Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

№ 9 (179) 23 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бизнес-идеядан каржылоого чейин: CS-FOR долбоорунун сынамык райондорунда ишкердикти өнүктүрүү

2026-09-26 / Көңүл чордонунда
Бизнес-идеядан каржылоого чейин: CS-FOR долбоорунун сынамык райондорунда ишкердикти өнүктүрүү

Айнура ЧАНДЫБАЕВА, БАЖБА жана ӨСИ Консорциумунун долбоорлор боюнча менеджери

Жашыл климат фонду (ЖКФ) каржылап, АРИС жана ФАО ишке ашырып келаткан “Кыргыз Республикасынын токойлоруна жана жайыттарына климаттык инвестицияларды жумшоо менен көмүртекти секвестрациялоо” (CS-FOR) долбоорунун алкагында жергиликтүү жамааттардын, ЛБКТнын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, дыйкандардын жана ишкерлердин дараметин өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул иш Кыргыз Республикасынын Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) менен келишимдин алкагында курамына Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) кирген Консорциум жүзөгө ашырууда. Консорциумдун ишинин маанилүү багыттарынын бири климаттык жактан оптималдаштырылган кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү, ишкердик демилгелерди колдоо жана долбоордун сынамык райондорунда бизнес-пландарды даярдоого колдоо көрсөтүү болуп саналат.

ИШКЕРЛЕРДИ БИРИКТИРҮҮДӨН ТУРУКТУУ ӨНӨКТӨШТҮККӨ ЧЕЙИН

Иштер Сузак, Өзгөн, Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондорунда жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү ишкерлерди жана өндүрүүчүлөрдү ишмердик багыттары боюнча бириктирүү жана алардын мындан аркы кызматташуусу үчүн шарттарды түзүү негизги милдеттердин бири болуп калды.

Түзүлгөн кызыкчылык топторуна 244 ишкер кирди. Алар жети негизги багытта иш алып барышат: мал чарбачылыгы, багбанчылык, балчылык, балык чарбачылыгы, туризм, жыгач эмес токой продукцияларын өндүрүү жана кол өнөрчүлүк. Эң ири топ мал чарбачылыгы чөйрөсүндө түзүлгөн – анда 100 катышуучу бар.

Иште рыноктун ар кандай катышуучуларынын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. 2026-жылдын июнь айында Консорциум 10 максаттуу жолугушуу өткөрүп, аларга жергиликтүү жамааттын 164 өкүлү, анын ичинде 72 аял жана 35 жаштар катышты. Жолугушуулар бизнестин келечектүү багыттарын аныктоого гана эмес, ошону менен бирге демилгечи топторду түзүүгө, алардын лидерлерин тандоого жана мындан аркы кызматташуунун практикалык механизмдерин талкуулоого мүмкүндүк берди. 

БИЗНЕС-ПЛАН ИШ АСПАБЫНА АЙЛАНЫШЫ КЕРЕК

Ишкерлерди бизнес-пландарды иштеп чыгууга практикалык даярдоо дагы бир маанилүү багыт болуп калды.

Төрт сынамык райондо “Бизнес-пландарды иштеп чыгуу” курсу боюнча эки күндүк тренингдер уюштурулду. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар бизнес-пландын түзүмү менен таанышып, рынокту талдап, кошумча нарк чынжырчалары, финансылык туруктуулук, тобокелдиктерди тескөөнүн ыкмалары, ошондой эле ишкердиктин экологиялык жана климаттык өңүттөрү тууралуу маалымат алышты.

Окуунун өзгөчөлүгүн анын практикалык багыты түзөт. Катышуучулар теориялык материалдар менен гана эмес, ошону менен бирге түз эле өздөрүнүн бизнес-идеялары менен да иш алып барышты. Мисалы, Өзгөн районунда топтор интенсивдүү багбанчылык, мал багуу жана сүт азыктарын өндүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгышкан. Ошол эле учурда бизнес-пландарды иштеп чыгууда көмүртекти бөлүп алууну көбөйтүүгө алардын ыктымалдуу салымы да эске алынган.

Окуудан кийин ишкерлер менен иштер жеке консультациялар форматында улантылды. Консорциумдун адистери финансылык моделдөөдө, долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугун баалоодо, тобокелдиктерди талдоодо жана финансылык уюмдар үчүн документтерди даярдоодо колдоо көрсөтүштү. Бизнес-пландарды кароодо экономикалык көрсөткүчтөр гана эмес, ошону менен бирге долбоорлордун туруктуулугунун климаттык жана экологиялык факторлору да эске алынган.

АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНТЫКТАР: БИЗНЕС-ПЛАНДАР КАРЖЫЛОО АЛЫШТЫ

Жүргүзүлгөн иштердин практикалык жыйынтыгы болуп ишкердик демилгелерди баштапкы идеядан тарта даяр бизнес-планга жана каржылоо алууга чейин илгерилетүү болду.

Иштин алкагында ыктымалдуу катышуучулардан 131 өтүнмө түшкөн. Консультациялык жана эксперттик иштин жыйынтыгы боюнча 52 бизнес-план даярдалып, тандалып алынды: Сузак районунда – 16, Тогуз-Торо районунда – 13, Ак-Талаа районунда – 11, Өзгөн районунда – 13.

2026-жылдын август айынын башына карата 11 бизнес-план каржыланды, дагы 9 ишкер каржылоону күтүп жатат. Каржылык колдоо тапкан долбоорлордун ичинен үчөө Сузак районунда, төртөө Тогуз-Торо районунда, экөө Ак-Талаа районунда, дагы экөө Өзгөн районунда ишке ашырылууда.

Бул сандардын артында конкреттүү ишкердик демилгелер турат. 

  • Сузак районунда мөмө-жемиштерди жана козу карындарды кайра иштетүү жана кургатуу үчүн жабдууларды сатып алуу, мөмө-жемиштерди пастилага айландыруу боюнча долбоорлор каржыланды. Үч долбоордун ар бири 500 миң сомдон кредиттик каржылоо алган.
  • Тогуз-Торо районунда экотуризм, мал чарбачылыгы жана канаттуулар чөйрөсүндөгү долбоорлор колдоого алынды. Тактап айтканда, экотуризм долбоору 5 миллион сом өлчөмүндө каржыланды, эс алуу аймагынын курулушу аяктап, объект пайдаланууга берилди. Бир ишкер алган акчаны 20 баш “Арашан” породасындагы койлорду сатып алууга жумшаса, дагы бир демилге канаттуулар чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.
  • Ак-Талаа районунда аарычылык ишин өнүктүрүү, ошондой эле сафлор өстүрүү жана сафлор майын өндүрүү боюнча долбоорлор каржылык колдоого ээ болду. Экинчи долбоорго 2,9 миллион сом тартылган.
  • Өзгөн районунда тоютту даярдоо боюнча долбоор колдоого алынды, анын алкагында ишкер трактор сатып алды жана жыгач эмес токой продукциясына байланыштуу ишти өнүктүрүү боюнча долбоор колдоо тапты. 

Ошентип, даярдалган бизнес-план финансылык ресурстарды тартуу жана ишкердикти баштоо же кеңейтүү үчүн чыныгы аспапка айланып жатат.

Ошол эле маалда бул иш каржылоодон баш тартуунун эң кеңири таралган себептерин аныктоого мүмкүндүк берди. Себептердин айрымдары мындай: документтер толук эмес, күрөөлүк камсыздоо жетишсиз, колдонууда кредиттик жүк бар, өтүнмө ээлери финансылык уюмдардын кара тизмесинде, ошондой эле финансылык эсептөөлөр талаптагыдай жүргүзүлгөн эмес.

Бул тажрыйба бизнес-планды иштеп чыгуу башталганга чейин эле өтүнмө ээлеринин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө баштапкы баалоо жүргүзүү, ошондой эле финансылык моделдердин сапатын андан ары жогорулатуу зарыл экенин көрсөтүүдө.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭКОНОМИКА КЛИМАТТЫК ТУРУКТУУЛУК ПРИЗМАСЫ АРКЫЛУУ

CS-FOR долбоорунун алкагында жасалган иштер көрсөткөндөй, элет жергесинде ишкердикти өнүктүрүү бир эле учурда бир нече милдеттерди чече алат: жергиликтүү калктын кирешеси көбөйөт, жумуш орундары түзүлөт, өндүрүүчүлөр менен рыноктун ортосунда туруктуу байланыштар пайда болот, жергиликтүү продукцияны кайра иштетүү өнүгөт жана жаратылыш ресурстарына кыйла жоопкерчиликтүү мамиле жасала баштайт.

Дал ошондуктан ишкердик демилгелерди даярдап жатканда финансылык туруктуулук менен катар экологиялык жана климаттык тобокелдиктер, долбоорлордун туруктуулугу жана алардын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга ыктымалдуу салымы эске алынып жатат.

Алынган тажрыйба ошондой эле ишкерлерге консультациялык колдоо көрсөтүүнү уланта берүү, финансылык институттар менен байланышты чыңдоо, финансылык пландоо, бизнести башкаруу, заманбап технологиялар, маркетинг жана сатуу боюнча практикалык тренингдерди өткөрүү, ошондой эле өндүрүүчүлөрдүн, кайра иштетүүчүлөрдүн жана сатып алуучулардын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгын тастыктап жатат.

CS-FOR долбоору бул багытта ишин улантууда. Даярдалган бизнес-пландардын же өткөрүлгөн иш-чаралардын саны гана эмес, ошону менен бирге жеринде туруктуу ишкердик байланыштарды жана практикалык механизмдерди түзүү анын маанилүү жыйынтыгы болуп саналат. Бул механизмдер жергиликтүү демилгелерге идеядан жана окутуудан баштап, бизнес-планга, каржылоого жана реалдуу ишке өтүүгө мүмкүндүк берет.

 

Окшош материалы: