Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Жайыттарды калыбына келтирүүгө жашыл инвестициялар
“Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестицияларды жумшоо менен көмүртекти секвестрациялоо” долбоорунун алты сынамык айылдык аймагындагы ишинин жыйынтыктары
Айнура ЧАНДЫБАЕВА, БАЖБА жана ӨСИ Консорциумунун долбоорлор боюнча менеджери
2025-2026-жылдары “Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестицияларды жумшоо менен көмүртекти секвестрациялоо” (CS-FOR) Долбоорунун алкагында курамына БАЖБА жана ӨСИ кирген Консорциум жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ландшафтты башкаруу боюнча коомдук топтордун (ЛБКТ) дараметин жогорулатуу, ошондой эле Кыргызстандын төрт районунун алты сынамык айылдык аймактарында чакан долбоорлорду даярдоо процессин коштоо боюнча комплекстүү иштерди жүргүздү. Иштер Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылдык аймагын, Тогуз-Торо районунун Атай айылдык аймагын, Сузак районунун Кызыл-Туу жана Көк-Арт айылдык аймактарын, Өзгөн районунун Куршаб жана Кара-Шоро айылдык аймактарын камтыды. Дал ушул алты аймак сынамык аянтча болуп калды, бул жерде окутуу жана консультациялык колдоо бара-бара конкреттүү инвестициялык чечимдерди даярдап чыгууга өттү.
Билимден чечимдерге чейин
Сынамык аймактар менен иш этап-этабы менен жүргүзүлдү. ЛБКТнын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү чакан долбоорлорду андан ары иштеп чыгып, ишке ашыруу үчүн зарыл болгон багыттар боюнча окуудан өтүштү. Долбоор үчүн сунуштарды даярдоого үйрөтүү негизги багыттардын бири болду. Тренингдерди өткөргөндөн кийин Консорциумдун адистеринин консультациялык жана эксперттик коштоосунда алты сынамык айылдык аймакта 33 толук чакан долбоордук өтүнмө даярдалды: Ак-Талаа районунда – 9, Тогуз-Торо районунда – 4, Өзгөн районунда – 12 жана Сузак районунда – 8.
Чакан долбоорлорду даярдап жатканда конкреттүү жергиликтүү көйгөйдү чечүүнүн зарылдыгы гана эске алынган жок. Ар бир сунушка экологиялык жана климаттык өңүттөр, анын ичинде айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана кесепеттерин жумшартуу чаралары киргизилди. ФАОнун аспабын колдонуу менен ар бир чакан долбоор үчүн көмүртекти секвестрациялоонун күтүлгөн көлөмү эсептелип чыкты.
Ошентип, катышуучулар билим алгандан тартып, жайыттарды жана башка жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүүгө жана туруктуу пайдаланууга багытталган өздөрүнүн инвестициялык сунуштарын даярдоого чейинки практикалык жолду басып өтүштү.
33 чакан долбоор кароого берилди
Даярдалган демилгелерди баалоо кийинки маанилүү этап болуп калды. 2026-жылдын 27-мартында Бишкекте Чакан долбоорлорду баалоо боюнча комитеттин (ЧДБК) жыйыны өтүп, анда алты сынамык айылдык аймактын бардык 33 чакан долбоордук сунуштары каралды.
Жыйынга 4 максаттуу райондук мамлекеттик администрациялардын, профилдик мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү – КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын, жайыттарды жана тоютту өнүктүрүү кызматы, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы, Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту, ФАО, АРИС, ошондой эле БАЖБА/ӨСИ Консорциумунун (долбоордун подрядчысы) адистери катышты. Жыйындын жүрүшүндө ар бир чакан долбоор тууралуу маалымат берилип, талкууга алынып, белгиленген критерийлер боюнча бааланып чыкты.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча 33 чакан долбоордун 27си ишке ашырууга сунушталды, дагы алтоо – жеткире иштелип чыгып, ЧДБКнын кийинки жыйынында кароого сунушталды. Чакан долбоорлорду андан ары сүрөөнүн милдеттүү шарттарынын бири жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кошо каржылоону камсыз кылуусу болуп саналат.

Жергиликтүү артыкчылыктар жөнүндө чечим айылдык кеңештердин деңгээлинде кабыл алынды
ЧДБКдан өткөндөн кийин иш түз эле 6 пилоттук айылдык аймактын деңгээлинде улантылды. Сунушталган чакан долбоорлор айылдык кеңештердин сессияларынын кароосуна коюлду.
Депутаттар ар бир чакан долбоордун максаттарын жана күтүлүп жаткан жыйынтыктарын, анын экологиялык жана социалдык натыйжаларын, каржылоо жана кошо каржылоо параметрлерин карап чыгышты. Баалоо маалында көмүртекти бөлүп алуунун ыктымалдуу көлөмү, бенефициарлардын, анын ичинде аялдардын саны, жакшыртылуучу жайыттардын аянты жана ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын салымы эске алынды.
Тиешелүү сессиялар бардык алты сынамык айылдык аймакта өткөрүлдү. Кароонун жыйынтыгы боюнча айылдык кеңештер ишке ашыруу үчүн чакан долбоорлорду бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышты, кошо каржылоону камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди жана түзүлүүчү активдерди муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга даярдыгын ырасташты. Жалпысынан айылдык кеңештердин сессияларында ЧДБК сунуштаган 27 чакан долбоор каралды. Алардын ичинен айылдык кеңештер 25 чакан долбоорду ишке ашырууга жана каржылоого бекитишти:
- Ак-Талаа районунда: Кара-Бүргөн айылдык аймагында – 6 чакан долбоор;
- Тогуз-Торо районунда: Атай айылдык аймагында – 4 чакан долбоор;
- Сузак районунда: Кызыл-Туу айылдык аймагында – 2 чакан долбоор, Көк-Арт айылдык аймагында – 2 чакан долбоор;
- Өзгөн районунда: Куршаб айылдык аймагында – 5 чакан долбоор, Кара-Шоро айылдык аймагында – 6 чакан долбоор.
Бекитилген чакан долбоорлор тиешелүү айылдык аймактардын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына (СЭӨП) да киргизилди.
Долбоордук идеядан реалдуу каржылоого чейин
Жүргүзүлгөн биргелешкен иштин жыйынтыгында АРИСтин, тиешелүү айылдык кеңештердин, айыл өкмөттөрүнүн жана алты сынамык аймактын ЛБКТнын ортосунда Грант жөнүндө алкактык макулдашуулар түзүлдү. Макулдашуулар гранттык каражаттарды берүүнүн, чакан долбоорлорду ишке ашыруунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана отчет берүүнүн тартибин аныктайт.
Бул этапта алты сынамык айылдык аймактарда жалпы наркы 42,9 млн сомдон ашык 13 чакан долбоор каржылоого сунушталды, анын ичинен 28,7 млн сомго жакынын долбоордун гранттык каражаттары, ал эми 14,2 млн сомдон ашыгын ЖӨБ органдарынын өздүк салымы түзөт.
Атап айтканда, алкактык макулдашуулар Өзгөн районунун Куршаб жана Кара-Шоро айылдык аймактарынын, Сузак районунун Көк-Арт жана Кызыл-Туу айылдык аймактарынын, Тогуз-Торо районунун Атай айылдык аймагынын жана Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылдык аймагынын чакан долбоорлоруна гранттык колдоону жана ЖӨБ органдары өз салымды камсыз кыларын ырастайт.
Биргелешкен иштин жыйынтыгы
Алынган жыйынтык тартылган каржылоонун көлөмү менен гана маанилүү эмес. Анын артында аймактардын өздөрүнүн ырааттуу иши турат. Алар: ЛБКТнын жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн окутуу, жергиликтүү көйгөйлөрдү жана артыкчылыктарды аныктоо, чакан долбоорлорду иштеп чыгуу, аларды эксперттик баалоо жана ЧДБКда коргоо, айылдык кеңештердин депутаттарынын кароосу, жергиликтүү өнүктүрүү пландарына киргизүү жана кошо каржылоо боюнча милдеттенмелерди кабыл алуу.
Ошол эле маалда каржылануучу демилгелер максаттуу аймактардын милдеттери менен тикелей байланышкан: бузулган жайыттарды калыбына келтирүү, алыскы жайыттарга жетүүнү жакшыртуу, сугат инфраструктурасын түзүү, тоют базасын өнүктүрүү, жайыттардын жүктөмүн азайтуу жана жаратылыш ресурстарын кыйла сарамжалдуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү.
Ошентип, БАЖБАнын жана ӨСИнин Консорциуму жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана ЛБКТ менен биргеликте жүргүзгөн иштер окуудан жана жергиликтүү компетенцияларды калыптандыруудан баштап, алты сынамык айылдык аймакты өнүктүрүүгө реалдуу инвестицияларды тартууга чейинки толук жолду басып өтүүгө мүмкүндүк берди. Бул ошол эле маалда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрү жана жергиликтүү жамааттар мындан ары артыкчылыктарды өз алдынча аныктап, сапаттуу долбоордук демилгелерди даярдоого жана өз аймактарында климаттык туруктуу чечимдерди ишке ашырууга катышууга негиз түзүп берет.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Ийгиликтүү тажрыйбадан жаңы демилгелерге чейин: CS-FOR долбоорунун сынамык райондоруна ишкерлердин тажрыйба сапарлары
-
№9 (179) / 2026-09-26 Бизнес-идеядан каржылоого чейин: CS-FOR долбоорунун сынамык райондорунда ишкердикти өнүктүрүү
-
№9 (179) / 2026-09-23 Климаттык туруктуулук жергиликтүү чечимдерден башталат
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстандын шаарларындагы суу: маселенин куну
-
№8 (178) / 2026-09-19 Суу жөнүндө жаңы мыйзам Кыргызстанга эмне үчүн керек?
-
№8 (178) / 2026-09-19 “Коопсуз үй-бүлө – Коопсуз өлкө”: үй-бүлөнүн коопсуздугу ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталат
-
№8 (178) / 2026-09-19 Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жергиликтүү деңгээлде башталат: Кыргызстандын жана Өзбекстандын тажрыйбасы
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-30 Райондор өсүш чекити катары: пландоонун жаңы сапаты инвестицияларды тартууга, жумуш орундарын түзүүгө жана шаар менен айылдын ортосундагы ажырымды кыскартууга кандайча жардам бере алат


















