Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнөктөштүк – USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун маанилүү принциби

2022-07-04 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Өнөктөштүк – USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун маанилүү принциби

Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну ийгиликтүү өнүктүрүүдө чоң тажрыйбасы бар Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун негизги уюштуруучу-аткаруучусу болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн ӨСИ командасына башка алдыңкы жергиликтүү уюмдарды чакырды. Муну менен ӨСИ өз тажрыйбасын кошумча мүмкүнчүлүктөр менен бекемдеп, узак мөөнөттүү планда биргелешкен иш-аракеттердин жоопкерчилигин жана туруктуулугун жогорулатуу максатын көздөдү.

Бул максатта USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) менен гранттык келишимдерди түздү, алар долбоорду бир нече багытта ишке ашырууга көмөктөшөт – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ЖӨБ) кызыкчылыктарын илгерилетүү, билимди башкаруу, ЖӨБ органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу, инклюзивдүү экономикалык өнүгүү жана санариптик механизмдер аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө көмөктөшүү.

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) билимди жана потенциалды өнүктүрүү боюнча өнөктөш катары жылдар бою топтолгон билимди жана көндүмдөрдү кызыкдар ЖӨБ органдарына туруктуу өткөрүп берүү үчүн институционалдык негизди камсыз кылып берет. Долбоордун алкагында БАЖБА ЖӨБ органдарынын ортосунда тажрыйба алмашууну жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда жана жеткирүүдө билимди башкаруунун туруктуулугун камсыз кылат.

Жарандык коомдун ичинен өнөктөш болгон “Жарандык катышуу” коомдук фондуна долбоордун негизги өнөктөштөрүнүн бири,КР ЖӨБ Союзунун потенциалын өнүктүрүү жана анын ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү ролу ыйгарылган. Долбоордун алкагында “Жарандык катышуу” фонду адвокация, гендердик маселелер, үй-бүлөлүк зомбулук жана жарандык катышуу өңдүү маселелер менен алектенет.

Пилоттук жамааттардагы бардык социалдык топтордун кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун жана бирдей өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында долбоор Жарандык демилгелерди илгерилетүү альянсы (ЖДИА) менен өнөктөштүк мамилелерди түздү. Альянс жергиликтүү инклюзивдүү экономикалык өнүгүү (ЖИЭӨ) үчүн жергиликтүү жана эл аралык тажрыйбаны изилдеп чыгып, максаттуу муниципалитеттерде инклюзивдүү жергиликтүү өнүгүү үчүн далилденген жана натыйжалуу моделдерди сунуштайт.

Долбоор ошондой эле “Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” коомдук фонду менен өнөктөштүк түздү. Келишимге ылайык, фонд калктын муктаждыктарын изилдөөгө жана муниципалитеттердин ишмердүүлүгүн баалаганга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган  санариптик механизмдерди ишке киргизүүгө жардам берет.

 

Окшош материалы: