Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аймактарды функционалдык зоналаштыруу: жаңы изилдөө өлкөдөгү административдик аймактык реформанын негизи боло алабы?

2022-07-04 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Аймактарды функционалдык зоналаштыруу: жаңы изилдөө өлкөдөгү административдик аймактык реформанын негизи боло алабы?

Административдик-аймактык реформа - бул башкаруу системасын кооптондурган, жарандарды “Муниципалитетим башкага бириксе, менин жашоом оңолобу?” деп түйшөлткөн татаал жана көп кырдуу процесс. Бирок мейкиндикти административдик уюштуруунун заманбап алдыңкы ыкмаларын колдонуу менен реформаны адамдарга жөнөкөй жана түшүнүктүү кылуунун жолдору бар. Ушундай ыкмалардын бири тууралуу 2022-жылдын 2-июнунда Бишкекте өткөн “Функционалдык зоналар” деп аталган семинар-талкууда Экономика жана коммерция министрлигинин эксперттери жана адистери сөз кылышты. Талкуу “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (ЖДКЖ Долбоору) алкагында уюштурулду. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас, Өнүктүрүү саясат институту жана КР ЖӨБ Союзу ишке ашырып келүүдө.

Хельветас уюмунун мамлекеттик башкаруу боюнча кеңешчиси Лидия БУДИСА административдик-аймактык уюштуруунун ыкмасы катары аймактардын функционалдык зоналары жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей: “Функционалдык зоналаштыруу аймактагы социалдык-экономикалык мамилелерди, товарлардын агымынын кыймылын жана кызмат көрсөтүү, билим берүү, жумуш, эс алуу кызмат көрсөтүүлөрүн алуу үчүн адамдардын ары-бери кыймылын изилдейт. Административдик-аймактык реформаны жүргүзүүдө тигил же бул аймактын экономикалык жана башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн гана эмес, жарандардын ыңгайлуулугун, керектөөлөрүн да эске алуу маанилүү. Кээде инженерлер ойлоп тапканга караганда, адамдар тебелеп-тепсеп койгон жерге жол курган жакшы. Функционалдык зона - бул тыгыз жана тез ишке ашкан социалдык-экономикалык өз ара аракеттенүү жана аймактагы мамлекеттик же муниципалдык түзүмдөрдүн биргелешкен ишмердүүлүгүн камтыган аймак. Ал дайыма эле тарыхый аймактык чек араларга же аймактын бирдигинин учурдагы административдик чектерине дал келе бербейт. Албетте, муниципалитеттерди ирилештирүү жөнүндө чечим кабыл алууда көптөгөн факторлорду жана шарттарды эске алуу керек, бирок адамдардын муктаждыктары сөзсүз эске алынууга тийиш”.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун менеджери Нурбек ИМАКЕЕВ Жалал-Абад облусунун үч районунун функционалдык талдоосунун пилоттук изилдөөсүнүн жыйынтыктары менен тааныштырды: “Жалпысынан алганда, адамдардын жер которуу чектери, функционалдык зоналар райондордун административдик чек аралары менен дал келген, бирок айрым айырмачылыктар да аныкталды. Тактап айтканда, райондордун башка аймактар менен тышкы байланыштары айкыныраак болду. Административдик бирдиктердин жаңы чектерин аныктоодо функционалдык зоналаштыруу ыкмасын колдонууну сунуштайбыз. Бул чара процесс маалында калктын катуу эмоцияларын жаратпайт, ыктымал чыр-чатактардын санын азайтууга мүмкүндүк берет”.

Ысык-Көл облусун реформалоо боюнча пилоттук долбоордун алкагында бул изилдөө аймактагы реформага “башат болуп берген” негиз катары кабыл алынышы мүмкүн.

Окшош материалы: