Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тоңдогу “Ынтымактуу жашоо”: интернетсиз бир күн

2022-06-01 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Тоңдогу “Ынтымактуу жашоо”: интернетсиз бир күн

2022-жылдын 16-апрелинде Ысык-Көл облусунун Түп айылдык аймагында жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга багытталган иш-чара өттү.

Иш-чара “Интернетсиз бир күн” деген темада уюштурулуп, интеллектуалдык оюндардын форматында өткөрүлдү.

Түп айылдык аймагынын ЖӨБ органдары уюштурган бул иш-чара “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Аталган долбоорду Европа Биримдиги каржылап, Улуттук медиация борбору жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) менен өнөктөштүктө “International Alert” эл аралык уюму ишке ашырып келүүдө.

Иш-чара Түп айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Европа биримдигинин “Ынтымактуу жашоо” долбоорунун алкагында “International Alert” эл аралык уюму Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте ишке ашырылды.

“International Alert” уюму Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук медиация борбору менен биргеликте Кыргызстанда социалдык чыр-чатактарды алдын алууда, укук тартибин сактоодо жигердүү жаштарга, жарандык коомго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргызстандын тандалып алынган 25 жеринде медиациянын көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн аянтча түзүүнүн үстүнөн иш алып барууда. Кененирээк маалымат алуу үчүн: www.international-alert.org

Окшош материалы: