Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттери боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн методикасы бекитилди

2022-07-04 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттери боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн методикасы бекитилди

Документ ЖӨБ органдарына жарандардын жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышуу боюнча конституциялык укуктарын камсыз кылууда методикалык жардам көрсөтөт, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин иш жүзүндө сарпталган каражаттары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет.

Маселенин чоо-жайы

2020-жылы дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасында COVID-19 вирусунун жайылышынан улам эпидемия башталган. Бул жагдай ар кандай эпидемиологиялык талаптарды киргизип, сактоо зарылчылыгын жаратып, коомдук турмушка олуттуу өзгөрүүлөр киргизилген, мунун баары жарандардын укуктарын ишке ашыруунун механизмдерин жана алардын чечимдерди кабыл алуу процесстерине катышуусун башкача түзүп чыгууну талап кылды. Чогулуштарды, анын ичинде жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдүн шартында жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу укугун камсыздоо кайра түзүүнүн негизги максаты болду.

Алсак, 2020-жылы шаарлардын жана айыл аймактардын басымдуу көпчүлүгүндө жергиликтүү бюджеттер коомдук бюджеттик угууларды өткөрбөстөн эле кабыл алынган. Муну менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ) жарандардын жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө сарпталган каражаттар жөнүндө маалыматтарды алууга конституциялык укуктары камсыз кылынбай калган.

Эмнелер жасалды?

Көйгөйдү чечүү үчүн көп сандагы жарандарды бир жерге чогултпастан талкууларды уюштурууга мүмкүндүк берген коомдук угууларды өткөрүүнүн жаңы формаларын түзүү зарылчылыгы келип чыккан. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги №44-Б буйругу менен бекитилип, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттери боюнча коомдук угууларды өткөрүү боюнча ошол маалда иштеп жаткан методикалык колдонмо коомдук бюджеттик угууларды даярдоонун жана өткөрүүнүн тартибин аныктап, жергиликтүү бийлик органдарына пайдаланууга сунушталган эле. Бирок, методикалык колдонмо коомдук бюджеттик угууларды жарандардын түздөн-түз катышуусу (офлайн) түрүндө гана өткөргөн учурларда жогорудагы маселелерди жөнгө салган.

Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ долбоору) КР Финансы министрлиги (мындан ары – КР ФМ) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттери боюнча коомдук бюджеттик угууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн жаңы методикасын (мындан ары – Методика) иштеп чыкты. Методика КР Финансы министрлигинин 2022-жылдын 14-майындагы 84-Б буйругу менен бекитилген. Жарандар буйруктун толук тексти жана Методика менен ушул макалада көрсөтүлгөн QR код аркылуу тааныша алышат.

Методика тууралуу кыскача маалымат

Методика эки бөлүктөн турат: биринчи бөлүк коомдук бюджеттик угууларды толук убакыт (офлайн) түрдө өткөрүүнүн тартибин аныктайт. Толук убакыт (офлайн) форматында угуулардын катышуучулары бул иш-чарага түздөн-түз катышып, материалдарды алып, өз пикирин билдирип, же сунуштамалар жана сунуштар менен таанышып чыгат дегенди билдирет. Экинчи бөлүк бюджет боюнча сырттан угууларды өткөрүүнүн тартибин аныктайт. Сырттан (онлайн) формадагы коомдук бюджеттик угуулар өлкөдө же анын аймагынын бир бөлүгүндө өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилгенде, адамдарды иш-чараларга чогултууга жана катышууга чектөө чаралары киргизилген өзгөчө учурларда, же ЖӨБ органдарынын чечими боюнча башка жагдайларда өткөрүлөт. Онлайн угуулар Zoom, Skype, WhatsApp, Telegram, Facebook ж.б. сыяктуу санариптик программаларды жана технологияларды колдонуу менен өткөрүлөт. Эки формада тең “Жергиликтүү жамааттын жарандык бюджети” аттуу веб багытындагы тиркемени колдонуу сунушталат (https://gb.minfin.kg), бул тиркемеде жарандар жергиликтүү бюджеттин тиешелүү долбоору жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун долбоору менен тааныша алышат. Колдонууга ыңгайлуу болушу үчүн Методикага коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн типтүү планы, программасы, өткөрүү эрежелери, жарандардын сын-пикирлери жана сунуштары үчүн бланк, кулактандыруу, чакыруулар ж.б. тиркелет.

Методика ЖӨБ органдарына кандай пайда алып келет?

Методика ЖӨБ органдарын өлкөдө же анын аймагынын бир бөлүгүндө өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилгенде, адамдарды иш-чараларга чогултууга жана катышууга чектөө чаралары киргизилген маалда коомдук бюджеттик угууларды онлайн формада өткөрүү үчүн укуктук негизди камсыздап, ошондой эле угуулар учурунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методикалык жардам көрсөтөт. Белгилей кетчү нерсе, ЖӨБ органдары чектөөлөрдүн шарттарында гана эмес, чектөө чараларына, өзгөчө абалга жана өзгөчө кырдаалга карабастан онлайн формада угууларды демилгелей алат. Эгерде айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү онлайн угуунун формасы үчүн добуш берсе, айыл өкмөтүнүн же шаардын жергиликтүү кеңешинин чечими менен коомдук талкууну аралыктан өткөрүү форматын колдонсо болот.

Методика боюнча маалымат өнөктүгү 

Долбоор 2022-жылдын 26-майынан 9-июнуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу, КР Финансы министрлиги, КР Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте аймактык жолугушууларды өткөрдү. Бул жолугушууларга айыл өкмөттөрүнүн жана райондук маанидеги шаарлардын финансы-экономика бөлүмдөрүнүн, облустук маанидеги шаардык финансы бөлүмдөрүнүн жана КР Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Методика менен тааныштыруу, катышуучулардын суроолоруна жооп берүү жана алдыдагы коомдук бюджеттик угуулардын графигин түзүү бул жолугушуулардын негизги темасы болду. Маселени толук жана тереңирээк изилдөө үчүн Методиканын басылган варианты ФЭБдин башчыларына, айыл өкмөт башчыларына, шаарлардын мэрлерине жана жергиликтүү кеңештердин төрагаларына таратылып берилди.

 

Окшош материалы: