Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жергиликтүү деңгээлде башталат: Кыргызстандын жана Өзбекстандын тажрыйбасы
Джамиля АРБАНАЛИЕВА, ӨСИнин консультанты
Акыркы жылдары үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бирине айланды. Мыйзамдардын жана социалдык колдоо системасынын өнүгүүсүнө карабастан, аялдар, балдар, эркектер зомбулуктун ар кандай формаларына дуушар болуп келүүдө. Мындай шарттарда зомбулукту алдын алуу өзгөчө ролду ойнойт – бул олуттуу кесепеттерге алып келгенге чейин эле көйгөйдүн алдын алууга багытталган иш. Бул процестте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кандай ролду ойношот? Жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн кандай аспаптар жеткиликтүү болуп калды? Коңшу Өзбекстандын кандай тажрыйбалары Кыргызстан үчүн пайдалуу боло алат? Бул суроолор жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары, муниципалдык мекемелердин аял кызматкерлери жана жергиликтүү жамааттардын аял активисттери үчүн өткөрүлгөн эки онлайн-сессиянын негизги темалары болду. Сессияларды “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын алкагында ӨСИ өткөрдү.
Үй-бүлөлүк зомбулук эчак эле социалдык көйгөй катары гана каралбай калган. Бүгүнкү күндө ал тартип коргоо органдарынын, социалдык кызматтардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын күч-аракеттерин бириктирген комплекстүү мамлекеттик саясатты талап кылууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул системада эң маанилүү чынжыр болуп саналат.
Дал ушул ЖӨБ органдары тургундарга эң жакын бийликтин өкүлү болуп саналат, ошондуктан тобокелдиктерди биринчилерден болуп аныктоого, алдын алуу иштерин уюштурууга жана ар кандай кызматтардын өз ара байланышын координациялоого жөндөмдүү. Натыйжалуу алдын алуу үчүн тобокелдик факторлорун өз убагында аныктоо, максаттуу маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүү, тургундарды жана жергиликтүү демилгелүү топторду, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жигердүү тартуу жана алардын бардыгынын ортосунда натыйжалуу координацияны түзүү маанилүү.
Бул көйгөйдү чечүү багытында иштөөнүн ченемдик укуктук алкактарын талкуулап, эксперттердин көз караштарын угуп, өз өлкөсүндөгү кесиптештери менен гана эмес, Борбордук Азиянын коңшу өлкөсү – Өзбекстан менен да тажрыйба алмашуу үчүн Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан чогулган 30 жигердүү аял ӨСИ чакырган укуктук жана гендердик эксперттер менен жолугушту. Билими жана тажрыйбасы менен Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынан юрист, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча эксперт Бакыта КАЧИКЕЕВА жана ӨСИнин Өзбекстандагы өкүлү Малика ИНАКОВА бөлүшүштү.
КЫРГЫЗСТАН: ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫ ҮЧҮН АСПАПТАР
Тема канчалык актуалдуу болгонун статистика да тастыктап турат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашык учуру катталган. Ошол эле учурда адистер көйгөйдүн чыныгы масштабы кыйла кеңири болушу мүмкүн экенин белгилешет, себеби зомбулуктан жабыркагандардын баары эле жардам сурап кайрыла беришпейт.
Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары үчүн практикалык механизмдерди талкуулоо өзгөчө кызыгууну жаратты. Бул механизмдерди алар депутат катары үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана бул чөйрөдөгү жергиликтүү саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн колдоно алышмак.
Укуктук жана гендердик эксперт Бакыта КАЧИКЕЕВА катышуучуларды жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн атайын иштелип чыккан “Жергиликтүү деңгээлде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу жаатындагы милдеттердин жана чаралардын аткарылышын баалоо жана көзөмөлдөө боюнча методикалык колдонмо” менен тааныштырды (https://mkk.gov.kg/ru/metodicheskoye-posobiye/). Колдонмо жергиликтүү программалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө, алардын иштиктүүлүгүн баалоого жана депутаттардын көзөмөлдөө функцияларын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берген практикалык аспаптарды камтыйт.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар колдонмонун түзүмү, мазмуну жана жетекчиликтин иш жүзүндөгү мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири тааныша алышты. Баалоонун эки этаптуу методологиясы, депутаттык көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун укуктук негиздери жана алгоритми, ошондой эле анын мезгилдүүлүгү каралып чыкты. Улуттук жана жергиликтүү мыйзамдарды талдоого, жергиликтүү программалардын мамлекеттин артыкчылыктуу маселелерине шайкештигин баалоого жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралардын иш жүзүндө аткарылышын текшерүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, эксперт текшерүү баракчаларынын, аналитикалык таблицалардын жана “Светофор” аспабынын иш жүзүндө кантип колдонуларын көрсөтүп, ошондой эле депутаттар өздөрүнүн көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда пайдалана турган ченемдик жана программалык документтердин тизмеси менен тааныштырды.
Бакыта КАЧИКЕЕВА жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ролу жарандардын айрым кайрылууларын кароо менен гана чектелбестигине өзгөчө көңүл бурду. Депутаттардын милдетине ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери жергиликтүү программаларда жана бюджеттерде канчалык толук чагылдырылганын, жашоочулар зарыл жардамды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алып жатышканын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана алдын алуунун башка субъекттеринин ортосундагы өз ара байланыш канчалык натыйжалуу түзүлгөнүн системалуу баалоо да кирет. “Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу анын кесепеттери менен күрөшүүдөн алда канча натыйжалуу. Дал ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болуп өткөн окуялар менен гана иш алып барбастан, ошону менен бирге зомбулук тобокелдиги азая турган шарттарды да түзүүгө тийиш”, – деп белгиледи Бакыта КАЧИКЕЕВА.
Эксперттин баамында, учурдагы коргоо механизмдери, жеткиликтүү жардам көрсөтүү кызматтары жана жабырлануучулардын укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу алдын алуунун эң иштиктүү багыттарынын бири бойдон кала берүүдө. Эң негизгиси жашырбаш керек! Колдоо мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдоо – “Зомбулук жөнүндө айтуу уят” деген көз караш менен күрөшүүдөгү маанилүү кадам. Биздин коом коопсуз чөйрөгө татыктуу, андыктан бул коомдо ЗОМБУЛУК КӨРҮНҮШҮ УЯТКАРЫЛЫШЫ керек.
ӨЗБЕКСТАН: ЖООПКЕРЧИЛИК КҮЧӨТҮЛДҮ
Акыркы жылдары үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аялдардын укуктарын коргоо жаатында масштабдуу реформалар жүргүзүлүп жаткан Өзбекстандын тажрыйбасы менен таанышуу катышуучулар үчүн өзгөчө кызыктуу болду.
ӨСИнин Өзбекстандагы өкүлү, юрист жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча адис Малика ИНАКОВА зомбулук үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө, жабырлануучуларды коргоо чараларын кеңейтүүгө жана ведомстволордун ортосундагы өз ара байланышты өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр мыйзамдарга киргизилгени жөнүндө айтып берди.
2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны катаалдаштыруу – аны кылмышташтыруу Өзбекстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калды. Бул реформа бурулуш учур болуп, негизинен административдик чара көрүүдөн толук кандуу юридикалык жоопкерчилик системасына жана жабырлануучуларды күчөтүлгөн тартипте коргоого өтүүнү бекемдеди.
Эгерде буга чейин мындай учурлар негизинен административдик укук бузуулар катары каралып, таасир этүү чаралары чектелүү болуп келсе, реформадан кийин үй-бүлөлүк зомбулук өз алдынча укук бузуу катары укуктук жактан кыйла так бекитилди. Кылмыш-жаза жоопкерчилиги киргизилгендиктен, зомбулук учурлары зыян келтирүү менен коштолуп, улам кайталана бергени үчүн жоопкерчилик күчөтүлдү. Ошол эле учурда административдик чаралар баштапкы чара көрүү аспабы катары өз ролун сактап калды.
Жабырлануучуларды коргоо механизмдерине да олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. Коргоо ордерлеринин институту күчөтүлдү: базалык колдонуу менен катар аларды сотто узартуу мүмкүнчүлүгү пайда болду, бул болсо өз кезегинде узак мөөнөттүү коргоонун деңгээлин жогорулатууга жана зомбулук кайталанышы ыктымал деген тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берди. Муну менен катар ички иштер органдарынын, социалдык кызматтардын, саламаттык сактоо жана билим берүү системаларынын ортосундагы ведомстволор аралык өз ара байланыш бекемделди, бул өз ара макулдашуу жана ыкчам чара көрүү процессин тездетти.
Ушундай шартта коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ) катышуусу өзгөчө мааниге ээ болуп жатат, себеби алар мамлекеттик коргоо механизмдерин толуктап, жамааттардын деңгээлинде жардамга жетүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүшүүдө. Зомбулук учурларын жашыруу, жабырлануучулардын экономикалык көз карандылыгы жана колдоо инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү зарылдыгы сыяктуу дагы бир топ чакырыктарга карабастан система бара-бара комплекстүү болуп, адамга багыт алууда.
КЭУ (КЭӨЭУ – Өзбекстанда аларды коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдар деп аташат) бул системада маанилүү ролду ойноп, көп учурларда жабырлануучулар биринчи кезекте кайрыла турган “байланыш түйүнүнө” айланууда. Алар ишеним телефондору жана коопсуз мейкиндиктер аркылуу кризистик колдоону камсыз кылып, психологиялык жардам көрсөтүп, убактылуу башпаанекти сунушташууда. Жабырлануучулардын укуктарын коргоо жана аларга акысыз юридикалык жардам берүү мындай уюмдардын ишинин маанилүү ба-гыты бойдон калууда. Бул чөйрөдөгү ар кандай иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында Өзбек-стандагы КЭӨЭУлар бир нече негизги булактардан – мамлекеттик бюджеттен, эл аралык гранттардан, жеке кайрымдуулуктардан жана өз ишмердигинен түшкөн кирешелерден акча алып турушат.
Ошондой эле КЭӨЭУлар реакция жасоонун бүткүл системасын чыңдоого жигердүү катышууда: адистерди окутууну уюштурушууда, маалыматтык-агартуу демилгелерин ишке ашырып, көйгөйдүн масштабын тагыраак баалоого жана мамлекеттик саясаттын чараларын өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген аналитикалык базаны түзүп жатышат.
Малика ИНАКОВА маалелердин – Өзбекстандагы жергиликтүү жамааттын салттуу институтунун ролуна өзгөчө көңүл бурду, себеби маалелер үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана аны эрте мөөнөттө аныктоо иштерине жигердүү тартылган.
Баяндамачы тааныштырган тажрыйба кызуу талкууну жаратты. Катышуучулар Өзбекстандын кандай ыкмаларын жана тажрыйбаларын биздин өлкөдө ыңгайлаштырууга болорун талкуулашты, калк менен иштөөнүн учурдагы механизмдерин салыштырып чыгышты. 2023-жылдагы реформа жана мамлекеттин КЭӨЭУлар менен өнөктөштүгүнүн күчөшү кыйла туруктуу жана көп катмарлуу реакция жасоо системасын түзүүдө. Мындай система жазалоого гана эмес, зомбулук учурларын алдын алууга жана коргоого жана колдоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.
“Үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжалуу алдын алуу ведомстволордун ортосундагы тыгыз өз ара байланыш жана бардык кызыкдар тараптардын өнөктөштүгү болмоюнча ишке ашпайт”, – деп кошумчалады Малика ИНАКОВА.
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН ЖОГОРУЛАТУУНУН ФАКТОРУ КАТАРЫ БИЛИМ ЖАНА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
Катышуучулар менен эксперттердин ортосунда кесипкөй тажрыйба алмашуу онлайн-сессиялардын маанилүү компоненти болуп калды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын ишмердигинен алынган иш жүзүндөгү кырдаалдарды талкуулоо үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча учурдагы ыкмаларды салыштырууга, жалпы көйгөйлөрдү аныктоого жана жергиликтүү деңгээлде алдын алуу иштерин өркүндөтүүнүн мүмкүн болгон механизмдерин карап чыгууга шарт түздү.
Талкуу мыйзамдардагы, институционалдык механизмдердеги жана алдын алуу иштерин уюштуруудагы айырмачылыктарга карабастан, Кыргызстан менен Өзбекстан окшош чакырыктарга туш болуп жатканын көрсөттү. Аларга ведомстволордун ортосундагы өз ара байланыштын натыйжалуулугун жогорулатуу, тобокелдик факторлорун эрте мөөнөттө аныктоо, жабырлануучулар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, калктын маалымдуулугу, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууда ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын ролун күчөтүү зарылдыгы кирет.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү Борбордук Азиядагы регионалдык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн жана ийгиликтүү тажрыйбалар менен системалуу түрдө бөлүшүп туруунун практикалык баалуулугун белгилешти. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун, ведомстволордун ортосундагы өз ара байланыштын, жабырлануучуларга жардам көрсөтүүнүн жана жергиликтүү жамааттарды социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө тартуунун колдонуудагы механизмдерин изилдөө максатында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруу ыктымалдуу багыттардын бири катары сунушталды.
Онлайн-сессиялардын жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калк менен түз байланыш түзүп, конкреттүү аймактардын жана жамааттардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу мүмкүнчүлүгүн колдонуп, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу системасында маанилүү орунду ээлей турганы белгиленди. ЖӨБ органдарынын, жергиликтүү кеңештердин, мамлекеттик мекемелердин, жарандык коомдун уюмдарынын, коомдук активисттердин жана жамааттардын лидерлеринин шаардын, айылдын, көчөнүн, үйдүн, мааленин деңгээлиндеги биргелешкен иши тобокелдик факторлорун эрте мөөнөттө аныктоого, жабырлануучуларды зарыл кызмат көрсөтүүлөргө өз убагында багыттоого жана жергиликтүү деңгээлде алдын алуу механизмдерин өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Ошол эле маалда үй-бүлөлүк зомбулукту мыйзамдар жана жаза чаралары менен кабылдоонун маанилүүлүгүн да эстен чыгарбаш керек.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжалуу алдын алуу ЖӨБ органдарынын, тургундардын, демилгелүү топтордун жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жигердүү катышуусун, ошондой эле бардык субъекттердин ортосундагы так координацияны талап кылат. Мындай ыкманын оң үлгүсүн Бишкек шаары көрсөтүүдө.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-23 Климаттык туруктуулук жергиликтүү чечимдерден башталат
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстандын шаарларындагы суу: маселенин куну
-
№8 (178) / 2026-09-19 Суу жөнүндө жаңы мыйзам Кыргызстанга эмне үчүн керек?
-
№8 (178) / 2026-09-19 “Коопсуз үй-бүлө – Коопсуз өлкө”: үй-бүлөнүн коопсуздугу ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталат
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-30 Райондор өсүш чекити катары: пландоонун жаңы сапаты инвестицияларды тартууга, жумуш орундарын түзүүгө жана шаар менен айылдын ортосундагы ажырымды кыскартууга кандайча жардам бере алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүү тууралуу “Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-2025” форумунун сунуштары
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Төртүнчү сессия. Инвестициялар ишеним тили катары: жергиликтүү бийлик эмнелерди жасай алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Экинчи сессия: Иллюзиясыз административдик-аймактык реформалар: чек аралар, бюджеттер, санариптик дайындар жана жашоочулар үчүн жыйынтык


















