2013-01-31 / ЖӨБ кадрлары
Муниципалдык кызматчыларды окутуудагы муктаждыктар
“Муниципалитет” журналы ЖӨБ органдарынын кадр дарамети тууралуу бир нече жолу жазган. Бул – муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга бут тоскон негизги көйгөйлөрдүн бири. Кадрлардын көбүнүн квалификациясы төмөн, бирок муниципалдык кызматчылар үчүн кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу системасы өлкөдө жок. КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын кээде болуп туруучу аракеттери жылына муниципалдык кызматчылардын ондон бир үлүшүн да камтыбайт. Эл аралык уюмдар өткөрүп келаткан укмуштуудай көп сандагы тренингдер туруктуу натыйжа бербей келет. Өнүктүрүү саясат институту тренингдердин пайда алып келбей жатканын жана муниципалдык кызматчыларды кайра дайындоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча туруктуу мамлекеттик системаны түзүү зарылчылыгы пайда болгонун 2 жыл мурда эле айткан. Ошондой эле Адамдын өнүгүүсү тууралуу Улуттук докладды иштеп чыгуунун алкагында бул сунушун негиздеп берген. Ошондон бери бул теманы процесстин башка катышуучулары илип кетип, идея эксперттик жамаатта жашап кетти. Андан соң жергиликтүү өз алдынча башкарууну кубандырып, муниципалдык кызматчыларды окутуу стратегиясын иштеп чыгуунун алкагында бул маселе менен Мамлекеттик кадр кызматы тыгыз алектене баштады. Бул стратегияда ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында ӨСИ сунуштаган ыкма өз ордун ээледи. Бул ыкманын маанилүү принциптеринин бири – ЖӨБ органдарынын өзүнүн керектөөлөрүндө окутуу системасынын таянычы. Башкача айтканда, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу системасы окуу курстарын муниципалитеттердин кызматкерлери өздөрү муктаж болгон темалар боюнча гана даярдайт. Бирок ушул жерден суроо пайда болот: бул керектөөлөрдү кантип аныктайбыз?
“Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору өзүнүн артыкчылыктуу тапшырмаларынын арасында башаламан, “өрт сымал” тренингдердин эски системасын жоготуп, муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун туруктуу механизмин түзүүнү көрөт. Андыктан Долбоор өз ишмердүүлүгүнүн башында эле бул маселеге өзгөчө көңүл буруп келатат. Биз төмөнкүлөрдү түшүнүүгө аракет жасадык: Система кантип курулуш керек? Керектөөлөрдү кантип аныктайбыз? Окутууну кантип уюштуруш керек? Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер тарабынан туруктуу каржылоону кантип түзүш керек? Ушул жана башка суроолорго Долбоордун адистеринин катышуусунда Мамлекеттик кадр кызматы даярдап чыккан Муниципалдык кызматчыларды окутуу стратегиясы жооп берет. Бирок биз бүгүн “Муниципалитет” журналынын беттеринде Стратегияны эң биринчи жана өзөктүү суроодон талкуулай баштасакпы дедик. Окутууга муктаждык канчалык? Аларды муниципалдык кызматчылар өздөрү кандай көрөт? Бул үчүн ӨСИ атайын изилдөө жүргүздү. Анын жыйынтыгы төмөндө келтирилген.
Бир айдын ичинде 2012-жылдын жай мезгилинде ӨСИ Долбоордун пилоттук облустары болуп эсептелген Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы муниципалдык кызматчылардын арасында сурамжылоо жүргүздү. Изилдөөнүн максаты – респонденттерди окутууда керектөөлөрдү аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу. Респонденттер – муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курсунун ыктымал катышуучулары.
Изилдөөнүн алкагында респонденттер тууралуу жалпы маалымат чогултулуп, түрдүү кызматтагы муниципалдык кызматчыларды окутуудагы керектөөлөр такталып (окутуу өткөрүүнүн тематикасы, жери, убактысы ж.б.), айыл өкмөт башчыларынын жергиликтүү бюджеттен окутууга каражат бөлүүгө даярдыгы аныкталды. Бул изилдөө муниципалдык кызматчылардын чыныгы керектөөлөрүнө негизделип, алардын квалификациясын жогорулатуу системасынын жаңы окуу моделин тестирлөө үчүн негиз болуп бермекчи.
Кимдер суралды?
Изилдөөгө 399 респондент катышты (Ысык-Көл облусу – 185, Жалал-Абад облусу – 214) же эки облустагы 112 же 86% айылдык аймактын ичинен бардык муниципалдык кызматчылардын болжол менен 18% катышты. Андыктан ылгап алуу биздин баамыбызда репрезентативдүү жана жүйөлүү болду.
Изилдөөгө 131 аял (32,83%), 268 эркек (67,17%) катышты. Жаш адистер (18 жаштан 25ке чейинкилер) респонденттердин жалпы санынан 3% азын түзөт. Бул болсо жаш адистер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызматка келгиси келбейт жана мотивация чабал (ар кандай себептер менен, анын ичинде төмөнкү маяна үчүн) деген Долбоордун тыянактарын тастыктап жатат.
Респонденттердин 60% ашууну жогорку жана аякталбаган жогорку билимге, ар бир бешинчиси – орто профессионалдуу жана 3% гана орто билимге ээ. Бул болсо көпчүлүк муниципалдык кызматчылар билим берүү жагынан квалификациялык талаптарга жооп берерин көрсөтүп жатат.
Респонденттердин үчтөн бири ЖӨБда 5 жылга чейинки иш стажына ээ. Бул болсо ЖӨБ органдарында кадрлардын туруксуздугун көрсөтүп жатат жана буга ылайык биринчи кезекте муниципалдык кызматчылардын дал ушул категориясы үчүн кошумча окутуу өткөрүү зарылчылыгын көрсөтүп жатат.
“Өз милдеттемелериңизди аткаруу үчүн сизге кошумча окутуу зарыл деп эсептейсизби?” деген суроого респонденттердин дээрлик 90% “ооба” деп жооп кайтарган. Бул болсо кошумча окутуунун маанисин жана зарылчылыгын, эң негизгиси респонденттердин ушундан өтүү каалоосу болгонун көрсөтүүдө.
Муниципалдык кызматчылар эмнени үйрөнгүсү келет?
Маанилүү суроо – окуу программасында кандай темалар болуш керек? Мында муниципалдык кызматчылардын түрдүү категориясында окутууга карата түрдүү керектөөлөр пайда болушу ыктымал экенин түшүнүү маанилүү. Анткени айрым муниципалдык кызматтардын өкүлдөрүнө кеңири билим керек болсо, айрымдарына дагы да кууш, атайын жана атүгүл техникалык билим керек. Андыктан изилдөөнүн авторлору кийинчирээк тиешелүү окуу топторун түзүү үчүн кызматтар боюнча 5 максаттуу топту аныктап алышты. Учурдагы окуу программасынын тематикасын жана Долбоордун сунуштарын колдонуу менен респонденттерге муниципалдык кызматчылардын ишмердүүлүгүндөгү негизги деп эсептелген 20 темадан турган тизме сунушталды. Респонденттер өз керектөөлөрүн аныкташты, ошонун негизинде максаттуу топтордун керектөөлөрү түзүлдү. Эки облуста тең темалар окшош тандалды жана негизинен алардын кызматтык милдеттемелери менен аныкталды. Мында жалпы багыттагы да, атайын темалар да (функционалдык милдеттемелерге ылайык) камтылды. Таблицаларда көпчүлүк респонденттер тандаган 9-11 тема келтирилди.
Окутуунун шарттары жана зарыл ресурстар
Респонденттердин үчтөн экиси кыргыз тилинде окуу ниетин билдиришти. Бул болсо окуу модулдарын, материалдарды жана окутууну мамлекеттик тилде даярдоо зарылчылыгын көрсөтүүдө. Муну окутууну пландоодо жана өткөрүүдө сөзсүз эсепке алыш керек. Окутуунун шарттарына карата тил гана эмес, курстардын узактыгы да маанилүү. Мында квалификацияны жогорулатуу негизги жумуштан ажыратылып ишке ашууда. Ал эми квалификацияны жогорулатууда максималдуу натыйжа эгерде курс 1 айдан кем эмес жүрсө болот. Андыктан респонденттерге алар жумуштан убактылуу чыгып, окуса, анын узактыгы кандай болуш керек деген суроо узатылды. Тилекке каршы 13,28% гана 1 ай окуу ниетин билдирди. 1 ай окуу – дагы да узакка созулган окуу курстарын жайылтуу боюнча заманбап талаптарга жооп берет. Алар көпчүлүк муниципалдык кызматчылар каалап жаткан бирден он күнгө чейинки окууларга караганда, дагы да сапаттуу жана терең билим берет. Квалификацияны жогорулатуунун толук кандуу системасын уюштуруу үчүн ар бир кызматчы үчүн окутуунун үзгүлтүксүздүгү да маанилүү. Ал кызматчылардын түрдүү категориясы үчүн ар кандай болушу мүмкүн. Анткени алардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүнөн көз каранды.
Окутуунун үзгүлтүксүздүгү тууралуу суроого жооп берип жатып, респонденттердин дээрлик 60% жарым жылда 1 жолу окуу ниетин билдирсе, үчтөн бири жылына 1 жолу, 3% 2 жылда 1 жолу квалификациясын жогорулатууну кааласа, болгону 1% гана 3 жылда 1 жолу окуганга даяр. Алынган жооптор муниципалдык кызматчылар өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма жакшыртуу зарылчылыгын баамдап турушат деген гипотезаны тастыктап жатат.
Календардык жактан караганда респонденттердин дээрлик баары окууга каникулярдык мезгилде баруу ниетин билдиришти. Мында жай мезгилинде – 53,38%, кышында – 41,60%. Респонденттердин окутууга дал ушул каникулярдык мезгилде (жайкы жана кышкы мезгилдер) катышуу ниети ЭҮЖӨБОЖ долбоору 2011-жылы өткөргөн жогорку окуу жайлардын дараметин изилдөөсүнүн натыйжаларына окшошуп кетүүдө. Каникулярдык убакыт ЖОЖдор үчүн да ыңгайлуу, анткени дал ошол учурда окутуучулар да, жайлар да окутуу өткөрүү үчүн колдонулса болот, анткени негизги ишмердүүлүгүнөн бошотулган. Экинчи тыянак – кызматчылар окутуудан өз отпускалары учурунда өткүсү келет. “Окууну кайсы жерден өткүңүз келет?” деген суроого респонденттердин төрттөн бир бөлүгү гана “облустук борбордо” деп жооп кайтарышкан.
Бул бир катар кыйынчылыктарды туудурат. Анткени каражаттарды натыйжалуу сарптоо, окутууну өткөрүүнүн аткаруучуларына тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле ЖОЖдор арасында атаандаштыкты жана алардын дараметин өнүктүрүү максатында окутууну облустук борбордо өткөрүүгө өтүү зарыл. Мамлекеттик кызматчылардын бул каалоосун облустук борборлордо билим берүү кызматтарынын жогорку сапаты болгон шартта жана жашоо үчүн татыктуу шарттар болгон учурда гана жеңсе болот.
Окутууну уюштуруу планында курстун катышуучулары жашаган жер да маанилүү. Квалификацияны жогорулатуу боюнча курсту “кол сунган жер” принциби боюнча өткөрүү, башкача айтканда катышуучулардын баарын борборго ташып жүрбөй, курстарды облустук университеттердин базасында уюштуруу туура деп эсептегенден улам изилдөөнүн жүрүшүндө биз муниципалдык кызматчылардан аларда туугандарынын, досторунун же тааныштарынын үйүндө жашоо мүмкүнчүлүгү барбы деп билгенге аракет кылдык. Бул суроо бир жагынан жатаканадагы шарттар жакшы болбой калышы ыктымал дегенден улам, экинчи жагынан жергиликтүү бюджетте кызматчынын атүгүл жатаканада жашоосун төлөгөнгө каражат жетпей калышы мүмкүн деген кооптонуудан улам пайда болду. ЖӨБ органдарынын кызматчыларынын туугандарынын же тааныштарынын үйүндө жашаганы квалификацияны жогорулатуунун наркын бир кыйла арзандатмак. Жооптордун анализи көрсөткөндөй, бир ай бою “өз” аймагында жашоо мүмкүнчүлүгү респонденттердин 10% гана бар болгонун, бирок 3 күнгө чейинки тренигдерди респонденттердин жарымы өз чөнтөгүнөн төлөй алаарын көрсөттү.
Анткен менен, жогоруда айтылгандай, үч күндүк окутуу муниципалдык кызматчынын квалификациясын сапаттуу жогорулата албайт. Андыктан ЖӨБ органдары өз кызматкерине курс өтө турган жерде 1 айлык жашоосун төлөп берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат таап берүүсү үчүн алар менен иш алып баруу зарыл. Бул үчүн жергиликтүү бюджетке ушул максатка алдын ала зарыл каражат киргизүү керек.
А акча кана?
Бул жерде биринчи планга жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн эң оор суроо чыкты – жергиликтүү бюджетте муниципалдык кызматчынын квалификациясын жогорулатуу үчүн финансы каражаты барбы? 63 айыл өкмөтүнүн башчысы, изилдөөгө катышкандардын жарымынан көбү жергиликтүү бюджетке окуу үчүн 1% көлөмдө чыгаша киргизүүгө даяр болгону кубандырат. Респонденттердин жооптору ЖӨБ органдары тарабынан окутуунун маанисин жана зарылчылыгын түшүнүп жатканын, аны менен катар жергиликтүү бюджеттердин чыныгы мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырды.
Андыктан окутууну пландоодо, өзгөчө пилоттук долбоорлорду өткөрүү учурунда биринчи кезекте угуучулар тобуна башчылары жергиликтүү бюджетке окутуу үчүн чыгашаларды кошуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу тууралуу билдирген айыл өкмөттөрүн кошуу зарыл.
Тыянак
Изилдөөнүн жыйынтыктары муниципалдык кызматчылардын алардын ишмердүүлүгү жана жалпысынан окутуу системасы менен байланышкан керектөөлөрүнүн жалпы абалын чагылдырды. Алынган натыйжалардын негизинде жана өз сунуштарды эсепке алуу менен Долбоор муниципалдык кызматчылардын болочок окуусун уюштуруу үчүн төмөнкүдөй сунуштарды даярдады:
• кошумча окутууну уланта берүү жана жакшыртуу;
• планга респонденттер тандаган темаларды сөзсүз киргизүү;
• окутууну кыргыз тилинде өткөрүү;
• окутууну жайкы же кышкы каникулярдык маалда өткөрүү;
• жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен окутууга чыгашаларды жергиликтүү бюджетке кошуу боюнча иш алып баруу;
• дагы да терең, сапаттуу билим берген жана катышуучуларды жакшыраак дайындаган орто мөөнөттүү (бир ай) курстарга өтүүнү сунуштоо;
• актуалдуу маселелер боюнча, өзгөчө муниципалдык кызматчылардын кесиптик ишмердүүлүгүнүн процессинде кайрадан пайда болуп жаткан темалар боюнча кыска мөөнөттүү окуу иш-чараларын (тренингдер, семинарлар) өткөрүүнү уланта берүү;
• тиешелүү ченемдик укуктук акттарга муниципалдык кызматчыларды үч жылда бери дегенде бир жолу милдеттүү түрдө окуудан өтүүгө милдеттендирген талапты кошуу;
• окутууну өткөрүүгө каражатты натыйжалуу сарптоо, окутууну өткөргөн аткаруучуга тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле
ЖОЖдор арасында атаандаштыкты жана алардын дараметин өнүктүрүү үчүн окутууну облустун борборлорунда өткөрүү;
• окутууну уюштуруунун жаңы окуу моделин тестирлөө. Анын алкагында башчылары жергиликтүү бюджетке окутуу үчүн чыгашаларды кошуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу тууралуу билдирген айыл өкмөттөрүнүн ичинен пилоттук максаттуу топторду түзүү.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен биргеликте 2013-жылы Долбоор окутууну уюштуруунун жаңы окуу моделин тестирлөөнү уюштурууну пландап жатат. Анда ушул изилдөөнүн жыйынтыктары жана сунуштары колдонулат.
Модел тууралуу кененирээк маалымат, ошондой эле:
• ЖОЖ кантип аныкталат?
• модулдар кантип иштелип чыгат?,
• ким окутуучу болот?,
• катышуучулар кантип алынат? деген суроолорго жооптор “Муниципалитет” журналынын жакынкы сандарында жарыяланат.