Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

№ 8 (178) 18 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Коопсуз үй-бүлө – Коопсуз өлкө”: үй-бүлөнүн коопсуздугу ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталат

2026-09-19 / Көңүл чордонунда
“Коопсуз үй-бүлө – Коопсуз өлкө”: үй-бүлөнүн коопсуздугу ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталат

Джамиля АРБАНАЛИЕВА, ӨСИнин консультанты

2026-жылдын 15-июнунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Коопсуз үй-бүлө – Коопсуз өлкө” аттуу республикалык форум өттү.
Форум зомбулукка эч бир сабырдуу мамиле жасабоо маданиятын калыптандырууга, аялдардын жана балдардын коопсуздугу үчүн коомдук жоопкерчиликти жогорулатууга, үй-бүлө институтун бекемдөөгө, позитивдүү ата-энеликти жайылтууга, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чөйрөсүндө натыйжалуу ведомстволордун ортосунда өз ара байланышты өнүктүрүүгө багытталды. Форумдун ишине Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын, үй комитеттеринин, аймактык саламаттык сактоо уюмдарынын өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана калк менен күн сайын иш алып барган башка адистер (300гө жакын адам) катышты.

Форумдун катышуучуларынын алдында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь УРМАМБЕТОВ жана Бишкек шаарынын мэри Айбек ЖУНУШАЛИЕВ сөз сүйлөштү.

Баяндамачылар мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү жана медициналык мекемелердин, укук коргоо органдарынын, жарандык коомдун жана жарандардын күч-аракеттерин бириктирмейинче үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эмес экенин баса белгилешти. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, балдарды урмат-сый жана ишеним көрсөтүлгөн чөйрөдө тарбиялоо, ошондой эле тобокелдик факторлорун эрте мөөнөттө аныктоо жана үй-бүлөлүк зомбулук учурларына өз убагында чара көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Милициянын генерал-майору Октябрь УРМАМБЕТОВ коопсуз үй-бүлө – бул тартип коргоо органдарынын гана милдети эместигин баса белгиледи. Бул – мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык кызматтардын, билим берүү мекемелеринин, коомдук уюмдардын жана жарандардын биргелешкен ишинин жыйынтыгы.

“Мамлекет үй-бүлөдөн башталат. Дал ушул үй-бүлөдө урмат-сый, ишеним, өз ара колдоо жана жоопкерчилик түптөлүп, бул баалуулуктар күчтүү жана бакубат коомду түзөт. Коопсуз үй-бүлө – ар бирибиздин жалпы жоопкерчилигибиз. Аялдарга жана балдарга карата катаал мамилени эч нерсе менен актоого болбойт. Ата-энелердин, улуу муундун, мамлекеттин жана ар бир жарандын күч-аракетин бириктирип гана биз балдарды мээримге бөлөп, сый мамиле жасап, камкордукта тарбиялап, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактап, ар бир үй-бүлө үчүн коопсуз чөйрөнү түзө алабыз”, – деп белгиледи Бишкек шаарынын мэри Айбек ЖУНУШАЛИЕВ.

Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты Руслан ДОСАЛИЕВ даярдаган “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана алардын ишин координациялоо тартиби”  (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы №358 токтому) темасына презентация форумдун негизги мазмундук блокторунун бири болду. Эксперт жаңы акты менен ички иштер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен социалдык кызматтардын ортосундагы өз ара байланыштын кандай механизмдери киргизилип жатканы тууралуу айтып берди. Үй-бүлөлүк зомбулук учурларын аныктоодо биргелешкен иш-аракеттердин алгоритмдерине, ведомстволордун ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө, маалымат алмашуу жана зомбулуктун курмандыктарына өз убагында жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Форумда ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Зордук-зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыркаган балдарга жардам берүү борборунун директору Динара ДАВЛЕТБАЕВА сөз сүйлөп, өз иши жөнүндө айтып берди. Мындай уюмду жетектеп, күн сайын зомбулуктан жабыркагандар менен бетме-бет келген ДАВЛЕТБАЕВА алдын алуунун бардык субъекттеринин ырааттуу иши гана аялдарды жана балдарды натыйжалуу коргоого, зомбулук учурларынын кайталануусун алдын алууга жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоонун туруктуу системасын түзүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө жана мындай учурларда унчукпай калбоонун маанилүүлүгүнө арналган театралдык оюну (бул макалада оюн комикс түрүндө берилди) катышуучуларда өзгөчө эмоционалдык таасир калтырды. Чыныгы турмуштук кырдаалдар аркылуу көрүүчүлөргө айланадагылардын кайдыгерлигинин кесепеттери, өз убагында жооп кайтаруунун жана жигердүү жарандык позициянын маанилүүлүгү көрсөтүлдү. Дал ушул кайдыгер эместик көп учурда трагедиялардын алдын алууда чечүүчү фактор болуп калат.

“Коопсуз үй-бүлө – Коопсуз өлкө” форуму ведомстволордун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдө жана үй-бүлөнү, энеликти жана балалыкты коргоого багытталган мамлекеттик саясатты сүрөөдө маанилүү кадам болуп калды. Анын негизги маңызы өзгөчө айкын болду: коопсуз өлкө коопсуз үй-бүлөдөн башталат, ал эми мындай чөйрөнү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, жергиликтүү жамааттардын жана ар бир жарандын биргелешкен жоопкерчилиги менен гана түзүүгө болот. ЖӨБ органдары, милиция, кварталдык жана үй комитеттери, билим берүү жана медициналык мекемелер, ошондой эле коомдук уюмдар көйгөйлөрдү эрте аныктоо, калкты өз убагында маалымдоо жана үй-бүлөдө зомбулукка жол берилгис мамилелердин маданиятын калыптандыруу үчүн олуттуу дараметке ээ. Муну менен үй-бүлөлүк зомбулуктун ар кандай көрүнүштөрүнө эч сабырдуу мамиле жасабоо, ошондой эле анын алдын алуу жана жол бербөө боюнча жигердүү позиция маанилүү принцип болуп калышы керектиги баса белгиленди.

Иш-чара КР Ички иштер министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана көп жылдан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дараметин чыңдоого жана жергиликтүү жамааттар менен өз ара байланыш механизмдерин өнүктүрүүгө көмөктөшүп келаткан Өнүктүрүү саясат институтунун биргелешкен күч-аракетинин натыйжасы болду. 

 

 

Окшош материалы: