Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Климаттык туруктуулук жергиликтүү чечимдерден башталат
“Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестицияларды жумшоо менен көмүртекти секвестрациялоо” долбоору (CS-FOR) Кыргызстандын элеттик жамааттарына жайыттарды калыбына келтирүүгө, жашыл бизнести өнүктүрүүгө жана узак мөөнөттүү киреше булактарын түзүүгө кантип жардам берүүдө.
Климаттын өзгөрүүсү, жайыттардын бузулуп жатышы жана жаратылыш ресурстарынын азайышы Кыргызстандын элеттик жамааттарынын бакубат жашоосуна тикелей таасирин тийгизүүдө. Үй-бүлөлөрдүн жашоосу жана жергиликтүү экономикасы мал чарбачылыгынан, жайыттардан жана токойлордон көз каранды болгон аймактар өзгөчө аяр абалда калып жатышат. CS-FOR долбоору жаратылышты коргоо маселелерин жашоочуларды иш жүзүндө колдоо менен айкалыштырып келет: долбоор жамааттарга ресурстарды жакшыраак башкарууга, билим жана жабдууларды алууга, ишкердикти өнүктүрүүгө жана климатка байланышкан чечимдерди жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөргө айландырууга жардам берүүдө.
“Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестицияларды жумшоо менен көмүртекти секвестрациялоо” (CS-FOR) долбоору 2023-жылдын сентябрынан тарта Жашыл климаттык фонддун каржылоосу жана Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун негизги операциялык өнөктөштөрүнүн бири – Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС). CS-FOR’дун негизги милдети – климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды жергиликтүү тургундардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бириктирүү. Долбоор жайыттарды жана токойлорду туруктуу башкарууну колдоп, жамааттардын дараметин бекемдеп, жашыл инвестицияларды тартууга жана элеттик ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүп жатат.
АРИСтеги CS-FOR долбоорунун координатору Руслан ТЮПЕЕВ жетишилген жыйынтыктар, долбоордун элеттик үй-бүлөлөр үчүн пайдасы жана келечеги тууралуу ой бөлүштү.
– Руслан, долбоордун маңызы эмнеде жана ал Кыргызстан үчүн эмнеси менен маанилүү?
– Долбоордун идеясы – адатта өзүнчө каралып келген эки теманы бири-бирине байланыштыруу. Ал темалар: климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү жана жайыттар менен токойлордон көз каранды болгон элеттик жамааттардын күнүмдүк жашоосу. Жайыттар өлкөнүн аймагынын олуттуу бөлүгүн ээлейт жана алардын абалы мал чарбасына да, климатка да тикелей таасирин тийгизет. Бузулуп жаткан жайыттар көмүртекти көп жакшы кармай албай калат, эрозияга көбүрөөк дуушар болот жана тоют азыраак болот. Долбоорду Жашыл климаттык фонд каржылап, ФАО Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы менен биргеликте ишке ашырууда. АРИС жергиликтүү жамааттар менен жеринде иштөөгө – социалдык мобилизациялоого жана тургундарды чечимдерди кабыл алууга тартууга жооптуу. Биз төрт райондо иш алып баруудабыз: Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Өзгөн районунда.
– Долбоорду ишке ашырууда АРИСтин ролу кандай?
– Өнөктөштүк макулдашууга 2023-жылдын сентябрь айында кол коюлган. Биринчи жылды негизинен уюштуруу иштерине жана маалыматтык өнөктүккө арнадык. Тургундарга долбоор эмне үчүн керек экенин, ал кандай пайда алып келе аларын жана ага кантип катышса болорун түшүндүрүп берүү маанилүү болду. Алгачкы жолугушууларда эле кызыгуу күчтүү экени байкалды: төрт райондо өткөн маалыматтык иш-чараларга 400дөн ашык адам катышты.
2024-жылы кийинки этап – ландшафттарды башкаруу боюнча коомдук топторду (ЛБКТ) түзүү башталды. Бул долбоордун өзөктүк механизми: мындай топтор аркылуу тургундар жайыттарды жана башка жаратылыш ресурстарын башкарууда эмнелерди өзгөртүш керектигин жана муну кантип жасаса болорун өздөрү аныкташат. 2024-жылдын аягына чейин алты топ түзүлгөн.
– 2026-жылдын биринчи жарым жылында кандай өзгөрүүлөр болду? Кандай тапшырмалар аткарылды?
– Ушул кезге чейин максаттуу райондордун 18 айылдык аймагында ЛБКТлар түзүлүп, жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулук пландары иштелип чыкты. Бул пландар жамааттарга өзүнчө иш-чаралардан системалуу ишке өтүүгө жардам берүүдө. Алар: ресурстардын абалын баалоо, артыкчылыктарды аныктоо жана макулдашылган чечимдерди кабыл алуу.
Ошол эле учурда окуулар да өткөрүлүп турду. Төрт райондогу 12 айылдык аймак үчүн жайыттарды пайдалануунун жылдык пландарын иштеп чыгуу жана алардын абалына мониторинг жүргүзүү боюнча тренингдер өткөрүлдү. Өзүнчө багыт жайыт үрөнчүлүк питомниктери менен байланышта болду. ФАО менен биргеликте методикалык колдонмо иштелип чыгып, бардык 27 айылдык аймакта питомниктерди уюштуруу боюнча эки күндүк тренингдер өткөрүлдү. Ала-Букада, Атайда жана Мырза-Акеде питомниктерди түзүү практикалык этапка өттү.
Тургундар үчүн бул жаңы билимге жетүүнү гана билдирбейт. Жамааттар жайыттардын абалына өз алдынча көз салып турууга, аларды пайдаланууну пландаштырууга жана тоют базасын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген аспаптарды алышат – булар болсо туруктуу мал чарбасынын жана элеттик үй-бүлөлөрдүн кирешесинин өзөгүн түзөт.
– Элеттик ишкерлердин бизнес-пландарын каржылоо көзгө илинерлик жыйынтыктардын бири болгон экен. Кандай иштер жасалды?
– Бул багыт өзгөчө маанилүү, себеби ал климаттык күн тартибин колдогон киреше алуу механизмдерин түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Отчеттук мезгилде бизнес-пландоо боюнча туруктуу консультациялык колдоону 81 ишкер алды; алардын 30 пайызга жакынын аялдар түзөт. Бизнес-пландарды даярдоого 98 өтүнмө берилип, 46 план толугу менен иштелип чыкты.
Ак-Талаа, Тогуз-Торо жана Өзгөн райондорунда бекитилген беш бизнес-план дээрлик 11 миллион сомго каржылык колдоо тапты. Колдоого алынган багыттар ар түрдүү: асыл тукум мал чарбасы, балчылык, экотуризм жана тоют өндүрүшү. Мындай ыкма мүмкүнчүлүктөрдү бир тармакта эле топтоштура бербестен, жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликтүү пайдаланууга байланышкан иш менен камсыз кылуунун жана кирешенин ар кандай булактарын түзүүгө да жардам берет.
– Долбоор дыйкандар менен ишкерлерди бириктирүүгө кантип жардам берүүдө?
– Биз өзүнчө бизнестерди гана эмес, жамааттардын ичинде кызматташтыкты да колдойбуз. Кошумча нарк чынжырчалары жамааттык механизмдер – өнүмдү чогултуунун жалпы пункттары, кооперативдер жана биргелешкен сатып алуулар болгон жерде натыйжалуу өнүгөт.
Жарым жылдын ичинде 228ге жакын адамды бириктирген 18 кызыкчылык тобу түзүлүп, өз ара байланыш түзүүнүн төрт типтүү модели иштелип чыкты. Жер-жерлерде он максаттуу жолугушуу өткөрүлдү. Алардын жыйынтыгы боюнча 22 лидерлик топ түзүлүп, эми алар кошумча нарк чынжырчаларын өз алдынча өнүктүрүүнү уланта алышат. Келечекте бул өндүрүүчүлөрдүн сүйлөшүү позицияларын бекемдейт, рынокко кирүүнү жеңилдетет жана биргелешкен иш-аракеттердин эсебинен чыгымдарды азайта алат.
– Ландшафттарды башкаруу боюнча коомдук топтор кандай техникалык колдоо алышты?
– Жашыл климаттык фонд каржылаган CS-FOR долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттарга техника жана жабдуулар түрүндө товардык гранттар берилген. АРИС жана ФАО жабдууларды Жалал-Абад облусунун Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун, Ош облусунун Өзгөн районунун жана Нарын облусунун Ак-Талаа районунун айылдык аймактарында иштеген ЛБКТлардын мүчөлөрүнө өткөрүп беришти.
Ар бир айылдык аймакка 244 миң сомго жакын техника жана жабдуулар бөлүнүп берилди. Комплекттин биринчи бөлүгү күндөлүк ишти уюштурууга арналган. Анын ичинде компьютер, көп функционалдуу түзмөк, планшет, үстөл, кресло, отургучтар, маркер жана маалымат такталары бар. Экинчи бөлүк жайыттардын талаа мониторинги үчүн атайын аспаптарды камтыйт. Алар: 100 метрлик геодезиялык рулеткалар, бүктөлмө бурч ченегичтер, аккумулятордук бакча кайчылары, ченөөчү сызгычтар, электрондук таразалар жана ташуу үчүн кейстер. Жалпысынан бир комплектте 15 жабдуу бар.
Алардын жардамы менен топтор жайыттардын абалына үзгүлтүксүз жана өз алдынча баа жүргүзүп тура алышат, маалыматтарды чогултушат жана аларды чечимдерди кабыл алууда колдонушат. Ошентип, жабдуулар жаратылыш ресурстарын кыйла жүйөлүү жана натыйжалуу башкаруунун өзөгүн түзөт.
– Долбоордун командасы кандай кыйынчылыктарга туш болууда?
– Эң олуттуу фактор – долбоор менен катар ишке ашырылып, жайыттарды башкаруу системасын өзгөртүп жаткан административдик-аймактык реформа (ААР). Бул ийкемдүүлүктү талап кылууда: айрым жерлерде өз ара байланыш түзүү зоналарын кайра карап чыгууга жана жергиликтүү деңгээлдеги башкаруунун жаңы түзүмүнө ыңгайлашууга туура келип жатат.
Экинчи фактор – баштапкы эсептөөлөргө салыштырмалуу бюджеттин аткарылышына таасир этип жаткан инфляция жана баалардын өсүшү. Бул тобокелдиктер башкарылуучу бойдон калууда, бирок туруктуу көңүл бурууну талап кылат. Команда аларды ФАОнун консультанттары жана адистери менен үзгүлтүксүз талкуулап, алдын алуу чараларын көрүүгө аракет кылууда.
– 2026-жылдын экинчи жарымына кандай пландар бар?
– Бир нече ири келишимдерди ишке киргизүү пландалууда. Үчүнчү циклдин алкагында ЛБКТларды түзүү жана жамааттарды мобилизациялоо боюнча келишимдерге, ошондой эле эл аралык экспертти тартуу менен жайыттарды жана муниципалдык токойлорду башкаруу боюнча келишимдерге кол коюу баскычында турат.
Мындан тышкары, Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Сузак жана Өзгөн райондорунун алты сынамык айылдык аймагынан чакан долбоорлор боюнча 33 сунуш каралып чыкты. Демилгелер жайыттарды жакшыртууга, бузулган жерлерди калыбына келтирүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатууга багытталган. Талаптарга жооп берген долбоорлор үчүн 70 миңден 200 миң АКШ долларына чейинки өлчөмдө гранттар каралган. Бул жамааттар үчүн ишти пландоодон масштабдуу практикалык чечимдерге өтүү перспективасын ачып жатат.
Ошондой эле долбоордун адистештирилген веб-порталы – cs-for.kg иштелип чыкты. Бул порталдан долбоор, анын жыйынтыктары жана жетишкендиктери жөнүндө кеңири маалыматтарды алууга, окуу материалдарын жүктөп алууга, видеосабактарды көрүүгө, акыркы жаңылыктарды билүүгө жана кайрылуу жиберүүгө болот. Портал билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтет жана топтолгон тажрыйбаны сынамык аймактардын тышында да колдонууга мүмкүндүк берет.
– Долбоор аяктагандан кийин айылдарда кандай өзгөрүүлөр калышы керек?
– Биздин негизги максатыбыз – жамааттар долбоор аяктагандан кийин да ишин өз алдынча улантып кете ала турган шарттарды түзүү. Адамдар жаратылыш ресурстарын туура башкарганды үйрөнгөндөн тышкары, алган билимдерин, көндүмдөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн киреше алып келүүчү ишмердүүлүккө айландыра алганы да маанилүү.
Долбоордун узак мөөнөттүү таасири кыйла туруктуу жайыттарда жана токойлордо, күчтүү жергиликтүү топтордо, жаңы экономикалык байланыштарда жана жашоого жөндөмдүү жашыл демилгелерде билиниши керек. Ошондо элеттик үй-бүлөлөр үчүн пайдалар – ресурстук базанын сакталышы, туруктуураак киреше булактары жана өз аймагын өнүктүрүүнү өздөрү пландаштыруу мүмкүнчүлүгү – бир нече жылга эмес, узак мөөнөткө да сакталат.
Маекти БАЖБА жана ӨСИ Консорциумунун долбоорлор боюнча менеджери
Айнура ЧАНДЫБАЕВА даярдады
Окшош материалы:
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстандын шаарларындагы суу: маселенин куну
-
№8 (178) / 2026-09-19 Суу жөнүндө жаңы мыйзам Кыргызстанга эмне үчүн керек?
-
№8 (178) / 2026-09-19 “Коопсуз үй-бүлө – Коопсуз өлкө”: үй-бүлөнүн коопсуздугу ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталат
-
№8 (178) / 2026-09-19 Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жергиликтүү деңгээлде башталат: Кыргызстандын жана Өзбекстандын тажрыйбасы
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-30 Райондор өсүш чекити катары: пландоонун жаңы сапаты инвестицияларды тартууга, жумуш орундарын түзүүгө жана шаар менен айылдын ортосундагы ажырымды кыскартууга кандайча жардам бере алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүү тууралуу “Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-2025” форумунун сунуштары
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Төртүнчү сессия. Инвестициялар ишеним тили катары: жергиликтүү бийлик эмнелерди жасай алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Экинчи сессия: Иллюзиясыз административдик-аймактык реформалар: чек аралар, бюджеттер, санариптик дайындар жана жашоочулар үчүн жыйынтык


















