Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын борборуна жаңы бюджеттик саясат керек

2013-01-31 / Актуалдуу тема

Бишкектин бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн структурасы бюджеттик каражаттарды сарптоодо үч артыкчылыкка ээ: билим берүү, саламаттык сактоо, турак жай жана коммуналдык кызматтар

 

Бизге музу тоңгон көчөлөр жакпайт, үйүлүп турган таштандылар кыжырыбызды келтирет, көзгө сайган караңгы шаарда баскандан коркобуз жана чаңдаган жолдордо соолуп калган гүлдөр биздин жинибизге тиет. Бир сөз менен айтканда, биз Бишкектин абалына нааразыбыз. Эгерде борбордун макамы тууралуу жаңы мыйзам кабыл алына турган болсо, Бишкектин бюджети салык төлөмдөрүнөн жана буга кошумча салыктык эмес кирешелерден 14 млрд. сомду, баары болуп болжол менен 15 млрд. сомду түзөт. 2012-жылы шаардын бюджети 6 млрд. сомду түзгөн, башкача айтканда анын өсүшү болжол менен 9 миллиардды түздү. Борбордун бюджетин кобөйтүүнүн алдында, адегенде бул каражат кайда сарпталып жатканын билип алыш керек. Шаар үчүн жаманы – бюджеттеги чыгашалардын бир бөлүгү саламаттыкты сактоо, бюджеттик мекемелерде иштегендердин маянасын төлөп берүү өңдүү шаардын ыйгарым укугуна кирбеген беренелерге коротулат. Турак жай-коммуналдык чарбачылыктын (ТКЧ) чыгашаларынын көлөмү, тескерисинче, дээрлик 1 млрд. сомго азайды, ал эми социалдык беренелерге чыгашалар өстү. Мисалы, Ош шаарында бюджеттеги чыгашалардын 56% ТЧКга туура келсе, Бишкекте бул 23% түзөт жана бул көрсөткүч азайууда. Мындан улам шаардыктар инфраструктуранын абалына жана шаардын сырткы келбетине нааразы экенине таң калууга болобу?
 
Бишкектин бюджети жергиликтүү бюджеттердин системасында
 
Бишкек шаарынын бюджети Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржылык-экономикалык негиздери жөнүндө”, “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамдарына, жылдык негизде кабыл алынган “Республикалык бюджет жөнүңдө” Мыйзамына жана бюджеттик процессти жөнгө салган башка нормативдик укуктук акттарга ылайык түзүлүш керек жана аткарылыш керек. Ушуну менен бирге Бишкек шаарынын бюджетине башка жергиликтүү алдынча башкаруу органдарынын бюджетинен айырмаланган мүнөздөмөнү берген бир катар өзгөчөлүктөр да бар:
 
• Жалпы мамлекеттик салыктардын бөлүнүүсүнүн өзгөчө шарттары (1-таблицаны караңыз);
 
• Негизги салык төлөөчүлөр Бишкек ш. топтолуп, катталганына байланыштуу кеңири салыктык жана киреше базасынын болгону.
 
Мындан тышкары Бишкектин бюджетинин киреше базасын жергиликтүү салыктар – жер салыгы жана мүлк салыгы, ошондой эле салыктык эмес төлөмдөр жана республикалык бюджеттен түшкөн трансферттер түзөт.
 
Ушундан улам Бишкектин мэриясынын ишмердүүлүгүн камсыздоо жана шаардыктарга сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн ушул кирешелер жетиштүүбү деген суроо пайда болот. Мэрия жетекчилиги бул каражаттар өтө эле жетишсиз болгонун жана мамлекет Бишкектен кирешенин олуттуу үлүшүн алып жатканын ырасташат. Эгерде №2 таблицага кайрыла турган болсок, мындай пикир кишини ынандыргансып турат.
 
№2 таблица. Республикалык бюджетке жана Бишкек ш. бюджетине түшүп жаткан Бишкек шаарынын аймагынан чогултулган бардык салыктардын үлүшү, %
Бюджеттин түрү 2011-ж. 2012-ж.
Республикалык бюджет 86,4 88,9
Бишкектин бюджети 14,6 11,1

Бирок эгерде салыктардын түрлөрү боюнча чыныгы түшүүлөргө анализ жасай турган болсок, анда Бишкектин бюджети “Республикалык бюджет жөнүндө” Мыйзамга ылайык ага тийиштүү болгон бардык финансы каражаттарын алып жатат! Башкача айтканда, Салык кызматынын жана казыналыктын колу менен мамлекет өз милдеттемелерин 100% аткарууда (3-таблицаны караңыз). Ушундай эле эреже менен Кыргыз Республикасындагы бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жашайт.

 

Т1-таблица. 2012-жылга жергиликтүү бюджеттердин киреше структурасында жалпы мамлекеттик салыктардын бөлүнүүсүнүн үлүшү
Жалпы мамлекеттик салыктардын аталышы
Респ. маанидеги ша-
арлар (Бишкек, Ош)
Обл. маанидеги
шаарлар
Рай. мааниде-
ги шаарлар
Айыл
өкмөтү
Кирешеге жараша алынчу салык 50% 40% 40% 10%
Сатуудан түшкөн салык 50% 50% 25% 25%
Ыктыярдуу патенттин негизинде салык 100% 100% 100% 100%
Милдеттүү патенттештирүүдөн кирешелер 100% 100% 100% 100%
Бирдиктүү салык 100% 100% 100% 100%
Жер казынасын пайдалануу үчүн салык (стратегиялык
пайдалуу кендерди – алтын, мунай, газ – кошпогондо)
50% 50% 50% 50%

 

Ошентип мамлекет Бишкектин бюджетин “тоноп” жатат же адилетсиз мамиле жасоодо деген билдирүүлөрдү толук негиз менен четке кага алабыз жана кезектеги миф деп ишенимдүү айта алабыз. Анда акыркы жылдары Бишкектин бюджети чоң кыйынчылыктарга дуушар болгонунун жана бүгүнкү күндө муниципалдык, өзгөчө коммуналдык кызматтарды каржылоого карата ушундай оор кырдаал түзүлгөнүнүн себеби эмнеде? Чыгашалардын натыйжалуулугун, акча кантип сарпталып жатканын карап чыксак эле бул суроого жооп табабыз.
 
Бишкектин бюджетинин чыгаша бөлүгүнө анализ
 
Бишкектин бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн структурасы бюджеттик каражаттарды сарптоодо үч артыкчылыкка ээ: билим берүү, саламаттык сактоо, турак жай жана коммуналдык кызматтар (1 диаграмма). Көңүлдү эң чоң 2 чыгаша милдеттемесине буруу керек: билим берүү жана саламаттык сактоо. Булар суммада 3,11 млрд. сомду берет, же Бишкектин бардык бюджетинин 59% (!!!) түзөт. Ошол эле учурда КР Конституциясына жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга ылайык, билим берүү жана саламаттык мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги деп эсептелет жана бул ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп БЕРИЛЕ АЛАТ. Бүгүнкү күндө ушул ыйгарым укуктар Бишкек шаарына өткөрүлүп берилгидей нормативдик укуктук акттар жок. Атүгүл КР Каржы министрлиги саламаттык сактоону жана билим берүүнү республикалык бюджеттин жана ФОМСтун каражатынын эсебинен каржылоого өткөрүп берүү тууралуу маселени бир нече жолу көтөргөн. Бирок Бишкек мэриясы түшүнүксүз көктүк менен бул сунуштан баш тартып келүүдө. Кырдаалды ого бетер логикасыз кылган дагы бир көрүнүш – Бишкектин каражаты мамлекеттик кызматчы макамына ээ болгон аткаминерлердин маянасын төлөөгө кетип жатат, бул таптакыр түшүнүксүз жана учурда иштеп жаткан мыйзамдарга карама-каршы келет. Балким бул көктүк саясий себептер менен, дарыгерлер, мугалимдер жана алардын жетекчилеринен турган тил алчак бюджетчилердин чоң армиясын көзөмөлдөө, бул адамдарды административдик ресурс катары колдонуу, кадр саясатына таасир этүү каалоосу менен шартталып жаткандыр.
 
Өкмөт мамлекеттик милдеттенмелерин аткаруу боюнча чыгашаларды көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алганда (мисалы, мугалимдердин, дарыгерлердин айлык маянасын жогорулатууда), бул чечимдердин тобокелчилиги да республикалык бюджеттеги каражаттардын эсебинен болжолдонот жана жабылат. Жергиликтүү бюджеттер үчүн артыкчылыктуу деп жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруу боюнча милдеттенмелердин чыгымдары эсептелет (жашылдандыруу, көрктөндүрүү, таштанды чыгаруу, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү ж.б.), жана ошол эле айтылган мугалимдердин же дарыгерлердин айлык маяналарын көтөрүү боюнча тобокелчилик кадамдары ал жакта каралган эмес. Мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруу жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жабыла баштаганда жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилиши аксап калат, жана так ошол көрүнүш Бишкек шаарында болуп жатат.
 
Жыл сайын ушул чөйрөлөрдү каржылоо барган сайын кыйындап баратат. Айталы, өткөн жылкы мугалимдердин маянасын жогорулатуу 2012-жылы шаардык бюджеттен кошумча 440 млн. сомду “жеп” койду. Иш жүзүндө мугалимдер алданып калды – алардын айлыгын көбөйтүштү, бирок “муниципалдык” үстөктү тартып алышты. Кырдаал бул чөйрөдө чыгашалар кандай гана көбөйсө, ошого жараша курчушу ыктымалдай болуп турат: электр алып жүрүүчүлөрүнө баанын жогорулашы, дарыгерлердин жана мугалимдердин маянасынын жогорулашы ж.б. Бирок акча ушундай мүнөзгө ээ – бир жерге кошулса, экинчи жерден жоголот. Эгерде билим берүүгө жана саламаттык сактоого кошулуп жатса, кайсы жерден азайууда? Саясий конъектуранын көңүлүн алуу үчүн ТКЧ (ЖКХ) жана социалдык программаларга чыгашалар азайды. Айталы, 2011-жылы ТКЧга 1,02 млрд. сом сарпталса, 2012-жылдын 11 айында 0,68 млрд. сом гана болгон. Мында турак жай – коммуналдык чарбачылыктын (жолдор, жарыктандыруу, таштанды тазалоо, жашылдандыруу ж.б.) абалы – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түз милдети жана жоопкерчилиги. Социалдык программаларга каржылоонун көлөмүнүн азайышы терең тынчсызданууну жаратат. 2011-жылы социалдык программаларга 290 млн. сом сарпталса, 2012-жылдын 11 айы үчүн болгону 207 млн. сом бөлүнгөн.
 
Шаарды тартипке келтирүү үчүн чыгашаларды эмне кылыш керек?
 
Билим берүү жана саламаттык сактоо системаларын каржылоо боюнча чыгаша милдеттемелерин иштеп жаткан мыйзамдарга шайкеш келтирүү жана аларды республикалык бюджетке өткөрүп берүү.
 
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн талкуулоодо жана кабыл алууда шаардык кеңештин депутаттарына жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн божомолун деталдуу түрдө негиздеп берүү.
 
Бишкектин бюджетин түзүү жана аткаруу процессин программалык негизге өткөрүүнүн баскыч-баскыч менен программасын иштеп чыгуу.
 
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн анализи
 
Республикалык бюджеттен грант катары бөлүнгөн трансферттерди эсепке албаганда, Бишкектин бюджетинин өз кирешелери 459 айылдык аймактын жана 24 шаардын, ошондой эле түштүк калаа – Ош шаарын кошкондо жергиликтүү бюджеттердин бардык көлөмүнүн 54% ээлейт. Ошол эле маалда Бишкектин тургундарынын саны өлкө калкынын санынан болжол менен 20-22% түзөт. Муниципалитеттер боюнча тиликте жергиликтүү бюджеттердин киреше көлөмүндө көзгө көрүнөөрлүк эле дисбаланс байкалат. Бишкек өз кирешелери менен эң камсыздалган муниципалитет болуп эсептелет. Андыктан Бишкек шаар бийлигинин финансы ресурстарын берүүдө кошумча преференция талап кылганы эч эле жүйөсүз.
 
Анализ көрсөткөндөй, Бишкек ш. бюджетинин негизин кирешенин 5-6 түрү түзөт, алар жалпысынан бардык түшкөн каражаттын болжол менен 82% берет.
 
Ошол эле учурда шаардык бюджеттин кирешесинин калктуу пункттардын жерлери үчүн салыктардын жана өндүрүш-коммерциялык максаттарда колдонулган 2 жана 3-топтордогу мүлккө салыктардын эсебинен түшкөн олуттуу эмес бөлүгү таң калууну жаратат. Бул салыктар түшкөндө суммасында 430 млн. сомду берет, бул болсо шаардык бюджеттин кирешесинен болгону 8% түзөт. Эл аралык практика көрсөткөндөй, адатта коммерциялык кыймылсыз мүлктөн түшкөн киреше жергиликтүү бюджеттин негизин түзөт.
 
2011-жылы Бишкек шаарына мугалимдердин маянасынын жогорулашына байланыштуу жогору турган деңгээлден өткөрүлүп берилген каражат катары республикалык бюджеттен 1 миллиард сомго жакын акча которулганына көңүл буруу зарыл. Ошону менен катар Бишкектин мэриясы республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен билим берүү системасын каржылоону өткөрүп берүүдөн баш тартты жана 2012-жылы мугалимдердин маянасынын жогорулашы шаардын бюджетине кошумча жүк болду.
 
Шаарды тартипке келтирүү үчүн кирешелерди эмне кылыш керек?
 
Жергиликтүү бюджеттердин кирешесин түзүүгө жана биринчи кезекте айыл чарбалык эмес багыттагы жерлердин аянтына жана өндүрүштүк-коммерциялык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча тиликте калктуу пункттарга таасирин тийгизген экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөргө анализ жүргүзүү.
 
Жергиликтүү бюджеттин кирешесин түзүү процедурасына көз карандысыз аудит жүргүзүү.
 
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн кабыл алууда салыктарды жана салыксыз төлөмдөрдү болжолдоо жана эсептөө боюнча депутаттарга деталдуу жүйө келтирүү.
 
Корутунду
 
Бишкектин бюджетин түзүүгө байланыштуу кырдаал жыл сайын оорлошууда. Мындай абалдын негизги себеби – чыгаша милдеттемелери менен аларды төлөп берүү боюнча өсүш темптери кирешенин өсүш темпинен бир кыйла озуп кетти. Акыркы маалда бул нерсе социалдык, анын ичинде калктын корголбогон катмарына колдоо көрсөтүү боюнча, ошондой эле биринчи кезекте мугалимдерге маяна төлөп берүү боюнча программаларды коркунучка кептеди. Ал эми мисалы, муниципалдык турак жайдын курулушу же транспорт маселесин чечүү өңдүү суроолор үмүтсүз “илинип” турат.
 
Мындай шарттарда Бишкектин бюджеттик саясатын кескин карап чыгуу маселесин көтөрүү зарыл. Республикалык бюджеттин чыгаша милдеттемелери менен борбордун бюджетинин чыгаша милдеттемелерин так ажырымдоо зарыл. КР Конституциясы, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган Мыйзамдар жана башка нормативдик укуктук акттар чыгаша милдеттемелерин ажырымдоо үчүн негиз болуп бериш керек. Башка чөйрөлөрдү, аны менен катар билим берүүнү
көзөмөл алдында кармоо өңдүү саясий элитанын каалоосу бюджеттик саясаттын принциптери БОЛО АЛБАЙТ.
 
Шаардык кеңештин депутаттары маанилүү саясий чечим кабыл алыш керек. Шаар үчүн артыкчылыктуу кайсынысы: саясий дымактар жана саясий конъектурабы же жарандарга сапаттуу муниципалдык кызмат көрсөтүүбү?