Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Каркыранын кубулушу: Нуржандын таза жана дени сак коомго сапары

2024-12-02 / ЖӨБ кызматтары
Каркыранын кубулушу: Нуржандын таза жана дени сак коомго сапары

Алима ОМОРОВА, коомчулук менен байланыш боюнча адис, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, ӨСИ

Нуржан ЖАСОЛБЕКОВАнын чечкиндүү аракет-теринин натыйжасында Талды-Суу айылында коммуналдык калдыктарды башкаруу жаатында бир топ жылыштар болду. Нуржан демилгесин ӨСИ ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору колдоп берди. Бул окуя жергиликтүү лидер жергиликтүү жамаат менен биргеликте жакшы жагына олуттуу өзгөрүүлөргө кандайча көмөктөшө алаарын көрсөтүп турат.

Талды-Суу айылында коммуналдык калдыктарды жок кылуу көйгөйү курч чекке жеткен эле. Калдыктарды жок кылуу үчүн таштанды полигондорунун жоктугунан улам айыл олуттуу санитардык көйгөйлөргө туш болгон. Таштандыларды башкаруунун уюштурулган системасынын жоктугу айлана-чөйрөнүн булганышына себепчи болуп, ден соолукка коркунуч келтирип, жашоочулардын жашоо сапатынын төмөндөшүнө алып келди. Бул көйгөйдү чечүү жаңы мамилени жана жигердүү чараларды талап кылды, бирок жамаатты мындай өзгөрүүлөрдүн зарылдыгына ишендирип, керектүү ресурстарды алуу оңой болгон жок.

Түп районунун Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Нуржан ЖАСОЛБЕКОВА бул көйгөйлүү маселени чечүү демилгесин көтөрүп чыккан. Таштандыларды натыйжалуу жок кылуу үчүн жаңы полигонду түзүү анын негизги максаты болгон. Нуржан бул идеяны жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана айыл өкмөт башчысына сунуштаган. Бирок, ийгиликке жетүү жолунда тоскоолдуктар көп эле: жамааттын колдоосу чабал – жашоочуларды долбоор маанилүү болгонуна ынандырыш керек; атайын жабдуулар тартыш – ресурстарды табыш керек эле; жарандарда таштандыларды башкаруу көндүмдөрү жок – жашоочуларга таштандыларды туура жок кылганды үйрөтүш керек болчу. Бул кыйынчылыктарды жеңүү үчүн Нуржан жергиликтүү жамааттын тазалыктын маанилүүлүгү, анын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн социалдык тармактарды колдонду. Ал таштандыларды жок кылуу практикасын жакшыртуу зарылдыгын баса белгилөө үчүн туруктуу негизде маалыматтык өнөктүктөрдү өткөрүп турду. Анын аракеттери коомчулуктун олуттуу бөлүгүнүн көңүлүн буруп, акырындык менен жамааттын колдоосун тапты. Мындан тышкары, административдик-аймактык реформа таштанды ташуучу автоунааны сатып алууга көмөкчү болду, бул өз кезегинде аймакта таштанды жыйноо процессин жеңилдетти.

Талды-Суу айылында жаңы таштанды полигонунун ачылышы Нуржандын демилгесинин өзөктүү учуру болду. Полигон Районду өнүктүрүү фондунун жана жергиликтүү бюджеттин колдоосу жана бөлүнгөн каражаты менен ачылды. Жергиликтүү калк өзгөрүүлөрдү оң кабыл алып, бул демилге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин кыйла жакшыртты. Аймак алда канча таза болуп калды, бул, албетте, жашоочулардын жашоо сапатын жогорулатты. Долбоордун ийгилигине көп жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу себепчи болду, алардын үлүшүнө бардык жетишкендиктеринин эң чоң бөлүгү туура келет.

Ушул тапта USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташтыкта таштанды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө экономикалык жактан негизделген тарифтер иштелип чыгууда. Бул тарифтер таштандыларды башкаруу системасынын туруктуулугун камсыз кылат. Полигондун ачылышы Талды-Суу айылындагы айлана-чөйрөнү тазартып, калдыктарды натыйжалуу башкаруунун жамааттын бакубатчылыгына тийгизген таасирин көрсөттү. Бул ийгиликке таянып, Нуржан мындан ары да муниципалитеттин жашоосун жакшыртуу багытындагы аракеттерин улантууну пландап жатат. Анын келечектеги пландарына айылдык аймакта туризмди өнүктүрүү кирет, бул демилге жердештердин экономикалык жана социалдык шарттарын жакшыртмакчы. Ал ошондой эле жергиликтүү тургундар жана туристтер үчүн өзгөчө жер катары кызмат кыла турган заманбап эс алуу паркын курууну пландаштырууда. Нуржан өз ишинин аркасында билим деңгээлин жогорулатып, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу боюнча баалуу көндүмдөргө ээ болду. Ал элеттиктердин жашоо сапатын жакшыртуучу долбоорлорду кантип натыйжалуу ишке ашыруу керектигин үйрөнүп, маанилүү өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашырууда жергиликтүү лидерлердин потенциалын көрсөтө алды.

Нуржандын окуясы – ишеним жана өжөрлүк жашоону өзгөрткөн жыйынтыктарга алып келээринин эң сонун мисалы. Нуржан башка аялдарды да жаңы идеяларды ойлоп таап, ыктымалдуу кыйынчылыктарга карабастан аларды орундатууга шыктандырып келет. Нуржандын аялдарга жолдогон билдирүүсү айдан ачык: “Өзгөрүүлөрдөн коркпогула”.

Окшош материалы: