Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

№ 8 (178) 18 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстандын шаарларындагы суу: маселенин куну

2026-09-19 / Көңүл чордонунда
Кыргызстандын шаарларындагы суу: маселенин куну

Азамат ОРОЗОБЕКОВ, суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча консультант

Эмне үчүн бир шаарда суунун бир кубу 2 сом, ал эми коңшу шаарда 50 сом турат жана бул ар бирибиз үчүн эмнеси менен кооптуу? 2026-жылдын май айында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Реформаларды колдоо тобунун эксперттери Кыргызстандын бардык 34 шаарынын тургундары суу үчүн канча төлөй турганын изилдеп чыгышкан. Алар аныктаган көрсөткүчтөр нес кылат: шаарлардын арасында тарифтер 28 эсеге чейин айырмаланат. Суу каналдарынын көпчүлүгү сууну чыгымдарга салыштырмалуу арзан сатышат. Ал эми мунун айынан бюджетте пайда болгон “тешикти” бизнестин жана ишканалардын эсебинен “жамашууда”. Бул кантип ишке ашып жатканын жана эмне үчүн мындан ары мындай болбошу керектигин чечмелеп берели.

СУУ НАНДАН ДА АРЗАН БОЛГОН ӨЛКӨ

Суунун бир кубметри – бул миң литр. Төрт адамдан турган орточо үй-бүлөгө бир айга болжол менен ушунча суу керектелет жана бул Кыргызстанда канча турат? Мисалы, Көк-Жаңгак шаарында (Жалал-Абад облусу) суунун бир кубметринин баасы 1 сом 75 тыйын турат. Базарда сатылган бир момпосуй да мындан кымбат болот. Ош облусунун жаңы түзүлгөн Гүлчө шаарында ошол эле кубметр 50 сомго бааланууда. Айырмасы: 28 эсе. 2026-жылы райондук маанидеги шаарларда орточо тариф бир м3 14 сомдун тегерегинде, облустук борборлордо бир м3 16 сомго жакын, Бишкек жана Ош шаарларында бир м3 13 сомго жакын деп бааланды.

Бирок маселе тарифтердин айырмасында гана эмес, негизги суроо башкада: бул сууну чыгарып, жеткирүүгө канча акча кетет? Сууну сордуруп, тазалап, түтүктөр аркылуу үйлөргө жеткирген суу каналы үчүн канчага турат? Суроонун жообу ыңгайсыз болот: көпчүлүк шаарларда сууну чыгарып, жеткирүүнүн өздүк наркы тургундар төлөгөндөн алда канча жогору.

1-таблица. КРнын облустук борборлорундагы калк үчүн сууга тарифтер, м3 үчүн сом менен (2026-ж. майы)

Баткен 11,44 сом
Манас 15,44 сом
Каракол 13,28 сом
Нарын 12,88 сом
Талас 22,09 сом
Токмок 7,82 сом
Ош 15,47 сом

Булак: ЕРӨБ/ГПР аналитикалык отчету, 2026-ж. май айы

ӨЗДҮК НАРККА КАРШЫ ТАРИФ: КИМ КИМГЕ КАРЫЗ?

Өздүк нарк – бул суу чарбасы сууну чыгарып алууга, тазалоого жана сиздин чоргоңузга жеткирүүгө иш жүзүндө чындап сарптаган финансылык каражаттардын суммасы. Насостор үчүн электр энергиясы, слесарлардын айлыгы, тазалоо үчүн химиялык заттар, түтүктөрдүн амортизациясы – мунун баары акчаны талап кылат. Изилдөө төмөнкүлөрдү аныктады: 2026-жылдын май айына карата 34 шаардын ичинен жетөө гана калкка сууну чыныгы чыгымдарды жапкан тариф боюнча сатат. Калган 27 шаар, башкача айтканда 79% сууну өздүк наркынан арзан сатышат.

Бул демек, Кыргызстандын көпчүлүк шаарларынын тургундары кранды ачкан сайын суу чарбасы чыгаша менен иштеп жатат. Суу иш жүзүндө дотацияда турат, демөөрлөнөт, бирок мамлекет муну бюджеттин эсебинен жасабайт – суу чарбасы муну эч алмаштырылбаган чириген түтүктөрдүн жана татыктуу маяна албаган адистердин эсебинен жасоодо.

Мисалы, Кара-Көл шаарында суунун кубметри-нин өздүк наркы 2024-жылы 30,5 сом болсо, 2026-жылы 63 сомго чейин көбөйгөн, башкача айтканда эки жылда эки эсе көтөрүлгөн. Ал эми калк үчүн тариф 13 сомго араң жетет. Суу чарбасы ар бир кубметрден сууну чыгарууга сарптаган чыгымга караганда беш эсе аз алып жатат.

Жакшы жаңылык: эки жылдын ичинде кырдаал бир аз да болсо оңолду. 2024-жылы 32 шаардын ичинен экөөндө гана калк үчүн рентабелдүү тарифтер белгиленген болчу. 2026-жылы мындай шаарлардын саны 7ге жетти. Жылыштар бар, бирок алар өтө жай болууда.

АРЗАН СУУ ҮЧҮН КИМ ТӨЛӨП ЖАТАТ? ЖАКЫН ЖЕРДЕГИ ДҮКӨНБҮ?

Суу чарбалары жабылбайт жана суу берүүнү токтотпойт, алар мыйзам боюнча иштөөгө милдеттүү. Демек, төмөндөтүлгөн тарифтерден келип чыккан чыгымдарды кандайдыр бир жол менен жабуу керек. Бирок, кантип? Жообу өтө жөнөкөй: юридикалык жактардан, б.а. дүкөндөрдөн, кафелерден, заводдордон, мектептерден жана ооруканалардан тургундарга караганда кыйла көбүрөөк акча алынып жатат. Бул “кайчылаш субсидиялоо” деп аталат. Бизнес ашыкча төлөп, муну менен калк үчүн төмөн тарифтерди камсыз кылууда. Бул адилеттүүдөй көрүнүп жатабы? Иш жүзүндө андай эмес. Мисалы, Өзгөн шаарында коммерциялык уюмдар үчүн суунун тарифи кубметри үчүн 95 сомду түзөт. Ошол эле шаардын калкы үчүн тариф кыйла төмөн. Бардык шаарлар боюнча бизнес үчүн минималдуу жана максималдуу тарифтердин ортосундагы айырма дээрлик 8 эсени түзүүдө.

Натыйжада шаардыктар өздөрү да байкабастан азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн ашыкча төлөп жатышат, ар бир чекте аз-аздан кармалып калууда. Демек, “арзан” суу иш жүзүндө андай деле арзан чыкпайт. Болгону, сиз ал үчүн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн дүмүрчөктө эмес, дүкөндө төлөп жатасыз. Ошол эле маалда жеңилдиктен баары бирдей пайдаланып жатышат – эң аз пенсия алган пенсионер да, бассейни бар үч кабаттуу коттеждин ээси да.

ДОНОРЛОР ТАРИФТИК РЕФОРМАЛАРДЫН КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ КАТАРЫ

Отчетто кызыктуу байкоо бар: тарифтердин өсүшү дээрлик дайыма шаар ЕРӨБ же башка эл аралык банк менен кызматташа баштаган учурга дал келет. Банк суу түтүгүн реконструкциялоого насыя берет жана бир шарт коёт: тарифтер жок дегенде операциялык чыгымдарды жабышы керек, антпесе насыяны кайтаруу мүмкүн болбойт. Облустук маанидеги бардык шаарларда (Баткен, Манас, Каракол, Нарын, Талас, Токмок) ЕРӨБ менен жигер-дүү кызматташкан мезгилде (2022-2026-жылдары) тарифтер олуттуу өскөн. Таласта тариф 22 сомго чейин көтөрүлгөн – бул облустук борборлордун арасында эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Тыянак жөнөкөй: реформаларга тышкы стимулдар таасир эткен жерде алар ишке ашууда. Мындай стимулдар болбогон жерде тарифтер жылдап “козголбойт”.

Азырынча донорлор менен иш алып бара элек шаарлар өз кезегин күтүп жатышат – ал ортодо алардын түтүктөрү эскирип, таңкыстык көбөйүүдө.

