Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкарууда аялдардын лидерлигине көмөк көрсөтүү

2022-06-01 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Жергиликтүү өз алдынча башкарууда аялдардын лидерлигине көмөк көрсөтүү

2022-жылдын 15-16-апрель күндөрү Орловка, Кемин, Токмок, Кант, Шопоков, Кара-Балта жана Кайыңды шаардык кеңештеринин аял депутаттары үчүн көчмө семинар өткөрүлдү.

“Кыргызстан Аялдарынын Демократиялык Тармагы” коомдук фонду (АДТ) уюштурган семинарда ӨСИнин консультанты  Элина САККАРАЕВА катышуучуларга шаардык кеңештерге жана ЖӨБ органдарына жардам берген санариптик технологиялар жөнүндө айтып берди. Булар - ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы (myktyaimak.gov.kg) жана gb.minfin.kg веб-тиркемеси.

Иш-чаранын максаты – жергиликтүү өз алдынча башкарууда аялдардын лидерлигине көмөк көрсөтүү үчүн горизонталдык байланышты бекемдөө жана Чүй облусунун шаардык кеңештеринин аял депутаттарынын потенциалын жогорулатуу. Катышуучулар ошондой эле панелдик дискуссиялардын жүрүшүндө саясий партиялардагы аялдардын ролун, шаардык жана жергиликтүү кеңештердин деңгээлинде чечимдерди кабыл алуу процессинде гендердик өңүттөрдү талкуулашты, тажрыйба, маалымат менен бөлүшүп, алынган сабактар тууралуу ой бөлүшүп, практикалык сунуштарды беришти.

Окшош материалы: