Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкектин жаңы макамы: кооптуу оюндар

2013-01-31 / Актуалдуу тема

2012-жылдын соңунда Жогорку Кеңештин абройлуу депутаттарынын тобу “Борбордун макамы жөнүндө” Мыйзам долбоорун көтөрүп чыкканда, шаардык чарбачылыкта топтолуп калган көйгөйлөрдөн улам бул факт колдоого алынмак.

Мыйзам жакшы, бирок... ал эмес

 
Ар бир өлкөнүн борбору – анын өздүк карточкасы, ошондой эле өзгөчө мааниге ээ объекттердин, борбордук мамлекеттик органдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, маданият, спорт ж.б. мекемелердин топтошкон жери. Албетте бул шаардык кеңештин жана мэриянын атынан Бишкектин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кошумча милдеттемелерди жүктөйт. Мында мамлекеттик органдардын тапшырмасы – борбор калаага ушундай салмактагы жоопкерчиликти жөнгөрүүгө жардам берчү белгилүү бир эрежелерди иштеп чыгууга жардамды камсыздоо. Бирок бул эрежелер өлкөнүн негизги мыйзамы – Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын шаарларындагы жана айылдарындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин жөнгө салган “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын алкагынан чыкпашы керек. Мында баары бир нерсени түшүнүш керек: мүмкүн болчу кошумча укуктар, ыйгарым укуктар же преференциялар башкы максатка баш ийиш керек – бул шаардыктарга сапаттуу, жеткиликтүү муниципалдык кызмат көрсөтүү, ошондой эле өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу.
 
Толук мүмкүн, мындай ири шаардык чарбачылыкты башкаруунун өзгөчөлүктөрү Мыйзам түрүндөгү өзүнчө ченемдик укуктук акттар менен жөнгө салынышы керек. Бирок мындай түрдөгү Мыйзамды иштеп чыгуунун алдында Бишкектеги учурдагы көйгөйлөргө деталдуу анализ жүргүзүш керек. Функциялар жана ыйгарым укуктар боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда милдеттемелерди бөлүштүрүү анализдин өзөгүн түзүш керек. Мисалы, Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек мэриясына саламаттык сактоо объекттерине коммуналдык кызматтарды (жылуулук, канализация, суу менен камсыздоо) көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышы мүмкүн. Жетишилген макулдашууларга ылайык, жергиликтүү бюджетке каражат жиберилет. Ал каражат ушул функциялардын аткарылышына карата зарылчылык боюнча эсептелет. Б.а., мэрия ушул функцияларды аткаруучу катары чыгат. Мында белгилей кетүүчү маанилүү жагдай, Бишкектин ЖӨБ органдары көрсөтүлгөн функцияны аткаруу үчүн гана жооп берет, ал эми тармак боюнча натыйжаларга жетүү үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдарда кала берет. Мындай схема мамлекеттик ыйгарым укуктарга тиешелүү болгон бардык маселелер боюнча иштеш керек. Ошонун өзүндө ушул ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн демилгечиси катары тиешелүү мамлекеттик орган же толугу менен өкмөт чыгыш керек, ал ЖӨБ органдарына тиешелүү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү менен тиги же бул функцияны аткарууну тапшырат. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү процессинин өзү жөнөкөй эмес жана бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен тыкыр кайра иштеп чыгууну талап кылат.
 
2012-жылдын соңунда Жогорку Кеңештин абройлуу депутаттарынын тобу “Борбордун макамы жөнүндө” Мыйзам долбоорун көтөрүп чыкканда, шаардык чарбачылыкта топтолуп калган көйгөйлөрдөн улам бул факт колдоого алынмак. Бирок мыйзам долбоорунун маңызы эксперттерди таң калдырып, алардын тынчсыздануусун жаратты.
 
Мамлекеттик деңгээлде кабыл алынган ар бир чечим маселени изилдөөгө, пайда болуу себептерине, аны чечүү зарылчылыгына негизделген жүйөгө ээ болуш керек. Маселени туура эмес баалоо так эмес максаттарды формулировкалоого жана мындан улам аларга жетүүдө жаңылыш тапшырмаларга алып келет. Болбосо чыныгы көйгөйдүн чечими болбой турган натыйжа чыга келет.
 
Андыктан адегенде көңүлдү “Борбордун макамы жөнүндө” Мыйзам долбоорунун авторлору сунуштаган жүйө-маалымдамасына буруу керек. Текстте көйгөйдүн формулировкасы жок, мындан улам ушул өңдүү документтин кабыл алынышына зарылчылыктын жүйөсү келтирилген эмес. Андыктан Мыйзам долбоорунун авторлорунун ордуна негизги маселе эмне деген суроого жооп издейбиз.
 
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары – бул калкка кызмат көрсөтүү, тагыраак айтканда бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилик чөйрөсүнө өткөрүлгөн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү. Андыктан мындай мыйзамды кабыл алууга зарылчылык жараткан көйгөй төмөнкүчө формулировкаланышы керек болчу – Бишкектин тургундары сапаттуу коомдук кызматтарга туруктуу, толук кандуу жетпей жатышат. Болгондо да коомдук кызматтар дегенде биз жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу дегенди түшүнөбүз. Мыйзам долбоорунун концепциясы шаардыктардын муктаждыктарын канааттандыруу зарылчылыгына кармалыш керек, б.а., шаардыктар жана шаардын коноктору үчүн ыңгайлуу жашоо шартын түзүш керек. Талкууга коюлган бул Мыйзам долбоору ушул маселелерди чечип жатабы?
 
КР Конституциясынын 3-беренесине ылайык, мамлекеттик бийликти ишке ашыруунун негиз болуучу принциптеринин бири мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажырымдоо принциби эсептелет. Аталган мыйзам долбоорунда мамлекеттик органдар менен Бишкек ш. ЖӨБ органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары так ажырымдалган эмес. Мыйзам долбоорунун 11-беренесинде каралган жергиликтүү маанидеги маселелер “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренесинде каралган жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесине шайкеш келбейт, аны жүйөсүз эле кеңейтүүдө (саламаттык сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо ж.б.). Бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы, ушул функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарууда алардын бирин-бири кайталашына, тиешелүү органдардын жоопкерчилигинин азайышына, мунун натыйжасында Бишкектин калкына көрсөтүлгөн кызматтардын сапатынын начарлашына алып келет.
 
Мыйзам долбоорунун курамына караганда, сөз көбүрөөк калаанын өзүнүн макамы, б.а., жарандар жашаган аймак жөнүндө эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макамы жана аларга кошумча ыйгарым укуктарды берүү тууралуу жүрүп жатат. Мында кошумча ыйгарым укуктар бийликтин аткаруу органына, б.а, мэрияга, а эгер андан да тагыраак болсок, Бишкек шаарынын мэринин өзүнө берилип жатат. Эгерде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын кайталаган жоболорун алып таштасак, анда бардык жаңыдан киргизилгени 2 тапшырма менен байланыштуу: биринчиден, мамлекеттик территориалдык органдар боюнча кадрдык чечимдерди кабыл алуу боюнча жеке жана өзгөчө укуктарды Бишкек мэрине өткөрүп берүү жана экинчиден, Бишкектин бюджети үчүн каржы ресурстарын бөлүштүрүүдө оюн эрежелерин өзгөртүү жана түздөн-түз Бишкек мэринин каржыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктарын күчөтүү.
 
Калган бардык сунуштар ушул негизги жоболорду жаап-жашыруу үчүн “жымсалдатылган” мүнөзгө ээ. Эгерде мындай документ ушул түрүндө кабыл алынса, анда Бишкектин аймагында калаа тургундарына коомдук кызматтарды, биринчи кезекте муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө системалык кыйынчылыктар пайда болот, ал эми буга баары бир борбордун ЖӨБ органдары жооптуу бойдон кала берет.
 
Соңку натыйжа үчүн жоопкерчиликсиздиктин фонунда кадрдык узурпациялоо
 
Мыйзам долбоору айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Бишкектин ЖӨБнын аткаруучу органдарына өткөрүп берүүнү караштырат. Бул болсо мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү ЖӨБ органдарына (өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарына) ишке ашырылат деп орноткон КР Конституциясынын 13-беренесине карама-каршы келет. Мындан тышкары көрсөтүлгөн берененин өзөктүк жобосу – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына (б.а., Бишкек мэрин) мамлекеттик органдардын өзөктүү аймактык жетекчилерин дайындоо өңдүү өзгөчө ыйгарым укуктарды берүү болуп эсептелет:
 
• жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча;
• коомдук тартипти камсыздоо боюнча;
• саламаттык сактоо жана санитария боюнча;
• билим берүү боюнча;
• архитектура жана курулуш боюнча;
• кыймылсыз мүлккө жана аны менен келишимдерге укукту мамлекеттик каттоо боюнча;
• жарандык абал акттарын каттоо боюнча, ошондой эле асыроого жана камкордук көрсөтүүгө;
• салык кызматы боюнча;
• жол курулушу жана байланыш боюнча;
• жаратылышты коргоо жана ветеринария боюнча.
 
Мындан тышкары мэрдин ыйгарым укуктары мамлекеттин үлүшү 51% ашуун болгон мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилерин дайындоого да тарайт.
 
Бир суроо жаралат: мындай учурда тиешелүү министрликтер жана ведомстволор көрсөтүлгөн кызматтар үчүн кантип жооп беришет? Борбордук мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн башкы максаты тиешелүү тармактарда программалык максаттарга жана тапшырмаларга жетүү болуп эсептелет. Алар өз кезегинде Улуттук өнүктүрүү стратегиясы менен байланышкан. Мында кадр саясатынын маселелери мамлекеттик башкаруу машинасынын функционалдашуу механизминин бир бөлүгү болуп эле эсептелет. Контекстинен кадр саясаты маселесин үзүп-үзүп алып, бирок мында тармакты өнүктүрүүдө натыйжаларга жетүү үчүн жоопкерчиликти калтыруу бери дегенде эле алысты көрө албастык. Мында өз колуна кадр саясатынын бардык тизгиндерин алса да, мэрдин ыйгарым укуктары “аймактык мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн координациялоо...” маселеси менен гана чектелгенин белгилей кетүү зарыл.
 
Жогоруда айтылгандай, эгерде мыйзам долбоорунун авторлору ушул чөйрөлөрдү башкаруу маселелерин “мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү” деп атаса, анда “өткөрүп берүүнүн” демилгечиси болуп мамлекеттик органдын өзү, же КР Өкмөтү чыгыш керек. Башкача айтканда, ЖӨБОга улуттук же тармактык саясаттын алкагында кандай ыйгарым укуктарды берүү керектигин жооптуу мамлекеттик органдар өздөрү чечиши керек. Аны менен катар, эгерде шаардык бийлик тиешелүү мамлекеттик органдардын ишине канааттанбаса, анда Бишкек мэриясы негиздөөчүсү болгон муниципалдык мекемелердин ишмердүүлүгүнүн натыйжасына жетүү боюнча жоопкерчилик менен анын алкагында өзүнүн аймактык саясатын түзүүгө укугу бар.
 
Мыйзам долбоорунун авторлору сунуштаган мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн мындай жолу жалпысынан эле мамлекеттик башкаруу системасынын беделин кетирип, ЖӨБ органдары менен мамлекеттик органдар ортосундагы конфронтациянын түзүлүшүнө көмөктөшөт. Мында тиги же бул кызматты көрсөтүүгө карата натыйжаларга жетүү үчүн жоопкерчиликтин деңгээли “сүртүлүп” калат.
 
Жалпак тил менен айтканда, мэр жетекчилерди дайындап жана кызматтан алып, бардык кызматтар жана кызмат көрсөтүүлөр менен манипуляциялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, бирок кандайдыр бир маселе жаралганда министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерин жооптуу деп көрсөтөт. Ал эми алар болсо, өз кезегинде кадр саясатын көзөмөлдөгөн мэрди көрсөтүп турушат. Ким жооптуу болот? Туура, кызматтардын керектөөчүлөрү, жарандар.
 
Борбордун бюджети – мэрдин жеке карамагынабы?!
 
“Шаардын макамы жөнүндө” Мыйзам долбоорунда жалпы мамлекеттик салыктарды жаруунун жаңы тартибин киргизүү сунушталууда – жергиликтүү салыктардан тышкары бардык салыктардан 35% чегерүүлөр. Мындай сунушту Бишкек бийлиги так жана түшүнүктүү жаңы бюджеттик саясатты түзөт деген шарт менен талкууласа болот. Бишкек канча акча керек болгонун түшүнүү үчүн алар азыр кантип сарпталып жатканын түшүнүү керек.
 
Анализ көрсөткөндөй, Бишкектин бюджетинин 60% ашуун финансы каражаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мүнөздүү болгон функцияларды каржылоого багытталат: билим берүү, саламаттык сактоо, профтех билим берүү, санитардык-эпидемиологиялык кызматтар, салык жана тартип коргоо органдары ж.б. КР Өкмөтү жана Бишкек ш. жергиликтүү бийлик органдарынын атынан мамлекет чыгаша милдеттемелерин ирээтке келтирип, кайсынысы республикалык бюджеттин, ал эми кайсынысы жергиликтүү бюджеттин жоопкерчилигинде болгонун аныктаган эрежелерди иштеп чыгыш керек. Мына ушундай шарттарда гана ресурстарга муктаждыкты баалоо жана жалпысынан Бишкектин бюджеттик саясатын түзүү тууралуу сөз кылса болот.
 
Мыйзам долбооруна белгилүү каржы ресурстарын Бишкек мэринин дээрлик жалгыз башкаруусуна өткөрүү боюнча нормаларды киргизүү өзгөчө камтаманы пайда кылат. Айталы, “Бишкек шаарынын мэриясынын компетенциясынын” 25-беренесинде мындай деп айтылган: «“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган Бишкек шаарынын мэриясынын компетенциясына кошумча төмөнкү маселелерди карайт:
 
4) бюджет боюнча туруктуу комиссия менен макулдашып, андан ары Бишкек шаардык кеңешинин бекитүүсүнө жиберүү менен, бюджетти өзгөртүү, бюджеттин учурдагы киреше бөлүгүн ашыра аткарганынын, ошондой эле жыл жыйынтыгы боюнча кирешелердин чыгашалардан ашып түшүүсүнүн эсебинен бюджетти аткаруу процессинде чыгашалардын багыты боюнча маселеде оперативдүү чечим кабыл алуу;
 
5) жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландоо жана ишке ашыруу».
 
Жөнөкөй тил менен айтканда, шаардык кеңеш кандай гана бюджетти бекитпесин, мэр кандайдыр бир чукул зарылчылык менен негиздеп, аны өзгөртүү укугуна ээ. Атүгүл капиталдык чыгымдардын, мисалы, курулушка чыгымдардын тагдырын кеңеш менен талкуулабастан, жеке өзү эле чече алат. Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн аналогиясы боюнча бул кырдаалды мындайча элестетсе болот: премьер-министр өлкөдөгү бардык капиталдык салымдардын тагдырын жеке өзү чечип, Жогорку Кеңеш менен эч талкуулабастан, мамлекеттик бюджетти өзү каалагандай өзгөртө алат. Эгерде бул чынжырчаны абсурддук логикалык соңуна чыгара турган болсок, анда мындай деп элестетсеңиз болот: кеңеш бюджетти кабыл албай деле койсо болот, мындай зарылчылык жок, анткени премьер-министр жана мэр аны баары бир алмаштырат да.
 
Мындай түрдөгү сунуштар “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын “Бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” нормасын одоно түрдө бузууда. Анда жергиликтүү кеңештер жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү боюнча жана жалпысынан жергиликтүү бюджет боюнча чечим кабыл алуу маселесинде ыйгарым укуктарын аныктайт. Белгилей кетчү жагдай, бул нормаларды киргизүү КР Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүндөгү антикоррупциялык багыттуулукка карама-каршы келет. Ушул тапта бул нормаларды бузуу кылмыш ишин козгоого негиз болуп бере алат, ал эми Мыйзам долбоорунун авторлору ушундай кылмыштуу норманы мыйзамдаштырууну каалашат.
 
Эгер Бишкек шаарынын бюджетине салык кирешелеринин 35 пайызын калтыруу чечими кабыл алынса, анда 2013-жылы бул көрсөткүч 13-14 млрд. сомго барабар болот, же 2012-жылга салыштырмалуу 7-8 млрд. сомго көбүрөөк. Бирок ошону менен бирге бул кошумча каражаттардын маанилүү бөлүгү, Мыйзамдын авторлору мэриянын өзгөчө башкаруусуна берүүнү каалаган так ошол капиталдык бюджетти түзөт. Шаардык кеңеш бир гана учурдагы чыгашаларды, б.а. корголгон жана башка кээ бир статьяларды бекитүү укугуна ээ болуп калат. Анда шаардын өнүгүүсүнө таасир тийгизе албаган шаардык кеңештин эмне кереги бар?
 
Биздин билдирүүлөрүбүздүн изи менен
 
Өнүктүрүү саясат институту бир нече жолу бул мыйзам долбоорун коомдук сынга алган. Тазабек сайтындагы биздин билдирүүбүздүн бирине Бишкек мэриясынын реакциясы жарыяланган: “Мэр социалдык секторго багытталган, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшүүсүнөн улам пайда болгон каражаттарды жеке өзү гана башкарат” деген Асылбек Чекировдун пикирине мындай деп билдиребиз: “Бюджеттик укуктун принциптери жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, жергиликтүү бюджеттерди аткарууда кошумча алынган кирешелер, ошондой эле кирешелерди ашыкча аткаруунун же чыгашаларды үнөмдөөнүн натыйжасында жылдын аягында пайда болгон чыгашанын үстүнөн кирешенин артып калганынан улам пайда болгон каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында кала берет жана шаардык кеңештин чечими менен тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоого колдонулат” деп айтылат билдирүүдө... Учурдагы киреше бөлүктү ашыкча аткаруунун эсебинен, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшүүсүнүн эсебинен бюджетти аткаруу процессинде чыгашаларды багыттоо андан ары Бишкек шаардык кеңешине бекитүүгө жиберүү менен шаардык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясы менен макулдашкандан кийин ишке ашырылат. Ушундан улам Бишкек шаарынын мэриясы борбордун бюджетин жеке өзү гана башкарайын деп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт”, - деп айтылат билдирүүдө.
 
Сиздердин көңүлүңүздөрдү, урматтуу замандаштар, мэрия учурда иштеп жаткан “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын нормасын ээрчиген азыркы кырдаалга шилтеме берип жатканына бургубуз келет. Ал эми биз болсо жаңы мыйзамдын долбоору тууралуу сөз кылуудабыз! Мэрия жарандарды “ага чейинки” жана “андан кийинки” кырдаалдар менен адаштырып, саясатчылардын чыныгы ниеттерин өтө жөндөмдүүлүк менен жымсалдап жатат.
 
Партиялардын жамааттардын кызыкчылыгынын үстүнөн алгачкы жеңиши партиялык жергиликтүү шайлоолордун натыйжасы катары
 
Бул жерде башкы ролду мэрия ойнобойт. Процесстин башкы оюнчулары – Жогорку Кеңештин депутаттары, башкаруучу коалициянын өкүлдөрү. Баса, ошолор Бишкек шаардык кеңешинде алдыңкы турумду ээледи. Мына эми бул жерде өтө кызыктуу саясий коллизия пайда болду.
 
Маңызы боюнча, Бишкектин макамы тууралуу мыйзам долбоорунун башкы каршылашы шаардык кеңеш болуш керек эле. Анткени мыйзам долбоору дал ошонун макамын жана ыйгарым укуктарын чектеп жатат. Маңызы боюнча, жаңы мыйзам шаардык кеңештин депутаттарын кандайдыр бир үн-сөз чыкпаган көргөзмө куурчактарга айландырып коюшу ыктымал. Алар шаардын чыныгы кожоюну – мэр жашырынып калчу шаардагы демократиянын көшөгөсүнүн артында кала бериши мүмкүн. Бирок күчтүү кеңеш турганда шаардын чыныгы кожоюндары – бул биз, шаардыктарбыз. Бирок шаардык кеңеш каармандык менен үн катпай турат. Эмне үчүн? Партиялык тартип! Чын эле, башкаруучу партиядан шаардык кеңештин кайсы депутаты өзүнүн эле лидерлерине каршы турсун? Мына, бул болсо жергиликтүү кеңештерге партиялык шайлоонун алгачкы натыйжасы – балким, эгерде партиялык депутаттардын алдында партиянын кызыкчылыктары менен жамааттын кызыкчылыктары ортосунда тандоо турса, партиялык кызыкчылыктар жеңип кетет деген ыктымалдуулук жогору. Бийликтин партиялык вертикалы.
 
Кургак калдыгында – Конституцияны бир катар бузуулар жана жүйөлүү маңызга каршы келүүлөр
 
• Сунушталган “Борбордун макамы жөнүндө” Мыйзам долбоору Бишкектеги жергиликтүү жамааттын чыныгы керектөөлөрүн чагылдырбайт.
 
• Мыйзам долбоордун концепциясы тургузулган эмес.
 
• Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажырымдоонун конституциялык принциби бузулган.
 
• Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар жоопкерчилик деңгээлине шайкеш келбейт.
 
• ЖӨБ органдарынын өкүлчүлүктүү органдары менен аткаруу органдары ортосундагы өз ара мамилелердин балансы бузулган. Мында
мэриянын жана мэрдин ыйгарым укуктары менен ролу күчөтүлгөн, бул болсо КР Конституциясынын талаптарына шайкеш келбейт.
 
• Өзүнчө тармактардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүндө мамлекеттик саясаттын бүтүндүүлүгү бузулууда.
 
• Мыйзамга киргизилген нормалар кадрдык да, бюджеттик да саясатта коррупция тобокелчилигин арттырууда.
 
• Сунушталган нормалар жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү принциптерине карама-каршы келет жана жергиликтүү маанидеги маселелердин чөйрөсүн жүйөсүз, системасыз, башаламан кеңейтүүгө кооптуу прецедент түзүп жатат.