КАНАЛИЗАЦИЯ: КӨЗГӨ КӨРҮНБӨГӨН КӨЙГӨЙ

Эгерде суу көйгөйү бир аз да болсо айтылып келсе, канализация жөнүндө дээрлик сөз болбойт. Мындай болбошу керек эле. Бул жаатта көрүнүш кыйла тынчсыздандырат. Кыргызстандын 34 шаарынын 4 шаарында (Ноокат, Раззаков, Гүлчө жана Көк-Жаңгак) канализациялык тармактар таптакыр эле жок. Канализациясы бар 30 шаардын ичинен 20 шаарында канализациянын абалы канааттандырарлык эмес деп табылды. Тазалоочу курулмалардын 68% ремонтту талап кылат же аларды алмаштырып чыгыш керек. 25 шаардын ичинен 5инде гана саркынды сууну чыгаруу үчүн тариф реалдуу чыгымдарды жабат.

Эң көрсөтмөлүү мисал – Балыкчы. 2024-жылы шаарда жаңы тазалоочу курулмалар ачылган – эл аралык донорлор заманбап объектти курушкан. Саркынды сууну тазалоонун өздүк наркы ошол замат бир кубметр үчүн 117 сомго чейин көтөрүлдү, себеби кымбат жабдуулар тейлөөнү талап кылат. Ал эми калк үчүн тариф эч өзгөргөн жок. Жыйынтык: 2024-жылы саркынды сууларды чыгаруу үчүн рентабелдүү тарифке ээ болгон жалгыз шаар 2026-жылга карата кайрадан “минуска кеткен”.

Бул жалпы өлкө боюнча системалуу көйгөй: донорлор Кара-Сууда, Өзгөндө, Манаста, Нарында, Таласта, Караколдо, Чолпон-Атада жаңы объекттерди куруп жатышат, ал эми тарифтер аларды тейлөөнүн улам көбөйүп аткан өздүк наркына жетпей келүүдө.

ЭМНЕЛЕРДИ ӨЗГӨРТҮШ КЕРЕК: БЕШ КАДАМ

Изилдөө так сунуштар менен жыйынтыкталды. Аларды түшүнүү оңой, бирок аткаруу кыйын, себеби бул жерде саясий эрк талап кылынат.

  • 1) “Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жөнүндө” жаңы Мыйзамды кабыл алыш керек. Ансыз жергиликтүү кеңештер өздүк наркынан төмөн тарифтерди белгилей берет жана бул үчүн эч ким жооп бербейт. Мыйзам долбоору даяр, 2026-жылдын май айында ал Министрлер Кабинетинин Корутундусун алуу баскычынан өтүп жатат.
  • 2) Тарифтер акырындык менен, бирок сөзсүз көтөрүлөт. Шаарлардын 79% сууну чыгымга учурап сатууда. Адамдар жаңы төлөмдөргө көнүшү үчүн аларды бара-бара көтөрүш керек.
  • 3) Аз камсыз болгондор үчүн даректүү субсидияларды киргизүү зарыл. Бардыгы үчүн (байлар үчүн да, кедейлер үчүн да) тарифтерди төмөн кармагандын ордуна мамлекет чындап төлөй албагандарга жардам берүүгө тийиш. Калгандары өздүк наркы боюнча төлөшөт.
  • 4) Өздүк наркты эсептөөнү стандартташтыруу зарыл. Учурда эсептөөлөрдөгү ажырым түшүнүксүз – бир шаарда бизнес үчүн өздүк нарк калкка салыштырмалуу үч эсе жогору. Суунун өздүк наркы аны ким ичип жатканынан көз каранды боло албайт.
  • 5) Жаңы инфраструктураны ишке киргизүү менен тарифтерди синхрондоштуруш керек. Эгерде жаңы тазалоочу курулма ачылса, анда тарифти эки жылдан кийин эмес, ошол замат өзгөртүш керек. Антпесе, донордун инвестициясы суу чарбасы үчүн чыгымга айланат.

АРЗАН СУУ – БУЛ БОЛБОГОН КЫЯЛ. 

Сууга кеткен чыгымдарды бизнес жогору тарифтер аркылуу, шаардыктар дүкөндөгү товарлар аркылуу, ал эми келечек муундар эч ким оңдобогон бузулган түтүктөр аркылуу төлөп жатат. Чыныгы жеткиликтүү суу – бул нормалдуу каржылоосу бар иштеп жаткан суу чарбасынын артында турган суу. 

Буга биргелешкен күч-аракеттер менен жетүү керек.

 

Окшош материалы: