Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

102 000 жаран үчүн 43 кызмат көрсөтүү: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелеринде ЖӨБ органдарына колдоо көрсөтүүнүн баштапкы жыйынтыктарын чыгарды

2024-11-07 / ЖӨБ кызматтары
102 000 жаран үчүн 43 кызмат көрсөтүү: USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу маселелеринде ЖӨБ органдарына колдоо көрсөтүүнүн баштапкы жыйынтыктарын чыгарды

Бакыт АЙТКУЛОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун 3-компонентинин координатору, ӨСИ

2024-жылдын күз мезгили Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жамааты үчүн маанилүү этап болуп калды. Долбоор Кыргызстандын төрт облусунда долбоордук циклдин экинчи жумушчу жылындагы өнөктөш 17 муниципалитет менен эки жылдык кызматташуунун баштапкы жыйынтыктарын чыгарууга арналган иш-ралардын сериясын өткөрдү. Нарын, Каракол, Жалал-Абад жана Ош шаарларында өткөн иш-чараларга 164 адам, анын ичинде 74 аял катышты.

Жолугушууларга өнөктөш жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (акимиаттардын), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилери жана кызматкерлери; өнөктөш айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары; кызмат көрсөтүүчүлөр; биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунда иштеген жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү; долбоордун техникалык колдоосу менен түзүлгөн музыкалык ийримдердин тарбиялануучулары катышты.

Катышуучулар кызматташуунун жыйынтыктары, тажрыйбалары менен бөлүшүп, жетишилген жылыштарды белгилеп, кызматташуунун келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн чогулушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө жакшыртылган артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөргө арналган жана “нөлдөн баштап” ишке киргизүү жол-жобосунан өткөн мыкты тажрыйбалар; долбоордун жана өнөктөш муниципалитеттердин ортосундагы тыгыз кызматташуунун жана өз ара байланыштын натыйжасында пайда болгон жетишкендиктер, ийгиликтер тартууланды.

Иш-чараларда долбоордун алкагында уюштурулган өнүктүрүү клубдарынан жаш артисттер (музыканттар жана ырчылар) өнөрүн көрсөтүп, бул катышуучуларга майрамдык маанай тартуулагандан тышкары, муниципалитеттер менен долбоордун ортосундагы кызматташуунун жыйынтыктарын иш жүзүндө көрүүгө да мүмкүндүк берди.

Акыркы эки жылдан бери USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү жамаат жана кызмат көрсөтүүчүлөр менен тыгыз кызматташып келатат. Кызматташтык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү аркылуу жергиликтүү жамааттын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган. Бул үчүн жергиликтүү жамааттын жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн жана күтүүлөрүн жакшыраак канааттандыруу үчүн өнөктөш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын арттыруу жана чыңдоо зарыл. Окутуу, консультациялар, тажрыйба алмашуу сапарлары жана элди жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алуу процессине тартуу боюнча коомдук иш-чараларды уюштурууга техникалык жардам көрсөтүү аркылуу долбоор жергиликтүү бийликке төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга жардам берди: ичүүчү суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу, спорт кызмат көрсөтүүлөрү жана ийрим иштери. Долбоор ошондой эле ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджеттин каражаттарын ачык-айкын башкаруу көндүмдөрүн жакшыртууга, экономикалык жактан негизделген, эл жактырып, аны менен макулдашылган тарифтерди бекитүү практикасын киргизүүгө жардам берди. Мындай колдоонун натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү деңгээлде 43 кызмат көрсөтүүнү уюштуруп, ишке киргизе алышты, алар жалпысынан 102 000 жергиликтүү тургунга – кызмат көрсөтүүлөрдүн соңку алуучуларына жетти. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Түп районунда “Таза-Мурас” муниципалдык ишканасы суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө экономикалык жактан негизделген тарифтерди ийгиликтүү киргизип, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу жана ачык-айкын кылды.

Кызматташтыктын баштапкы жыйынтыктарын чыгаруу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө жигердүү катышуучулар долбоордун атынан ыраазычылык каттары менен сыйланып, алардын күч-аракети чакан эстелик белектери менен белгиленди. Мындан тышкары, катышуучулардын 90 пайыздан ашыгы кызматташуунун жалпы жыйынтыктары тууралуу оң пикирлерин айтып, мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. 

“Биз USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбооруна баа жеткис кызматташтыгы жана колдоосу үчүн чын дилибизден ыраазыбыз, – деди Ысык-Көл облусунун айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат БОЗГУНОВ. – “Таза-Мурас” муниципалдык ишканабызга ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө реалдуу, экономикалык жактан негизделген тарифтерди киргизүү жаатындагы жакшы өзгөрүүлөр муниципалитетибизге пайда алып келүүдө жана биз USAIDдин “Ийгиликтүү ай-мак 2” долбоору менен мындан ары да кызматташа беребиз деп үмүттөнөбүз”.

Катышуучулар долбоордун жергиликтүү деңгээлде инклюзивдүү башкарууну өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча күч-аракеттерине ыраазычылыктарын билдирип, мындан аркы демилгелери үчүн идеялары менен бөлүшүштү.

Иш-чаралар облустук жана улуттук ЖМКларда, анын ичинде өнөктөш муниципалитеттердин расмий баракчаларында кеңири чагылдырылды, бул болсо долбоордун ачыктыгын жана коомчулук үчүн жетишкендиктерин көрсөтөт.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору өнөктөш муниципалитеттерге жогорку сапаттагы кызматтарды көрсөтүүдө, кыйла инклюзивдүү жана ачык-айкын башкаруу структураларын түзүүдө колдоо көрсөтүүнү улантууда, натыйжалуу жергиликтүү жетекчиликтин жана кызматташтыктын аркасында жалпы Кыргызстан боюнча жамааттардын өнүгүүсүн камсыз кылууда.

 

Окшош материалы: