Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жамааттын күчү менен жүргүзүлгөн сапаттуу мониторинг объекттердин жана кызматтардын сапатын жакшыртат

2023-11-07 / ЖӨБ кызматтары

Кымбат ШАЙМЕРГЕНОВА, Теплоключенка айылдык аймагынын айылдык кеңешинин депутаты, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун төрагасы

             Мониторинг жана баалоо (МжБ) – бул стратегиялардын, программалардын, долбоорлордун берилген параметрлерге ылайык кырдаалдын өзгөрүшүнө тийгизген реалдуу таасирин аныктоого мүмкүндүк берген башкаруу аспабы. Теплоключенка айылдык аймагынын жергиликтүү жамааты мындай аспаптар тууралуу, негизи эле кандайдыр бир өтө маанилүү милдеттерди аткаруу боюнча муниципалитеттин ишин “көзөмөлдөө” мүмкүнчүлүгү жөнүндө буга чейин көп деле билчү эмес. Бирок ЖДКЖ Долбоору менен кызматташа баштагандан тарта мониторинг жана баалоо процесси ЖӨБ органдарынын ишине жана жамааттын жашоосуна киргизиле баштады.

Жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү үчүн ар кандай долбоорлор менен аткарылган иштер адатта социалдык объектилерди, жолдорду оңдоо же куруу боюнча инфраструктуралык иш-чаралар же материалдарды жана жабдууларды сатып алуу катары кабылданып келет. Бирок алынган жыйынтыктардын туруктуулугун камсыз кылуу жөнүндө ойлонгондор аз эле. Ошондуктан ЖДКЖ Долбоору менен кызматташуунун чоң пайдасы мында болду: кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын даярдоо боюнча окутуу этабында эле долбоордун адистери пландоонун катышуучуларына жергиликтүү тургундар кызмат көрсөтүүнү туура жана натыйжалуу уюштуруу процессине кантип тартыла алаарын, алар биргелешкен (жамааттар жана ЖӨБ органдары) мониторинг жана баалоо процессине катышуу жолу менен кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарынын, сапатынын, жеткиликтүүлүгүнүн пайдалуулугун жана туруктуулугун кантип көзөмөлдөй алаарын кеңири айтып беришти. Эми Теплоключенка айылдык аймагынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу өзүнүн жакшы тажрыйбаларын башка жамааттар менен бөлүшө алат.

ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен үч айылдык аймакта (Теплоключенка ААда, Кереге-Таш ААда жана Ысык-Көл облусунун Октябрь ААда) катуу тиричилик калдыктарын (мындан ары – КТК) чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча муниципалитеттер аралык кызматташтык уюштурулган. Муниципалитеттер аралык кызматташтыктын (мындан ары – МАК) алкагында муниципалитеттер кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Андан соң жумушчу топ түзүлүп, ал МАКтын негизинде таштанды чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын даярдап чыкты. Үч муниципалитетте кызмат көрсөтүүчү болуп “Ак-Суу Тазалык-Техсервис МТС” муниципалдык ишканасы аныкталды.

Теплоключенка айылдык аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы токтому кийинки кадам болуп калды. Токтомдун негизинде биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (мындан ары – БМжБ тобу) түзүлүп, анын курамына беш адам, анын ичинде эки аял кирди. БМжБ тобу өзүнүн жылдык иш планын түзүп, анын негизинде таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашырууга бардык этаптарында мониторинг жүргүзүп келишти. Бул конкурстук сатып алуулардан, жеткирүүчүлөрдү тандап алуудан, аткарылган иштерди кабыл алуудан баштап, КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн иш процессине мониторинг жүргүзүү менен аяктаган бардык этаптар болду.

Иш-аракеттер планында таштанды полигонунун иштөө шарттарын жакшыртуу милдети турган, бул үчүн жалпы аянты 1,9 гектар таштанды полигонун тосмолоп чыгуу боюнча курулуш иштери жүргүзүлгөн. Курулуш иштерин жүргүзүү учурунда БМжБ тобу алардын сапатына мониторинг жүргүзүп, баа берип, таштанды полигонунун бир тарабында тосмо орнотулуп жаткан жерин бекемдөө боюнча кошумча иштер жасалышы керектигин аныкташты. БМжБ тобунун байкоолору боюнча бул участокто айыл чарба талаалары жактан таштанды полигонунун аймагына сугат жана жамгыр суулары, ал эми кышында кар эрип, анын суусу келиши мүмкүн экен. Ошондуктан БМжБ тобу бетондон дамба, тосмо жасап, суу үчүн арыкты курууну сунушташты. Топ өз сунуштарын актысында баяндап, Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысына өткөрүп берген. Башчы БМжБ тобунун кошумча жумуштарды жасоо боюнча бардык сунуштарын кабыл алды. Кошумча жумуштар боюнча жалпы суммасы 156 139 сомго долбоордук-сметалык документтер түзүлгөн. Кошумча жумуштарга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Мамлекеттик сатып алуу процесси өткөрүлүп, подрядчы аныкталып, ал бетондон дамба, тосмо жасап, арык казып берген. БМжБ тобунун натыйжалуу ишинин натыйжасында полигонду суу агымынан коргоо камсыз кылынды.

Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү муниципалитеттер аралык кызматташтыктын негизинде көрсөтүлөт жана ар бир айыл өкмөтүндө бир короодон айына 100 сом суммасында тариф бекитилген. Катуу тиричилик таштандыларын чыгаруунун графиги жана стандарттары түзүлгөн. Өнөктөш айыл өкмөтү менен кызмат көрсөтүүчү ортосунда келишимдерге кол коюлган. 2021-жылдын декабрынан баштап “Ак-Суу Тазалык – Техсервис МТС” муниципалдык ишканасы Теплоключенка жана Лесное айылдарында 1600 абонентке, Кереге-Таш айылында 500 абонентке, Үч- Кайнар жана Отуз-Уул айылдарында 433 абонентке кызмат көрсөтүп келатат.

БМжБ тобу бекитилген планга ылайык мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү улантууда, ал эми топтун мүчөсү, Теплоключенка айылынын кварталдык комитетинин төрайымы Галия МОЧАЛОВА буларды белгиледи: “Биз биргелешкен мониторинг тобунун мүчөлөрү катары үч айылдык аймакта – Теплоключенка, Октябрь жана Кереге- Ташта катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына мониторинг жүргүзүп келатабыз. Биз “Ак-Суу Тазалык Техсервис МТС” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштандыларды чыгаруу графигин канчалык сактап жатканына мониторинг жүргүзүп, квартал сайын тургундар менен жолугушуп, кызмат көрсөтүү, анын ичинде калдыктарды чыгаруу графиги боюнча алардын пикирин сурап турабыз. Бул жолугушууларда жашоочулар таштандылар графикке ылайык чыгарылып жатканын ырасташууда”.

БМжБ тобунун курамы:

  • ШАЙМЕРГЕНОВА Кымбат – АК депутаты, БМжБ тобунун төрайымы;
  • САСЫМАНОВ Саламат – АК депутаты;
  • УСУБАКУНОВ Төлөгөн – АК депутаты;
  • МОЧАЛОВА Галия – кварталчы;
  • ӨМҮРАЛИЕВ Жаныбек – кварталчы.

 

Окшош материалы: