Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
Спорт кызмат көрсөтүүлөрүн кантип уюштурса болот?
“БАРС-МУРАС” СПОРТ КЛУБУНУН МИСАЛЫНДА ИСАНОВ ААДА СПОРТ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРҮН УЮШТУРУУ
Практика менен Ош облусунун Ноокат районундагы Исанов айыл өкмөтүндөгү клубдун жетекчиси Жоомарт НУРМАМАТОВ бөлүштү.
Исанов ААдагы спорт комплекси айылдын жаштарына сергек жашоо образын жүргүзүү, дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу, өнүккөн спорттук инфраструктурага жетүү үчүн шарттарды түзүү максатында ачылган.
Спорт комплексинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- калктын бардык катмары арасында, айрыкча жаштар арасында спорт менен машыгуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
- балдарды жана жаштарды дене тарбия жана спорт менен машыгууга, сергек жашоо образын жүргүзүүгө шыктандыруу.
Бирок, комплексти куруу кызмат көрсөтүүнү автоматтык түрдө уюштуруу дегенди билдирбейт, ошондуктан муниципалитет объектке “жан киргизүү” жөнүндө ойлонуп, аны жарандарга жагымдуу кыла алды. Дене тарбия, спорт менен машыгууну, сергек жашоо образын жүргүзүүнү калк арасында жайылтууга көңүл буруу чечими кабыл алынды. Кызмат көрсөтүүнү муниципалдык-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде уюштуруу, башкача айтканда секцияларды уюштуруу жана массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн жеке секторду тартуу чечими кабыл алынды. Кызмат көрсөтүүнү талаптагыдай уюштуруу үчүн тиешелүү стратегия иштелип чыккан, анын натыйжасында аймакта 155 тургунга эсептелген аялдар жана кыздар үчүн эркин күрөш жана фитнес бөлүмдөрү ачылган.
Каржылоонун жоктугунан улам секциялар иштебей калбашы үчүн кызмат көрсөтүү акынын негизинде уюштурулган. Кызмат көрсөтүү үчүн акы эсептелип чыгып, калк менен макулдашылып, айыл өкмөтүнүн чечими менен айына 200 сом деп бекитилген. Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу жөнүндө келишим жеке адам менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүлөрдүн ортосунда да тиешелүү келишимдер түзүлүп жатат. Кызмат талаптагыдай көрсөтүлүшү үчүн коомдук мониторинг тобу түзүлгөн.
Окшош материалы:
-
№12 (170) / 2025-12-30 Тажрыйба алмашуу сапарлары: муниципалитеттер муниципалдык ишканалардын иши жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү боюнча тажрыйбалары менен кантип бөлүшүүдө?
-
№12 (170) / 2025-12-30 Үйдөн полигонго чейин: калдыктарды иштетүүгө аялдарды кантип тартса болот? Коммуналдык калдыктарды иштетүү системасында гендердик теңчиликти жана социалдык инклюзияны талдоонун жыйынтыктары
-
№12 (170) / 2025-12-30 Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча комплекстүү окутуу: аймактарда жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр боюнча башкаруучулук компетенттүүлүк кантип өркүндөп жатат?
-
№12 (170) / 2025-12-30 Дараметти жогорулатууга гранттар: жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу кылган адамдарга инвестициялоо
-
№1 (159) / 2025-01-30 Мамлекеттик жана ЖӨБ органдары көрсөткөн жана уюштурган кызмат көрсөтүүлөргө жарандардын канааттануу деңгээлин баалоонун жыйынтыктары
-
№11 (157) / 2024-12-02 Маданият аркылуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: “Комуз” музыкалык ийрими
-
№11 (157) / 2024-12-02 Кара-Суу айылдык аймагында фитнестин жардамы менен элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Каркыранын кубулушу: Нуржандын таза жана дени сак коомго сапары
















