Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ кызматтары
Административдик кызмат көрсөтүүнү кантип жакшыртса болот?
АК-ЖАР ААДА “БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕ” ФОРМАТЫНДАГЫ АДМИНИСТРАТИВДИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ЖАКШЫРТУУ ПРАКТИКАСЫ
Ак-Жар айылдык аймагы жашоочулардын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу боюнча бир катар көйгөйлөрүн чечүү максатында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча борбор түзүү чечимин кабыл алган. Борбор түзүлгөнгө чейин Ак-Жар айыл аймагынын жашоочулары тийиштүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жана документтерди алуу үчүн райондук борборго бир нече жолу келип, кезекте турууга мажбур болчу. Алар муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү (маалымкаттарды, чечимдерди) алуу үчүн бир нече кабинетке кирип-чыгышы керек эле. Мындай жагдай жергиликтүү тургундарды абдан нааразы кылып келген.
Административдик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча демилгени Ат-Башы районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы колдоого алды. Ишке ашыруу процессинин этаптары төмөнкүдөй болду:
- артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү талкуулап, тандап алуу үчүн фокус-топту өткөрүү;
-
кызмат көрсөтүүнү уюштуруу планын иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүү;
-
тейлөөнү уюштуруу планын даярдоо;
-
өнөктөштөр менен кызматташуу тууралуу макулдашууну түзүү. Жергиликтүү мамлекеттик администрация; кадастр, архитектура, социалдык коргоо, Социалдык фонд жана айыл өкмөтү макулдашуунун катышуучулары болуп калышты;
-
“Бирдиктүү терезенин” регламентин даярдоо.
“Бирдиктүү терезенин” ачылышына айыл аймагынын жашоочулары абдан ыраазы, себеби алар тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү айыл аймагынын администрациялык имаратында уюштурулган бир жерден эле алып калышты.
Окшош материалы:
-
№11 (157) / 2024-12-02 Маданият аркылуу жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү: “Комуз” музыкалык ийрими
-
№11 (157) / 2024-12-02 Кара-Суу айылдык аймагында фитнестин жардамы менен элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү
-
№11 (157) / 2024-12-02 Каркыранын кубулушу: Нуржандын таза жана дени сак коомго сапары
-
№11 (157) / 2024-12-02 Катуу тиричилик калдыктарынын пайда болуу ченемдерин кантип эсептеп чыкса болот?
-
№10 (156) / 2024-11-07 Муниципалдык ишканалардын кызматкерлери: жаңы иш шарттары олуттуу көлөмдөгү билимди талап кылат
-
№10 (156) / 2024-11-07 Швейцария Өкмөтү Кыргызстандагы кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүүсүн улантууда: “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жаңы фазасы башталды
-
№10 (156) / 2024-11-07 102 000 жаран үчүн 43 кызмат көрсөтүү: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелеринде ЖӨБ органдарына колдоо көрсөтүүнүн баштапкы жыйынтыктарын чыгарды
-
№10 (156) / 2024-11-07 Окуу сапарлары кесипкөй жамааттарды түзөт: биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун мисалы