Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Казармандагы “Ынтымактуу жашоо”: ынтымактуу эл – көрктүү айыл

2022-06-01 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Казармандагы “Ынтымактуу жашоо”: ынтымактуу эл – көрктүү айыл

2022-жылдын 11-майында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айылдык аймагына караштуу Казарман айылында “Ынтымактуу эл

Бул демилгени Каргалык айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары колдоого алып, Казарман айылынын демилгелүү жаштар тобу ишке ашырышты. Каргалык айыл аймагынын Казарман айылында көрктөндүрүү жана жашылдандырууну жакшыртуу мисалы аркылуу жергиликтүү демилгелерге жергиликтүү жамаатты катыштырып, айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө коомчулукту салым кошууга тартуу; элет жергесиндеги көйгөйлөрдү чыр-чатаксыз ынтымакта биргелишип чечүүгө, айыл аймагынын өнүгүү программасын биргелешип түзүүгө чакыруу долбоордун максаты болду.

“Бүгүнкү күндө жергиликтүү жашоочулар ЖӨБ органдарын айыл аймагындагы таштандыларды чыгаруу, айылды көрктөндүрүү иштерин жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүлөрдү “уюштурбайт”, “аткарбайт” деп күнөөлөп келет. Бирок ошол эле тургундар, активисттер жана лидерлер ЖӨБ органдары уюштурган коомдук угууларга, чогулуштарга деле катышпастан, жергиликтүү бюджет кантип, кимге, эмнелерге бөлүнүп жатканын биле беришпейт. Натыйжада, алар маалыматтан артта калып, өздөрү кандай кызмат көрсөтүүлөрдү алууга укуктуу жана милдеттүү болгонун түшүнүшпөйт, ал тургай айрым чогулуштарда орой мамилесин көрсөтүп, ар кандай деңгээлдеги чыр-чатактарга себепчи болушат. Бирок, тилекке каршы, иш жүзүндө ошол маселелерди чечүүгө эч ким демилге көтөрүп, сунуш киргизип же өз ыктыяры менен катышпайт! Жаштарды жергиликтүү өз алдынча башкарууга тартып, өзүн көрсөтүүгө, идеяларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн ЖӨБ органы “Жергиликтүү демилге” аттуу конкурсту уюштурду. 

Казарман айылынын демилгелүү жаштар тобу Каргалык айыл өкмөтү уюштурган бул конкурска катышып, жеңүүчү деп табылган соң, Казарман айылындагы борбордук Т.Жээналиев көчөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан жолдун боюндагы мекемелердин сырткы фасадына 9 темирден кооздолуп жасалган 9 челектүү гүл койгуч жана 63 гүл челеги оронотулган. Гүл челектерди орноткондон кийин ишке ашырган жергиликтүү демилгени мисал көрсөтүү менен, жергиликтүү маанидеги башка маселелерге да жамаатты катышууга тартууга багытталган дагы бир топ иш-чаралар өткөрүлөт”, - деди комиссиянын мүчөсү Алтынай ЖЕҢИШОВА.

Аталган 7 челектүү гүл койгучту сатып алууга Европа Биримдигинин колдоосу менен “International Alert” командасы ишке ашырган “Ынтымактуу жашоо” долбоору1 144 миң сом өлчөмүндө гранттык каражат бөлүп берген. Каргалык айылдык аймагы – Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен өнөктөштүктө Европа Биримдигинин колдоосу менен “International Alert” командасы ишке ашырган “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун Кыргызстандагы 25 өнөктөш локацияларынын бири.

____________ 

1 “International Alert” уюму Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте Кыргызстанда социалдык чыр-чатактарды алдын алууда, укук тартибин сактоодо жигердүү жаштарга, жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын тандалып алынган 25 жеринде медиациянын көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн аянтча түзүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Кененирээк маалымат алуу үчүн: www.international-alert.org

Окшош материалы: