Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Чолпон-Ата шаарынын мэриясына муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга жардам берет

2022-07-04 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору Чолпон-Ата шаарынын мэриясына муниципалдык менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга жардам берет

2022-жылдын 2-июнунда долбоор Чолпон-Ата шаарынын мэриясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Меморандумга ылайык USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору мэрияга муниципалдык менчикти башкаруу системасын жакшыртууга жардам берет.

Меморандумга кол коюу аземине Чолпон-Ата шаарынын мэри Бердибек ИМАНБЕКОВ, вице-мэр Азамат ТУРДУБЕКОВ жана Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Камчыбек АСАНАЛИЕВ катышты. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун атынан долбоордун жетекчисинин орун басары Улара НАРУСБАЕВА, үчүнчү компоненттин координатору Бакытбек АЙТКУЛОВ жана Ысык-Көл облусу боюнча аймактык координатор Руслан ДОСАЛИЕВ катышты.

Муниципалдык менчикти башкаруунун учурдагы абалы жана андагы көйгөйлөр терең тамыр жайган жана өлкөнүн көптөгөн муниципалитеттери үчүн абал окшош. Шаарда муниципалдык менчикти башкаруу процесстерин өркүндөтүү, инвентаризация маселелерин чечүү жана реестрлерди түзүү, документтерди мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүү жана кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу зарыл.

Маселени чечүү комплекстүү мамилени талап кылат. Техникалык жардам көрсөтүүнүн алкагында тараптар Чолпон-Ата шаарындагы муниципалдык менчикти башкаруу системасын өнүктүрүү планын төмөнкү багыттар боюнча ишке ашырууну макулдашышты:

  • Муниципалдык менчик башкармалыгынын (ММБ) штаттык санын ирээтке келтирүү жана бекемдөө, ошондой эле ММБнын жана мэриянын кызматкерлерин муниципалдык менчикти башкаруунун негиздерине окутуу;
  • депутаттарды муниципалдык менчикти башкаруунун негиздерине окутуу; 
  • муниципалдык менчикти башкаруу жана реестрлерди жүргүзүү, муниципалдык менчикти эсепке алуу боюнча документтердин формаларын жана келишимдик мамилелерди жөнгө салуучу жана регламенттештирүүчү жоболорду даярдап, ишке ашырууда эксперттик колдоо көрсөтүү;
  • буга чейин муниципалдык менчикке өткөрүлгөн муниципалдык менчик объекттерине укуктарды мамлекеттик каттоону жүргүзүү жана “кызыл китептерди” алуу;
  • объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жана өткөрүп берүү актыларын түзүү, муниципалдык менчиктин реестрин бекитүү боюнча иш-чараларды өткөрүү, маалыматтарды муниципалдык менчиктин реестрлеринин бекитилген формаларына өткөрүү;
  • муниципалдык менчик жөнүндө маалыматты электрондук форматка өткөрүү боюнча иш-чаралар;
  • Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчик реестрлеринин маалыматтарын кеңири коомчулукка жайылтуунун жеткиликтүү аспаптарын колдонуу менен жарыялоо жөнүндө чечимди демилгелөө жана кабыл алуу;
  • ижара жана муниципалдык менчикке өткөрүү укуктары жөнүндө электрондук тоорук практикасын киргизүү;
  • башкаруу процесстерин жакшыртуу.

Мындан тышкары, кызматташуунун алкагында Чолпон-Ата шаарынын мэриясы мэриянын ишинин натыйжалуулугун жана жарандардын ишеним деңгээлин жана кабылдоосун баалоо ыкмасына ээ болот, бул ыкма шаарда жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыраак уюштурууга жардам берет.

Мэриянын өкүлдөрү ошондой эле коомдук бюджеттик угууларды (КБУ) өткөрүү методикасы, КР Финансы министрлигинин сайтында (https://gb.minfin.kg/) Жарандык бюджетти толтуруу жана өз иши жөнүндө жарандарга үзгүлтүксүз маалымдоо жана башкаруунун ачыктыгын жогорулатуу максатында коммуникациялык планды даярдоо боюнча билим алышат.

Окшош материалы: