Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү үчүн эдвокаси-потенциалды жогорулатуу боюнча тренинг өткөрдү

2022-06-01 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

2022-жылдын 21-22-апрель күндөрү Бишкекте “ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн коалицияларды жана маалыматтык-коммуникациялык пландарды түзүү” темасында тренинг өттү.

Иш-чараны “Жарандык катышуу” коомдук фонду уюштурган, ал USAIDдин ӨСИ ишке ашырган “Ийгиликтүү аймак-2” Долбоорунун колдоосу менен өттү. Тренингге дирекциянын кызматкерлери жана ЖӨБ Союзунун мүчөлөрү катышты.

“ЖӨБдүн жана жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыктарын көздөп, коргогон уюм катары КР ЖӨБ Союзу улуттук деңгээлде дайыма диалогго катышып келет. Союз ЖӨБ органдары жана жергиликтүү жамааттар туш болгон кыйынчылыктарды изилдеп, талдап, маалыматтарды, жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү актуалдуу маселелерди чечүү боюнча өз сунуштарын борбордук башкаруу органдарына берип турат. Маалыматты кантип жакшыраак жеткирүү керек, диалогду кантип түзүш керек жана конструктивдүү талкууга башка кызыкдар тараптарды кантип тартса болот – мына ушул суроолорго Союздун дирекциясынын кызматкерлери “Жарандык катышуу” коомдук фондунун кесипкөйлөрү менен биргеликте тренингде жооп табышат”, - дейт USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жетекчиси Сабина ГРАДВАЛЬ.

Эки күндүк тренинг маалында катышуучуларга коомчулук менен байланыш системасынын ролу жана коммуникациянын негизги тенденциялары боюнча билимдерин бекемдөөгө жана коалициялардын курамында эки эдвокаси-өнөктүгүн ишке ашыруу үчүн коммуникациялык планды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берилди.

Тренинг маалында каралган негизги суроолор: 

  • Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн саясатта оң өзгөрүүлөргө жетишип, жеткилең эмес мыйзамдарды өзгөртүү үчүн бардык деңгээлдеги чечимдерди кабыл алган адамдардын көңүлүн кантип буруу керек?
  • Ар кандай кызыкдар тараптарды жергиликтүү деңгээлдеги маанилүү маселелерди/көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу үчүн кантип активдештирсе болот?

Тренер катары Артур САРКИСОВ1 жана Гүлгакы МАМАСАЛИЕВА2 чакырылган.

_____________ 

1 Уюштуруучулук өнүгүүгө, стратегиялык жана оперативдүү пландаштырууга, лидерликке жана жетекчиликке, коомчулук менен байланышка, кызмат көрсөтүүнүн сапатын башкарууга байланышкан түрдүү маселелер боюнча тренер. Коммерциялык эмес уюмдардын потенциалын жогорулатуу пландарын иштеп чыгуу, бизнес-процесстерге SMMди киргизүү, кызматтын ребрендинг процессин координациялоо жана медиа-ресурстардын ишин системалаштыруу боюнча практикалык көндүмдөрү бар.

2 2002-жылдан бери жергиликтүү деңгээлде жарандык катышуу боюнча практикалык эксперт/консультант. Жергиликтүү бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусу, мамлекеттик жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө коомдук мониторинг жүргүзүү, ЖӨБ органдарынын ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу механизмдерин киргизүү өңдүү багыттарда иш жүргүзөт.

Окшош материалы: