Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Ийгиликтүү тажрыйбадан жаңы демилгелерге чейин: CS-FOR долбоорунун сынамык райондоруна ишкерлердин тажрыйба сапарлары
Айнура ЧАНДЫБАЕВА, БАЖБА жана ӨСИ алмашуу Консорциумунун долбоорлор боюнча менеджери
Жергиликтүү деңгээлде ишкердикти өнүктүрүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири – ийгиликтүү тажрыйбаны өз көзү менен көрүп, ишкер менен түз сүйлөшүп, жетишилген жыйынтыктар жөнүндө гана эмес, ошону менен бирге бизнес-идеядан аны ишке ашырууга чейинки жолдо күтүп турган кыйынчылыктар жөнүндө билүү. Дал ушундай ыкма “Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестицияларды жумшоо менен көмүртекти секвестрациялоо” (CS-FOR) долбоорунун алкагында төрт сынамык райондун – Сузак, Өзгөн, Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондорунун ишкерлери үчүн тажрыйба алмашуу сапарларын уюштурууда колдонулган.
Иштер курамына БАЖБА жана ӨСИ кирген Консорциум CS-FOR долбоорун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү. Тажрыйба алмашуу сапарлары кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү, жергиликтүү ишкердик демилгелерди колдоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануунун ийгиликтүү тажрыйбаларын жайылтуу боюнча иштин уландысы болуп калды.
Мындай иш-чаралардын негизги милдети – ишкерлерге реалдуу бизнес-кейстер менен таанышууга, аларды демилгечилер менен бизнес-пландарды даярдоо жана каржылоону тартуу маселелерин талкуулоого, өндүрүштү уюштурууну көрө билүүгө жана ийгиликтүү тажрыйбанын кайсы элементтерин өз чарбасында же бизнесинде колдонууга болорун аныктоого мүмкүндүк берүү.
АК-ТАЛАА:
кийиз буюмдарынан баштап жеке тоют базасына чейин
2026-жылдын 29-июлунда Ак-Талаа районунун ишкерлери үчүн Ала-Бука айылдык аймагынын Жерге-Тал айылына таанышуу сапары уюштурулду.
Сапардын катышуучулары кол өнөрчүлүк жана кийизден буюм жасоо менен алектенген ишкер Гүлнара КАРБОЗОВАнын долбоору менен тааныша алышты. Катышуучулар ишкердик демилгенин иш жүзүндө басып өткөн бардык жолун көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты: бизнес-идеянын пайда болушунан жана долбоордук документтерди даярдоодон тартып, каржылоону тартууга жана өндүрүштү уюштурууга чейин жолду көрүштү. Ишкер жыйынтыктар жөнүндө маалымат бергенден тышкары, пайда болгон кыйынчылыктар жана аларды чечүү ыкмалары жөнүндө айтып берди.
Өндүрүш менен тикелей таанышуу мындай форматтын өзгөчө баалуулугу болуп саналат. Катышуучулар иштөө шарттарын, түзүлгөн инфраструктураны жана өндүрүш процесси кандайча уюштурулганын көрүп, андан соң кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жана ушул сыяктуу демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Экинчи объект – “Жерге-Тал Нур Азык” кооперативи болду. Бул кооператив жүгөрү өстүрүүгө жана мал чарбачылыгы үчүн ширелүү тоют өндүрүүгө адистешкен.
Кооператив 4 гектар болгон аянтта жүгөрү өстүрүп, андан силос даярдайт. Катышуучулар жерди даярдоодон жана эгинге кам көрүүдөн баштап, түшүмдү жыйноого, жүгөрүнү майдалоого жана силос даярдоого чейинки бүтүндөй технологиялык чынжырды көрө алышты. Экономикалык өңүт өзгөчө кызыгууну жаратты: тоютту өз алдынча өндүрүү чарбаларга тоют базасын чыңдоого, даяр тоют сатып алууга көз карандылыкты азайтууга жана мал чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Ошентип, бир тажрыйба алмашуу сапарынын алкагында ишкерлер жергиликтүү мүмкүнчүлүктөрдү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун жалпы идеясы менен бириктирилген эки башка багытты – кол өнөрчүлүктү жана айыл чарба өндүрүшүн көрө алышты.
ТОГУЗ-ТОРО:
туризм аймакты өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк катары
Тогуз-Торо районунда тажрыйба алмашуу 2026-жылдын 29-июлунда уюштурулду. Иш-чарага 15 ишкер, БАЖБАнын кызматкери жана долбоордун жергиликтүү консультанты катышты.
Эң көрсөтмөлүү объекттердин бири “Таттуу булак” рекреациялык комплекси болду. Анын демилгечиси Бейшенбек САСИЕВ катышуучуларга туристтик объектти түзүүнүн этаптары – бизнес-планды даярдоодон баштап, каржылоону алууга жана ишти уюштурууга чейинки этаптар жөнүндө айтып берди.
Долбоорду ишке ашырууга Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фонду аркылуу 5 миллион сом өлчөмүндө насыя тартылган. Катышуучулар түзүлгөн туристтик инфраструктура, конокторду тейлөөнү уюштуруу жана бизнести өнүктүрүүнүн мындан аркы пландары менен тааныша алышты.
Аймактын жаратылыш жана туристтик дараметин пайдалануу менен ишкердикти айкалыштыруу өзгөчө кызыгууну жаратууда. Тажрыйба алмашуу сапарынын фотоматериалдары ошондой эле комплекстин түзүлгөн инфраструктурасын, анын ичинде объекттерде күн панелдери колдонуларын, бул туристтик бизнеске заманбап чечимдерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн кошумча көрсөтүүдө.
Тажрыйба алмашуу объектти көрүп чыгуу менен гана чектелген жок. БАЖБАнын жергиликтүү консультанты райондо иштелип чыккан бизнес-пландар жана жеткиликтүү каржылоо механизмдери жөнүндө маалымат берди. Жолугушуу ачык талкуу менен жыйынтыкталды, анын жүрүшүндө ишкерлер каражаттарды тартуу жана көргөн тажрыйбаларын өз бизнестеринде колдонуу маселелерин талкуулай алышты.
СУЗАК:
балык чарбасы жана канаттуулар келечектүү багыт катары
30-июлда тажрыйба алмашуу сапары Сузак районунда болду. Ага Сузак районунун сынамык айылдык аймактарынан ар кандай багыттарда иш алып барган 15 ишкер катышты.
“Бай-Суу бассейн” балык чарбасы биринчи объект болду. Долбоордун демилгечиси Насихат МУСАКАНОВА 2022-жылдан бери ишкердик менен алектенип келет. Катышуучулар балыкты көбөйтүү системасы, өндүрүштүк инфраструктура жана чарбаны кеңейтүү келечеги менен тааныша алышты. Долбоордо өндүрүштүн көлөмүн жана балыктарды көбөйтүү үчүн диаметри 5 метр болгон 25 бассейнди куруу каралган. Чарбаны мындан ары өнүктүрүү үчүн банк 8,1 млн сом өлчөмүндө насыя берген.
Экинчи объект – Кара-Алма айылындагы канаттуулар чарбасы. Ишкер Гүлзат КАСЫМОВА 2018-жылдан бери жумуртка берген тоокторду көбөйтүү менен алектенет. Келечекте чарба насыя ресурстарды тартуу менен канаттуулардын санын 2 миңге жеткирүүнү пландап жүрөт. Катышуучулар канаттууларды багуу шарттары, өндүрүш процесси жана продукцияны сатуу системасы менен түз тааныша алышты. Сапардын жүрүшүндө сапаттуу бизнес-пландарды даярдоо, финансы-насыя мекемелер менен өз ара байланыш түзүү жана долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этаптарында ишкерди коштоо маселелери да талкууланды. Катышуучулар иштеп жаткан чарбаларды көрүп, алардын ээлери менен түз баарлашуу мүмкүнчүлүгүнүн практикалык баалуулугу жогору болгонун белгилешти.
ӨЗГӨН:
төрт объект – төрт практикалык багыт
2026-жылдын 24-июлунда Өзгөн районунда өткөрүлгөн тажрыйба алмашуу программасы сунушталган багыттар боюнча өзгөчө көп түрдүү болду. 15 ишкер бир эле учурда төрт объектиге барышты. Алар мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу логистикалык борбордо, силос даярдоочу ишканада, мөмө-жемиш багында жана форель чарбасында болушту.
80ге жакын катышуучуну бириктирген “Большевик Багбандар Биримдиги” Коомдук бирикмесинин логистикалык борбору биринчи аянтча болуп калды. Анын төрагасы Марат КУЛТАЕВ багбандардын биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Бирикменин мүчөлөрү консультацияларды алып, жеткиликтүү баада көчөттөрдү сатып алып, өстүрүлгөн продукцияны сактоо үчүн муздаткычтарды пайдалана алышат. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларына бирикмеге кошулуу сунушталды, ал эми ишкерлер мындан аркы кызматташуу үчүн байланыш жолдору менен бөлүштү.
Ишкер Абдулла АВАЗОВдун силос даярдоо боюнча тажрыйбасы да баалуу болду. Технология менен таанышып чыккандан кийин катышуучулардын бири – Большевик айылынын дыйканы өзү да силостук чуңкурду курууга кызыгып калды. Анын айылында 14 гектардан ашык жер бар жана анда жүгөрү өстүрүлөт. Ошентип, түз тажрыйба алмашуу сапарынын учурунда ийгиликтүү практиканы башка чарбада да ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Кийинки аянтча гилас жана шабдалы бакчасы болду. Багбан адис Эламан МЫРЗАЕВ данектүү жана уруктуу өсүмдүктөрдү өстүрүү жөнүндө айтып берип, катышуучуларга көчөттөрдү отургузуу, бутоо жана дарылоо маселелери боюнча мындан ары да консультациялык жардам берип турууну сунуштады.
Тажрыйба менен таанышуу ишкер Муратбек ИСАКБЕКОВдун форель чарбасына баруу менен аяктады. Бул ишкер түштүк региондун балык өстүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөсү болуп саналат жана форель көбөйтүү боюнча беш жылдык тажрыйбасы бар. Ал ошондой эле ишин жаңыдан баштап жаткан жана иштеп жаткан балык өстүрүүчүлөр менен практикалык тажрыйбаларды бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.
Сапардын маанилүү жыйынтыгы катары катышуучулар маалымат алып гана тим болбостон, келечекте аларга консультация берүүгө даяр болгон практиктер менен да түз байланыш түзүштү.
Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү аспабы катары
ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ
Төрт сынамык райондун тажрыйбасы бул сапарлар өзгөчө практикалык баалуулукка ээ болгонун көрсөтүүдө. Тренинг ишкерге билимди жана аспаптарды берет, бизнес-план идеяны түзүүгө жана анын финансылык жашоого жөндөмдүүлүгүн баалоого жардам берет, ал эми тажрыйба алмашуу сапары бул аспаптар реалдуу шарттарда кандай иштегенин көрүүгө мүмкүндүк берет.
Ишкерлер кол өнөрчүлүктөн жана тоют өндүрүүдөн баштап балыктарды, канаттууларды өстүрүүгө, багбанчылыкка, логистикага жана туризмге чейин бизнести жүргүзүүнүн ар кандай моделдерин түз көрө алышты. Ошол эле маалда ийгиликтүү жыйынтыктар гана эмес, каржылоо, өндүрүштү уюштуруу, сатуу, кооперация жана ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу маселелери да талкууланды.
Ишкерлердин ортосунда түз байланыштардын түзүлүшү да маанилүү жыйынтык болуп калды. Байланышуу жолдору менен бөлүшүү, ийгиликтүү практиктердин ишин жаңыдан баштап жаткан ишкерлерге консультацияларды берүүгө даярдыгы жана катышуучулардын айрым моделдерди кайталоого кызыкдарлыгы ийгиликтүү чечимдерди мындан ары туруктуу тышкы коштоосуз жайылтууга негиз түзөт.
Дал ушундай “көрүү, талкуулоо, ыңгайлаштыруу жана колдонуу” ыкмасы тажрыйба алмашууну бир жолку иш-чарадан ишкердикти жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн практикалык аспабына айландырууга мүмкүндүк берет.
CS-FOR долбоорунун алкагында курамына БАЖБА жана ӨСИ кирген Консорциум жүргүзгөн тажрыйба алмашуу сапарлары ийгиликтүү чечимдер Кыргызстандын аймактарында ишке ашырылып жатканын көрсөттү. Бул тажрыйбаны башка ишкерлерге жеткиликтүү кылуу, билимди тикелей алмашуу үчүн шарттарды түзүү жана жергиликтүү демилгелерге идеядан тартып, туруктуу бизнеске өтүүгө жардам берүү маанилүү.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Бизнес-идеядан каржылоого чейин: CS-FOR долбоорунун сынамык райондорунда ишкердикти өнүктүрүү
-
№9 (179) / 2026-09-26 Жайыттарды калыбына келтирүүгө жашыл инвестициялар
-
№9 (179) / 2026-09-23 Климаттык туруктуулук жергиликтүү чечимдерден башталат
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстандын шаарларындагы суу: маселенин куну
-
№8 (178) / 2026-09-19 Суу жөнүндө жаңы мыйзам Кыргызстанга эмне үчүн керек?
-
№8 (178) / 2026-09-19 “Коопсуз үй-бүлө – Коопсуз өлкө”: үй-бүлөнүн коопсуздугу ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталат
-
№8 (178) / 2026-09-19 Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жергиликтүү деңгээлде башталат: Кыргызстандын жана Өзбекстандын тажрыйбасы
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-30 Райондор өсүш чекити катары: пландоонун жаңы сапаты инвестицияларды тартууга, жумуш орундарын түзүүгө жана шаар менен айылдын ортосундагы ажырымды кыскартууга кандайча жардам бере алат


















