресурста кайтарым байланыш функциясы даярдалып, ишке берилген. Буга чейин ресурс бюджеттик маалыматты жарандар үчүн жеткиликтүү жарандык бюджет форматында жайгаштырууга гана уруксат берсе, 2021-жылы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында ӨСИ кошумча функцияларды иштеп чыгып, киргизди. Бул функциялар жарандарга суроолорун узатып, аларга жооп алып, сунуштарын бере тургандай шарттарды түзүп, ресурсту интерактивдүү кылды.

Инклюзивдүү жана туруктуу өнүгүү

Жергиликтүү өнүгүүнү пландаштыруунун элементи бар бардык долбоорлордо ӨСИ процессти үч өңүттө жакшыртууга умтулат:

  • 1) жарандардын катышуусун кеңейтүү жана жарандардын кызыкчылыктары менен керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эске алуу (анын ичинде IT технологияларды колдонуу менен);
  • 2) иш жүзүндөгү маалыматтарды пайдалануу процессин, анын ичинде маалыматтарды жыйноонун жана иштеп чыгуунун санариптик ыкмаларын пайдалануу процессин өркүндөтүү;
  • 3) тигил же бул коомдук ыйгарым укуктардын жана функциялардын жоопкерчилигине карабастан, жарандардын бардык көйгөйлөрүн чечүүгө таасир этүүгө мүмкүндүк берүүчү комплекстүү пландаштыруу системасын түзүүгө көмөктөшүү.

2021-жылы калктын кызыкчылыктарын мүмкүн болушунча эсепке алуунун багытында ӨСИ пландаштырууга инклюзивдүү ыкмаларды киргизүүнүн үстүнөн жигердүү иш алып барды. Алсак, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун (ЖДККЖ) алкагында Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 47 муниципалитети 4 жарандык коом уюмунун жана жергиликтүү тренерлердин колдоосу менен социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жергиликтүү программаларын гендердик жана социалдык өңүттөрдү эске алуу менен түзүп, актуалдаштыруу боюнча окуудан өтүштү. GIZ Долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун 4 муниципалитетинде жергиликтүү инклюзивдүү өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу улантылды. ӨСИ пландоо процессинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү пландаштырууда жана уюштурууда муниципалитеттер ортосундагы кызматташуунун ыкмаларына өзгөчө басым жасайт. Токтогул районунун Абды Сүйөркулов жана Жаңы-Жол айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы дренаждык жана сугат каналдарын тазалоо аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында муниципалитеттер ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишимдер даярдалып, түзүлдү. ЖДККЖ Долбоорунун алкагында 2021-жылы 4 түрдүү багытта муниципалитеттер арасында тейлөөнүн 5 схемасы ишке ашырылган.

ЖӨБдүн кадрдык потенциалын күчөтүү

2021-жылы Кыргызстанда Мамлекеттик кадр кызматынын күч-аракети менен түзүлгөн жана колдоого алынган муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун колдонуудагы мамлекеттик системасында өзгөрүүлөр орун алды. Мамлекеттик кадр кызматы жоюлуп, мамлекеттик окутууга мамлекеттик тапшырык системасы кайра башкача болуп түзүлдү. Системанын туруктуулугуна байланыштуу жаңы тобокелдиктер пайда болду, бирок жалпысынан ал сакталып калды. Ошол эле маалда мамлекеттик система дагы эле болсо ЖӨБ органдарынын билимге жана көндүмгө болгон бардык керектөөлөрүн канааттандыра албай жатат. Бул боштукту түшүнүп, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында ӨСИ 2020-жылы Квалификацияны жогорулатуунун келечектеги системасына көз карашты даярдады1, муну жалпысынан кызыкдар тараптар колдоого алышты. 2021-жылы ӨСИ жогоруда сунушталган көз карашты иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча ырааттуу ишин улантты. Борбордук Азиянын Жергиликтүү  башкаруу академиясын (мындан ары – БАЖБА) түзүү аркылуу ЖӨБ органдарынын ведомстволук окуусун уюштуруу үчүн инфраструктурадагы боштукту толтуруу маанилүү жетишкендик болду. Бул Академия Кыргызстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун муктаждыктарына жооп кайтаруу максатында түзүлгөн. Академия муниципалдык кызматчыларды жана жергиликтүү жамааттарды жеткиликтүү маалыматтык-аналитикалык ресурс менен камсыз кылып, окутат, бул окуу башкаруу органдарын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыктарын колдоо

ӨСИ үчүн 2021-жыл толугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетишилген деңгээлин сактап калуу урааны астында өттү. Жалпы саясий кырдаал, эпидемиядан улам келип чыккан кризис, башкарууну күчөтүү каалоосу жергиликтүү өз алдынча башкарууну аялуу абалга кептеди, себеби чектөөлөр биринчи кезекте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзүнүн бардык функцияларын толук аткаруу мүмкүнчүлүгүнө таасир этти. Жетишилген денгээлди сактап калууга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сакталып калышын атасак болот. Андан соң мыйзамдарда позицияларды кармап калуу жаатында көп иштер жасалды, аларды негизинен ЭҮЖОБОЖ Долбоору аткарды.

Коалициялар жана өнөктөштүк

ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө ӨСИнин стратегиясы ченемдик укуктук базаны өзгөртүү процессинде ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын ЖӨБ Союзу толугу менен камсыз кылуусуна багытталган. Ошондуктан, бардык долбоорлордун алкагында ӨСИ ЖӨБ Союзу менен коалицияда, же анын атынан ушул багытта иш алып барууга умтулат. ӨСИ ЖӨБ Союзу жана башка жарандык коом уюмдары менен коалицияда ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жаңы мыйзамда жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүн колдой алды, бирок жарандардын ЖӨБ органдарынын башчыларын кыйыр шайлоо аркылуу кадр маселелерине таасир этүү мүмкүнчүлүгү олуттуу чектелген. Жарандык коомдун коалицияларынын арасында ӨСИнин өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейткени маанилүү жыйынтык болуп саналат. EGED долбоорунун алкагында жарандык коомдун коалициясы болгон жаңы уюмдар менен байланыш түзүү мүмкүн болду. БАЖБА менен биргеликте ӨСИ Борбордук Азиядагы өлкөлөр – Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын өкмөттүк эмес уюмдары менен өнөктөш мамилелерди түздү, ӨСИ 2021-жылдын этегинен баштап борбор азиялык гендердик контекстти аныктоо боюнча долбоорду ишке ашырууга киришти.

Институционалдык өнүгүү

ӨСИнин командасы уюмдун эң маанилүү активи болуп саналат. Экспертизанын, ишти уюштуруунун жогорку деңгээли, ийкемдүүлүк жана кызматкерлердин жаңы тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүүлүгү ӨСИге ресурстар үчүн ийгиликтүү атаандашууга мүмкүндүк берет. ӨСИнин туруктуу же жарым-жартылай тартылган кызматкерлеринин курамында аялдар басымдуулук кылат – 57% түзөт. ӨСИнин кадрдык курамы өзгөчө туруктуу, негизги кызматкерлер жана консультанттар уюм менен 10 же андан ашык жыл иштешип келүүдө. Буга чейин ишке ашырылып келген USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун экинчи фазасын аткарууга жарыяланган конкурста жеңиш донорлор менен мамилелерди түзүү чөйрөсүндө ӨСИнин эң маанилүү жетишкендиги болду. Бул Кыргызстандын тарыхында өнүктүрүү боюнча өнөктөштүн долбоорун түздөн-түз ишке ашырган жергиликтүү КЭУнун алгачкы мисалы болуп саналат. USAID жергиликтүү уюмдар арасында конкурс жарыялаган жана ӨСИнин олуттуу тажрыйбасына карабастан, бул мүмкүнчүлүк үчүн атаандаштык курч болду.

Башкаруунун сапатына коюлган жогорку талаптарга жакшыраак жооп берүү үчүн ӨСИ 2021-жылы башкарууну өркүндөтүү боюнча масштабдуу иштерди баштады, бул кошумча экспертизаны тартууну, ӨСИнин көптөгөн саясатынын жаңы редакцияларын даярдоону талап кылды. Ошентип, ӨСИ үйрөнгөн сабактардын негизинде башкаруунун ийкемдүү ыкмаларын колдонуу менен татаал чөйрөдө бир кыйла ийгиликтүү ишин улантууда. 2022-жылы ӨСИ өзүнүн келечегин жакшыраак элестетүү үчүн учурдагы өнүгүү стратегиясын кайра карап чыгышы керек.

Толук окуу...

_____________ 

1 Толук маалымат “Муниципалитет” журналында бар: http://www. municipalitet.kg/ru/article/full/2452.html

 

Окшош материалы: