Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Санариптик биллинг өлкөдө арышын кеңейтүүдө, же муниципалдык ишканаларда “Оймо Биллингди” ишке киргизүүнүн жыйынтыктары

2023-11-07 / ЖӨБ кызматтары

Нурбек ИМАКЕЕВ, жергиликтүү деңгээлдеги иштер боюнча менеджер

Кызмат көрсөтүүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн туруктуулугун жогорулатуу максатында ЖДКЖ Долбоору 2022-жылдын башында муниципалитеттер аралык кызматташтыктын өзгөчө жакшы жыйынтыгына жете алган үч лидерге өздөрүнүн муниципалдык ишканаларында “Оймо Биллинг” маалыматтык системасын орнотууну сунуш кылган. Бул система турак жай-коммуналдык чарбаны башкаруу чөйрөсү үчүн автоматташтыруунун платформасы болуп саналат, ал тарифтерди башкарууга, эсепти катасыз чыгарууга мүмкүндүк берет, эсептөө шаймандары менен иштөөнү жөнөкөйлөтөт, абоненттерге мессенжерлер аркылуу эсептик көрсөтмөлөрдү берүүгө шарт түзөт. Ошондой эле кызмат көрсөтүүнү керектөөчү жеке кабинетине кирип, канча эсептелингенин, канча төлөш керектигин, канча карызы бар болгонун көрө алат.

2-таблица. Муниципалитеттердин алкагында “Оймо Биллинг” системасында катталган абоненттердин саны тууралуу маалыматтар

 

ЖДКЖ Долбоору менен “CRМ Technologies” ЖЧКсынын (азыр “MyCloud.kg” ЖЧКсы деп аталат) кызматташтыгынын алкагында бул муниципалитеттер үчүн олуттуу арзандатуулар жөнүндө макулдашууга жетишилди. “Оймо Биллинг” системасынын модулдарын конкреттүү муниципалдык ишканалардын муктаждыктарына, алардын иштөө ыкмаларына жана мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкташтыруу боюнча баштапкы этап көп убакытты алды. Андан кийин абоненттердин маалыматтары, анын ичинде алар менен жеке келишимдер, тарифтер, субсидиялар ж.б. киргизилип чыкты.

2023-жылдын жай айына карата бардык үч муниципалдык ишканада “Оймо Биллинг” системасы толук кандуу иштей баштады, абоненттер төлөм терминалдары аркылуу накталай эмес акча төлөп турушу үчүн төлөм системалары кошулду. Натыйжада, муниципалдык ишканалардагы башкаруучулук жана операциялык жол-жоболор оңолгондон тышкары, абоненттик база кеңейгенин, кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнгөн акча көбөйгөндүгүн белгилөөгө болот. Мисалы, “Масы Тазалык” муниципалдык ишканасында “Оймо Биллинг” системасы киргизилгенге чейин 1284 кожолук каттоодо турган, алардан тейлөө акысы катары 90 миң сомдон бир аз көбүрөөк каражат чогултулуп келчү. 2023-жылдын сентябрына карата алынган маалымат боюнча, системада 3952 кожолуктан 16 552 адам катталган (“Оймо Биллинг” системасы киргизилгенге чейинки абалга салыштырмалуу үч эсе көп дегенди билдирет), алардан сентябрь айында эле 102 445 сомго төлөм түшкөн, же “Оймо Биллинг” системасы киргизилгенге чейинкиге салыштырмалуу 10% көп дегенди билдирет.

“Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС” муниципалдык ишканасында “Оймо Биллинг” системасы киргизилгенге чейин 651 кожолук каттоодо турчу. 2023-жылы система киргизилгенден кийин 1400 абонент болду, мындан тышкары, эки коңшу муниципалитеттен кошумча 1430 абонент (кожолук) киргизилди, муниципалитеттер аралык кызматташтыктын алкагында бул муниципалитеттердин да аймагы тейлене баштады.

“Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасына бүгүнкү күндө “өзүнүн” тургундарынан гана эмес, төрт коңшу өнөктөш муниципалитеттерден да абоненттер тууралуу 95,5% маалымат киргизилди (2-таблицаны караңыз).

Бул маалымат системасын колдонуунун натыйжалуулугун көргөн “Кызыл-Суу Сууканалы” муниципалдык ишканасы да шыктанып, “Оймо Биллингди” өз ишканасына орноткон. Минара МИРИМБЕКОВА, “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын контролеру: “Оймо биллинг” системасы киргизилгенден кийин иш жеңилдеди, буга чейин колго жасап келген иштердин көбү азыр эми автоматтык түрдө жана тезирээк жасалып калды. Абоненттерге да жеңил боло түштү, эми алар ашыкча күч жана убакыт коротпостон, үйдө отуруп эле кызмат көрсөтүү үчүн акысын төлөй алышат. Абоненттер азырынча накталай эмес төлөөгө көнүшө элек, ошондуктан накталай эмес төлөмдөрдүн суммасы накталай төлөмдөргө салыштырмалуу азыраак болууда. Жакында адамдар накталай эмес төлөмдүн артыкчылыктарын көрө алышат деп ойлойм. Себеби, жалкоолук прогресстин кыймылдаткычы эмеспи”.

Азамат НАРМАТОВ, Масы айыл өкмөтүнүн башчысы: “Мен азыр муниципалдык ишканадан төлөмдөр жана карыздар боюнча да, жалпысынан эле абоненттик база боюнча да “Оймо Биллинг” системасынын жардамы менен түзүлгөн отчетторду такай сурап турам”.

Сөзүбүздүн соңунда айтаарыбыз, “Оймо Биллинг” системасы муниципалдык ишканалар үчүн да, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрү үчүн да пайдалуулугун далилдеди. Система муниципалдык ишканалар үчүн башкаруунун жана кызмат көрсөтүү үчүн акы чогултууну көбөйтүүнүн натыйжалуу аспабы катары сунуш кылынат.

Окшош материалы: