Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын ЖӨБ органдарынын урматтуу кызматкерлери жана жергиликтүү жамааттын лидерлери!

2012-12-11 / Актуалдуу тема

Бул чыгарылыштын өзөгүн Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн “Жергиликтүү демилге” сынагына айылдык аймактардын өкүлдөрү берген табыштамалар түзөт.

 

САБИНА ГРАДВАЛЬ, Швейцария Өкмөтү каржылаган, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчисинин орун басары
 
Сиздерге Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери арасында жүргүзүлгөн “Жергиликтүү демилге” сынагынын жыйынтыктарына арналган “Муниципалитет” илимий-популярдуу журналынын атайын чыгарылышын сунуш кылабыз. 
 
Бул чыгарылыштын өзөгүн Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлгөн “Жергиликтүү демилге” сынагына айылдык аймактардын өкүлдөрү берген табыштамалар түзөт. Журналдын бул атайын чыгарылышында ЖӨБ органдары менен жамааттардын кызматташуусунун тажрыйбалары тууралуу окуялар жарыяланган. Бул окуялардын башкы баалуулугу – алар Кыргызстанда, биздин эле кошуналардын колу менен ишке ашырылган жана башкалар үчүн үлгү боло алат.
 
Ар бир табыштама жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз жамаатындагы жашоону жакшыртуу ишине берилгендигин далилдейт. Табыштамалардын ар түрдүүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу өз калкынын жашоосунда кандай роль ойноорун көрсөтүп турат: жергиликтүү демилгелердин мисалдары калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга, ЖӨБ органдарынын ишинин айкындуулугуна, ЖӨБ органдарынын калк алдында жоопкерчилигине, жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартууга, жарандардын бюджеттик процесске катышуусуна тиешелүү. Башкача айтканда табыштамалар элет тургундары ЖӨБ органдары менен биргеликте алардын жашоосу көз каранды болгон, биринчи кезекте өздөрү үчүн маанилүү болгон көйгөйлөрүн чечкенин баяндап берет. Табыштамаларда муниципалитеттер (тургундар жана ЖӨБ органдары) көчөлөрдү жарыктандырганы, суу түтүк системасын оңдогону, көпүрөлөрдү куруп, оңдоп-түзөгөнү, мектептерге, ФАПтарга жана балдар бакчаларына, спорттук имараттарга, китепканаларга байланыштуу кырдаалды кантип жакшыртканы тууралуу мисалдар абдан көп. Бир катар мисалдар таштанды чыгаруу өңдүү “жөнөкөй” күнүмдүк көйгөйгө арналган. Башка бир табыштамалар калкты маалымдоо, айыл чарбаны, инвестицияларды өнүктүрүү жана жергиликтүү ишкерлер үчүн ылайыктуу шарт түзүү тууралуу баяндап берет.
 
Айрым табыштамалар кайсы бир конкреттүү маселе кантип чечилгенине арналган. Бирок адатта биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаат менен биргеликте бүгүнкү күндөгү маселелерди чечүүгө гана эмес, ошону менен бирге келечектеги чакырыктарга жооп берүүгө да багытталган өз ара мамилелер системасын түзүп жатканынын сүрөттөлүшүн көрүүдөбүз. Муну жасоо менен алар утурумдук чечимдерди гана камсыздабастан, ошону менен катар ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕНИ институционалдаштырышууда.
 
Бул жыйнак адам ресурстары – бул биздин айылдардын, негизи эле жалпысынан өлкөнүн негизги ресурстары болгонун миңинчи жолу тастыктоодо. Эгерде сөз конструктивдүү нерселер, кайрымдуу иштер тууралуу жүрсө, мунасага келсе болоору да тастыкталып жатат. Болбосо ремонттолгон, жарык жана таза көчөлөрдү кайрымдуу иштер дебегенде эмне дейбиз?
 
Сынакка жалпысынан 31 табыштама түштү. Мүмкүн болушунча бейтараптуулукту камсыздоо үчүн бардык табыштамалар коддолуп, сынак комиссиясынын мүчөлөрүнө берилди. Ар бир табыштамага жеке баа берүүдөн кийин комиссиянын мүчөлөрү жыйынтыгын чыгарды.
 
1-орун – “Салыктар – бул калктын жашоосун жакшыртуу. Т.Жайылов көч. боюнча жарык өткөрүү”, Жалал-Абад облусундагы Бел-Алды АА (табыштаманы берген – Майрам Жакыпова, АӨ кызматкери), байге – 50 000 сом. 
 
2-орун – “Муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүндө айкындуулукту камсыздоого көмөктөшүү”, Ысык-Көл облусундагы Болот Мамбетов АА (табыштаманы берген – Зинагүл Кыдырмышева, Элеттик ден соолук комитети), байге – 30 000 сом.
 
3-орун – “Биз баарыбыз таза айыл үчүн!”, ЫсыкөКөл облусундагы Кара-Жал АА (табыштаманы берген –Айнакан Намазова, Ысык-Көлдүн Аялдар жамаатынын ассоциациясы), байге – 17 000 сом. 
 
Ошондой эле жергиликтүү демилгелерди баса белгилеп, 10 айылдык аймакка 6 000 сом өлчөмүндө шыктандыруучу байге берүү чечими кабыл алынды. Алар: Жерге-Тал, Төрт-Күл, Арал, Бостери, Көк-Таш, Сакалды, Жаңы-Жол, Сумсар, Багыш, Тогуз-Торо АА. 
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадырлуу кызматкерлери!
 
Биз акча чакан болгонун түшүнүп турабыз. Бирок ар бир окуяда жашоо шартты жакшыртуу, жердештердин алкышы акчадан да маанилүү эмеспи. Ал эми бул болсо сиз өз жамаатыңыздан алган жана күн сайын алып келаткан эң башкы байге!
 
Сынактын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин (Абдраева Н.), “Ачык бюджет үчүн” альянсынын (Павлова Н.) жана Өнүктүрүү саясат институтунун (Керимова Ж.)өкүлдөрүнөн турган Сынактык комиссияга ыраазычылыгын билдирет.
 
Жеңүүчүлөр байге фондунун каражаттарын кантип колдоноорун журналдын кийинки сандарынан окуңуздар! “Жергиликтүү демилге” жылдык сынагына жана “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” долбоорунун гранттык программаларына катышыңыз!