Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Европа Биримдиги ЖӨБ органдарына чыр-чатактардын алдын алууга техникалык жардам көрсөтөт

2022-06-01 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Европа Биримдиги ЖӨБ органдарына чыр-чатактардын алдын алууга техникалык жардам көрсөтөт

2022-жылдын 29-апрелинде Бишкекте Европа Биримдигинен техникалык жардам алып, “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун алкагында жабдууларды өткөрүп берүүгө гранттык макулдашууларга кол коюлду.

“Ынтымактуу жашоо” долбоорун Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте “International Alert” эл аралык уюму ишке ашырып келатат.

Гранттык макулдашуулар Өнүктүрүү саясат институту менен төмөнкүлөр ортосунда тузүлдү1:

  • Чүй облусунун Курама айыл өкмөтү,
  • Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясы,
  • Чүй облусунун Ленин айыл өкмөтү,
  • Баткен облусунун Сумбула айыл өкмөтү.

Ар бир муниципалитетке ноутбуктар, проекторлор жана экрандар, колонкалар, wi-fi роутерлер жана көп функциялуу түзүлүш, сканер ж.б. түрүндөгү техникалык жардамдар берилди, бул жабдуулардын суммасы болжол менен 144 миң сомду (1500 евро) түзөт.

“Алынган жабдуулар чыр-чатактын эрте алдын алуу боюнча биргелешкен инклюзивдүү чараларды көрүү үчүн ЖӨБ органдарынын жана жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) жергиликтүү жарандык жамаат менен эриш-аркак ишине колдоо көрсөтүү, жамааттын кеңири чөйрөсүн чыр-чатактарды талдоо ыкмаларына үйрөтүү жана жергиликтүү деңгээлде чыр-чатактардын эрте алдын алуу боюнча ЖӨБ органдарынын дараметин бекемдөө үчүн колдонулат. Гранттар ошондой эле “Кыргыз жараны” Концепциясын ишке ашыруу, кылмыштуулуктун алдын алуу жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча муниципалитеттердин иш пландарын ишке ашырууга көмөктөшөт”, - деди Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА.

Бүгүнкү күндө Европа Биримдигинин гранттык каражатына долбоор менен кызматташкан бардык 25 муниципалитетке техникалык жардам көрсөтүлдү. 

_____________

1 “Ынтымактуу жашоо” долбоору International Alert командасы тарабынан Улуттук Медиация Борбору жана Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө Европа Биримдигинин колдоосу менен бүткүл Кыргызстан боюнча ишке ашырылып келет. Долбоор Кыргызстанда активдүү жаштарды, жарандык коомду жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын социалдык чыр-чатактарды алдын алууда, тартип жана укукту камсыздоодо колдоо үчүн, ошондой эле Кыргызстандын тандалып алынган 25 локациясында медиация жөндөмдөрүнө үйрөтүү боюнча платформаны түзүү үстүндө иш алып барат. Толук маалымат алуу үчүн: www.international-alert.org

Окшош материалы: