Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айыл өкмөтүнүн жана мониторинг тобунун күч-аракети менен Казыбек айылдык аймагында 120дан ашык бала дзюдо, бокс жана күрөш боюнча сабактарга катыша башташты

2023-12-10 / ЖӨБ кызматтары
Айыл өкмөтүнүн жана мониторинг тобунун күч-аракети менен Казыбек айылдык аймагында 120дан ашык бала дзюдо, бокс жана күрөш боюнча сабактарга катыша башташты

Түрмөктү USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун коммуникациялар боюнча адиси Турар БЕКБОЛОТОВ даярдады. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору – бул Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан төрт жылдык программа. Бул долбоор жергиликтүү бийлик органдарынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу жолу менен 50 муниципалдык түзүлүштө жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу максатын көздөйт. Толугураак маалыматты сайттан окуй аласыз: www.fb.com/SA2Project

“Мониторинг биздин муниципалитетте кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Ошондой эле мониторинг биздин, жергиликтүү тургундардын жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосунда диалог түзүүгө жардам берүүдө. Биз жергиликтүү тургундарга жигердүүлүгүн көрсөтүп, жамаатыбыздын бакубатчылыгы үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө катышып жатканына ыраазыбыз”, – деди Казыбек муниципалитетинин башчысы Талантбек СТАМАКУНОВ.

Айчүрөк АБДАЛИЕВА – Кыргызстандын түндүгүндөгү Нарын облусунун алыскы муниципалитети болгон Казыбек жергиликтүү кеңешинин мүчөсү. Ал ошондой эле өз айылынын эң жигердүү тургундарынын бири катары да белгилүү. Ошондуктан, муниципалитет ага жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга көмөктөшүү максатында Мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБ тобу) курамына кирүүнү сунуштаганда, ал үчүн мындай сунуш күтүүсүз болгон жок.

“Мониторинг менин жамаатым үчүн жасаган эң пайдалуу иштеримдин бири болуп калды”, – деп эскерет Айчүрөк. Топтун мүчөсү катары Айчүрөктүн биринчи эле тапшырмасы жаңы спортзалга мониторинг жүргүзүү болду. Бул залда жакындан бери жаштар үчүн (55 бала) бокс жана күрөш боюнча спорттук машыгуулар өткөрүлө баштаган. Спортзалды USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун техникалык колдоосу менен Казыбек районунун муниципалитети ачып берген. Спортзалды текшерип чыккандан кийин БМжБ тобу спортзал начар жабдылганын аныктап, анын шарттарын жакшыртуу керек деген бүтүмгө келген. Мунун баарын БМжБ тобу белгилеп алып, абалды оңдоо боюнча сунуштары менен муниципалитетке кайрылган.

Мониторинг тобунун сунуштарына ылайык, жергиликтүү бийлик кыйла өзгөртүүлөрдү киргизди. Которунуп алчу жана жуунучу бөлмөлөр өз-өзүнчө болуп, жылуулук орнотулуп, машыктыруу залы үчүн керектүү шаймандар сатып алынган. Муниципалитет жаштар үчүн иштердин башка түрлөрүнө кошумча муктаждыктарды эли менен чогуу талкуулаган.

Ушул тапта 120дан ашык бала бокс жана күрөш менен жигердүү машыгып жатышат, ошондой эле дзюдо боюнча кошумча ачык сабактар өтүп турат. Мындан тышкары, Мониторинг тобу кыздар үчүн кошумча сабактарды уюштурууну сунуштады. Залдын аянты чектелүү болгонун эске алып, учурда муниципалитет кыздарды ушул спорттук класстарга кабыл алуу үчүн сабактардын жаңы графигин даярдап жатат.

Казыбек муниципалитетинин Мониторинг жана баалоо боюнча бириктирилген тобу 2021-жылы USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында түзүлгөн. Анын курамына жергиликтүү активисттер, муниципалитеттин кызматкерлери жана жергиликтүү кеңештин депутаттары кирет. Топтун максаты – муниципалитет көрсөткөн кызматтарга мониторинг жана баалоо жүргүзүп, алардын сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдоо топтун максаты болуп саналат.

Спорттук сабактарга мониторинг жүргүзгөндөн тышкары, БМжБ тобу Казыбек муниципалитети долбоордун жардамы менен жакшыртып жаткан башка маанилүү кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүп чыкты. Мисалы, БМжБ тобу Казыбектин 10 миңге жакын тургуну колдонгон ичүүчү суу менен камсыздоого жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга мониторинг жүргүздү.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун көмөгү менен БМжБ тобу мониторинг жүргүзүү методикасы боюнча бир катар тренингдерди өткөрдү. Алар жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын кантип камсыз кылса болоорун, жарандык мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн кандай укуктук негиздер бар болгонун билип калышты. Мындан тышкары, Айчүрөк жана башка катышуучулар башка муниципалитеттердеги кесиптештери менен өз тажрыйбаларын талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты.

“Долбоор аяктагандан кийин мен бул ишти сөзсүз улантам, себеби ал биздин муниципалитетке сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана адамдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүүгө жардам берип жатпайбы”, – деп жылмайды Айчүрөк.

Долбоордун колдоосу менен Казыбек муниципалитетиндеги топ сыяктуу башка да топтор бардык 38 өнөктөш муниципалитетте түзүлдү. 2023-жылдын сентябрына чейин бул топтор 60тан ашык кызмат көрсөтүүгө жана учурда ишке ашырылып жаткан 70 долбоорго мониторинг жүргүзүп чыгып, муниципалитеттерге кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга жана жарандарды жеринде чечим кабыл алуу процессине тартууга жардам беришти. Бул топтор жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу үчүн абдан натыйжалуу аспап болуп жатканын эске алып, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” жаңы пилоттук муниципалитеттерде ушул сыяктуу мониторинг топторун түзүүгө жардам бермекчи.

 

Окшош материалы: