Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору II фазанын жыйынтыктарын чыгарууда

2024-08-15 / ЖӨБ кызматтары
“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору II фазанын жыйынтыктарын чыгарууда

2024-жылдын 24-майында Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору 2-фазасынын орто аралыктагы жыйынтыктарын чыгарды (2019- 2024-жж.). Аталган долбоор Кыргызстандагы муниципалитеттердин таштанды чогултуу жана ташып чыгаруу, ичүүчү суу менен камсыздоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, көчөлөрдү жарыктандыруу жана башка көптөгөн кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын бир кыйла жакшыртты.

Конференцияны КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген БАЗАРБАЕВ, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Замирбек МАМАСАДЫКОВ, Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Оливье БАНГЕРТЕР ачышты.

Конференцияга мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, долбоордун өнөктөштөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы экс-перттерди кошкондо 100дөн ашык адам катышты. Катышуучулар жетишилген жыйынтыктарды жана долбоордун жыйынтыктоочу фазасына белгиленген пландарды талкуулашты. Иш-чаранын соңунда кийинки фазада да кызматташууну улантуу үмүтү билдирилип, өнөктөштөр жемиштүү кызматташтыгы үчүн сыйлыктарды алышты.

Белгилей кетсек, долбоордун жардамы менен өлкөнүн 134 муниципалитетинде 512 266 жергиликтүү тургун үчүн 120 ар кандай кызмат көрсөтүү уюштурулуп, алардын туруктуулугу камсыздалды. Кыргызстанда кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн биринчи жолу муниципалитеттер аралык кызматташуу механизми колдонулду: мында бир нече ЖӨБ органы биригип, кызматты чогуу көрсөтүшөт. Долбоордун пилоттук муниципалитеттери, мисалы Кетмен-Төбө айылдык аймагы иш жүзүндөгү ийгиликтерин көрсөтүп, көп функционалдуу муниципалдык ишкана аркылуу кызмат көрсөтүү тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле Кызыл-Суу, Оргочор, Жаргылчак айылдык аймактары биригип, таштандыны чогултуу, ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн уюштурушту. КР Финансы министрлиги менен кызматташтыкта долбоор ЖӨБ органдарынын ортосунда максаттуу трансферттердин жана бюджеттик ссудалардын механизмдерин сынап көрүп, ишке киргизди.

Иш-чаранын жүрүшүндө долбоордун улуттук өнөктөштөрү – КР Экономика жана коммерция министрлиги, КР ЖӨБ Союзу жана башкалар мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдарлыгын белгилешти. 

Эл аралык эксперт, Латвиянын Өз алдынча башкаруулар Ассоциациясынын кеңешчиси Снидзе Спроге Латвиянын катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Швейцария өкмөтү1 каржылап, “Хельветас” жана Өнүктүрүү саясат институту акыркы сегиз жылдан бери ишке ашырып келаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору муниципалитеттердин калкка көрсөткөн кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга көмөктөшүүдө. Муну долбоор жергиликтүү деңгээлде системалуу өзгөрүүлөрдү киргизүү жолу менен ишке ашырууда.

_____________

1 Швейцария Өкмөтү калктын бакубатчылыгын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө жардам берип келатат. 1993-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга техникалык, финансылык жана гуманитардык колдоо түрүндө 520 миллиондон ашык швейцар франкын бөлдү.

Окшош материалы: