Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандык коом уюмдарынын коалициялары “Жумуштуулук. ишкердик. аял” темасы боюнча маалыматтарды колдонуу көндүмдөрүн өркүндөтүштү

2022-09-19 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Жарандык коом уюмдарынын коалициялары “Жумуштуулук. ишкердик. аял” темасы боюнча маалыматтарды колдонуу көндүмдөрүн өркүндөтүштү

2022-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Пресс-борборунда “Жумуштуулук. Ишкердик. Аял” темасында семинар өттү. Семинар “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” программасынын(EGED) финансылык колдоосу менен уюштурулду.

Ийгиликтүү адвокация, демилгелерди илгерилетүү, чечимдерди кабыл алуу процессине натыйжалуу катышуу үчүн мамлекет менен фактылардын тилинде сүйлөшүү, маалыматтарга таянуу, өз сунушун маалыматтар, статистика менен негиздей билүү зарыл. Адатта ЖКУлар ушул маалыматтарды издөөдө жана талдап чыгууда кыйналышат, статистикалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө нааразычылыгын билдирип келишет. Бирок КР Улуттук статистика комитети (УСК) өнүгүүнүн ар кандай багыттары боюнча чоң көлөмдөгү маалыматтарды жарыялап турат, алар жыл сайын Excel форматында да жеткиликтүү болууда. Ал тургай, УСК жарандык коом уюмдарынын коалициялары менен чогуу иш алып барууга да даяр, комитет алардын суроо-талабы боюнча коомдук кызыкчылыктарды илгерилетүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуп бере алат.

ЖКУ үчүн маалыматтарга жетүүнү жеңилдетүү, маалыматтарды пайдалануу жана талдоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып берип, мунун натыйжасында чечимдерди кабыл алууга катышуу процессинде көбүрөөк жыйынтыктарга жетүү үчүн УСК Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ЖКУ үчүн маалыматтык семинарлардын сериясын өткөрүүдө. Алгачкы бөлүгү “Жумуштуулук. Ишкердик. Аял” деп аталган маалыматтык семинардан башталат.

Семинардын катышуучуларынын алдында биринчилерден болуп Улуттук статкомдун төрагасынын биринчи орун басары Айнура ОРОЗБАЕВА жана “Өнүктүрүү саясат институту” КБнын башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА сөз сүйлөштү. Алар коомдук кызыкчылыктарды жана муктаждыктарды илгерилетүү үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды даярдоодо, ошондой эле Статком менен анын пайдалануучуларынын ортосунда аялдардын иш менен камсыз болушуна жана алардын ишкердиктеги ролуна тиешелүү статистикалык маалыматтарды жайылтуу боюнча Статком менен жарандык коомдун уюмдарынын ортосундагы үзүрлүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Маалыматтык семинардын жүрүшүндө ЖКУнун өкүлдөрү УСКнын сайтындагы маалыматтарды алганды жана навигацияны жакшыраак түшүнгөндү үйрөнүштү; “Жумуштуулук. Ишкердик. Аял” темасы боюнча маалыматтардын жеткиликтүү топтому менен таанышып чыгышты; УСКнын квалификациялуу адистерине конкреттүү көрсөткүчтөр жөнүндө суроолорду беришти; коомдук кызыкчылыктарды илгерилетүү жана коргоо үчүн зарыл болгон маалыматтарга болгон муктаждыктарын айтышты (бул суроо-талаптарды УСК талдап чыкмай болду).

Улуттук статкомдун кызматкерлери жарандык коомдун өкүлдөрүн Статкомдун расмий сайты, тармактар жана региондор боюнча иш менен камсыз кылуунун түзүмү, тармактар жана региондор боюнча ишкердиктин структурасы, жынысы, курагы жана аймактар боюнча ишкердикти өнүктүрүүнүн динамикасы ж. б. менен тааныштырышты.

Эске салсак, семинар Улуттук статком менен “Өнүктүрүү саясат институту” Коомдук бирикмесинин ортосунда буга чейин кол коюлган Кызматташтык жөнүндө Меморандумду ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Окшош материалы: