Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Көңүл чордонунда
Суу жөнүндө жаңы мыйзам Кыргызстанга эмне үчүн керек?
Бакыт БАЙСАКОВ, суу ресурстары боюнча консультант
СУУ ЖӨНҮНДӨ ЭСКИ МЫЙЗАМГА 25 ЖЫЛ БОЛДУ. ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯДА ЭМНЕЛЕР ӨЗГӨРДҮ?
Кыргызстандын көптөгөн үйлөрүндө чоргодон суу күнүнө бир нече саатка гана агат. Түтүктөр чириген, суу каналдары чыгашага учураса да иштеп жатат, ал эми көптөгөн айылдарда канализация деп короодогу чуңкурду эле айтышат. Мындай абалдын түзүлүшүнүн негизги себептеринин бири – 25 жыл мурда кабыл алынган, ичүүчү суу жөнүндө эски мыйзам. Эмне үчүн мыйзамды өзгөртүүгө убакыт келгенин талдап көрөлү. Өлкө өзгөрдү, шаарлар өсүп жатат, жүз миңдеген жаңы керектөөчүлөр пайда болду, ал эми мыйзам дээрлик өзгөргөн жок. Чейрек кылымдын ичинде мыйзамга алты жолу гана – акыркы жолу 2014-жылы түзөтүүлөр киргизилген. Ошол мезгил үчүн эле мыйзам эски болчу, ал эми азыр жашоодон ушунчалык артта калгандыктан, мыйзамды мындан ары колдонуу мүмкүн болбой калды.
Эмесе, мыйзамда эмнелер иштебей жатканын так талдап көрөлү.
- 1) Мыйзамда канализация жөнүндө бир да сөз жок, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзам ичүүчү суу менен камсыздоону гана жөнгө салат. Канализация, саркынды сууларды чыгаруу жөнүндө да бир дагы норма жок. Натыйжада өлкөдө саркынды сууларды кантип чыгарып, тазалаш керектигин жөнгө салган бир дагы мыйзам жок. Бул демек, стандарттар да, жоопкерчилик да, көзөмөл да жок дегенди билдирет. Саркынды суулар туш келди агып, дарыяларды жана жер астындагы сууларды булгап жатат.
- 2) Мыйзам айылдар үчүн гана жазылган. Мыйзам кабыл алынып жатканда негизинен элеттеги суу түтүктөрү жөнүндө ойлонушкан. Мыйзамда жүз миңдеген керектөөчүсү, татаал тармактары жана тазалоочу станциялары бар шаардык суу чарбаларын жөнгө салуу жөнүндө дээрлик айтылбайт. Натыйжада Бишкек, Ош жана башка шаарлар суу менен камсыздоо тармагында алар үчүн жазылбаган мыйзам боюнча иштеп жатышат.
- 3) Ким эмне үчүн жооп берери беймаалым. Мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу (айылдык аймак, мэрия) бир эле учурда “калкты суу менен камсыз кылууга” жана ошол эле маалда сууга тарифтерди белгилөөгө тийиш. Бирок башкаруу органы кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү болуп саналбайт – бул суу чарбасы эмес. Бийлик сууну өз алдынча сордуруп, түтүктөрдү оңдой албайт. Мына ушул жерде башаламандык жаралууда: бийлик органы сөз менен суу үчүн жооптуу болуп, бирок иш жүзүндө ал жоопкерчиликти суу чарбасына жүктөп, ага чыгымдарды жаппаган тарифти белгилеп койгон.
- 4) Тариф өздүк наркынан төмөн болушу мүмкүн – бул дээрлик бардык жерде орун алган көрүнүш. Жергиликтүү кеңеш каалаган тарифти беките алат, ал тургай бир кубметр үчүн 1 сом белгилесе да болот. Эч кандай минимум жок. Ошол эле маалда мыйзам суу күнү-түнү берилип, жакшы сапатта болушун да талап кылат. Эгерде акча кызматкерлерге маяна төлөп берүүгө да жетпесе, суу чарбасы суунун сапатын кантип камсыз кылышы керек деген суроого мыйзамда жооп табуу мүмкүн эмес.
- 5) Эсептегичтер жок – тартип жок. Мыйзам суу эсептегичтерди орнотуп, текшерүү ишин эч жөнгө салбайт. Ушундан улам көпчүлүк үйлөрдө эсептегичтер такыр эле жок, керектөөчү “норматив боюнча”, башкача айтканда болжол менен төлөйт. Суу чарбасы чындап канча суу кетип жатканын, ал эми канчасы тешилген түтүктөрдө жок болуп жатканын билбейт. Өлкө боюнча тармактарда суунун жоготуулары 50-55 пайызга жетет, башкача айтканда суунун жарымы жерге сиңип кетүүдө.
- 6) Аныктамалар жок. Мыйзамда негизги түшүнүктөр жок: “абонент” деген ким, суу чарбасынын түтүгү менен үйдөгү түтүктүн ортосундагы “жоопкерчилик чеги”, “инвестициялык программа” деген эмне экени белгисиз. Бул аныктамалар болмоюнча келишимди туура түзүү, талаш-тартышты сотто териштирүү же ремонтту талап кылуу мүмкүн болбойт.
- 7) Суу менен камсыз кылууга жеке акча тартылбай келет. Мыйзам инвесторлорго салынган кара-жаттардын кайтарылышын кепилдебейт. Ошондук-тан жеке бизнести суу тармагы кызыктырбайт. Мындан улам бардык нерсе ансыз деле дайыма тартыш болуп келген мамлекеттик акчага жана эл аралык уюмдардын бир жолку гранттарына гана таянууда.
ЭГЕР ЭЧ НЕРСЕНИ ӨЗГӨРТПӨСӨ, ЭМНЕ БОЛОТ?
Бул теориялык гана суроо эмес. Анын кесепеттери азыртадан билине баштады жана кырдаал мындан ары да курчуй бермекчи.
Түтүктөр мындан ары да бузула берет. Суу чарбасы акчасы болбогондуктан түтүктү алмаштыра албайт. Тариф төмөн болгондуктан акча жок. Ал эми тариф эски мыйзам буга уруксат берген үчүн төмөн. Эксперттердин баалоосу боюнча, эгерде эч нерсе өзгөрбөсө, алдыдагы он жылда өлкө суу менен камсыздоонун ар бир бешинчи системасынан ажырайт.
Адамдар ооруй берет. Өлкөнүн калкынын дээрлик 9% ушул кезге чейин арыктардан жана ачык көлмөлөрдөн суу алышат, себеби суу түтүгү жок же бузулган. Бузулган канализация жер астындагы сууларды булгап жатат. Натыйжада айрыкча балдар арасында ичеги-карын инфекциялары жайылууда.
Суу чарбалары мындан ары да банкротко учурай бермекчи. Туруктуу негизде чыгашага учурап иштеген ишканалар татыктуу маяна төлөй алышпайт. Жакшы адистер башка жакка кетүүдө. Тармактарды тейлей турган эч ким калбайт. Суунун сапаты андан да төмөндөп, туңгуюктан чыгуунун жолу болбойт.
Дарыялар жана көлдөр булганууда. Канализация жөнүндө мыйзам болбосо, тазалоонун стандарттары да, булганыч чыгындылар үчүн чыныгы жоопкерчилик да болбойт. Саркынды суулар ыңгайлуу болгон жерге, б.а. жакынкы көлмөгө ага бермекчи.
ЖАҢЫ МЫЙЗАМ ЭМНЕЛЕРДИ ӨЗГӨРТӨТ?
“Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жөнүндө” жаңы мыйзам даяр. Ишке мамлекеттик органдардын адистери, Дүйнөлүк банктын, ЕРӨБдүн эксперттери жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылган. Мыйзам конкреттүү түрдө төмөнкүлөрдү өзгөртөт.
- 1) Мыйзамда акыры канализация пайда болот. Жаңы мыйзам суу менен камсыздоону да, саркынды сууларды чыгарууну да жөнгө салат. Саркынды сууларды тазалоонун бирдиктүү стандарттары, алардын курамын милдеттүү түрдө көзөмөлдөө жана сууну булгоо үчүн чыныгы жоопкерчилик пайда болот.
- 2) Жоопкерчилик аныкталат. ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүнү уюштурат: суу менен камсыздоо ыйгарым укуктарын суу чарбасына өткөрүп берет, анын ишин көзөмөлдөп, эрежелерди белгилейт. Суу чарбасы сууну жеткирип, түтүктөрдү тейлейт. Бул ар башка ролдор жана мындан ары чаташуу болбойт.
- 3) Өздүк нарктан төмөн тариф бюджеттин эсебинен гана мүмкүн болот. Эгерде жергиликтүү кеңеш тарифти реалдуу чыгымдардан төмөн белгилегиси келсе, анда ал жергиликтүү бюджеттен суу чарбасына айырманы кошумча төлөөгө милдеттүү болот. Бул суу менен камсыздоо системасынын бузулушун токтотууга тийиш болгон негизги өзгөрүү.
- 4) Эсептегичтер милдеттүү түрдө орнотулат. Мыйзам суу эсептегичтерди орнотуунун жана текшерүүнүн так механизмин белгилемекчи. Бул реалдуу эсепке алуу болот, жоготуулар азыраак болот, так эсептеле баштайт дегенди билдирет.
- 5) Жеке инвестициялар үчүн укуктук кепилдиктер каралды. Мыйзам биринчи жолу инвесторлорго салынган акча кайтарылышына кепилдик берүүдө. Эми бизнес суу тармагына келе алат жана бул инфраструктураны курууга жана оңдоого кошумча акча тартылат дегенди билдирет.
- 6) Жаңы мыйзамда бардык түшүнүктөр сүрөттөлгөн. Эскирген 10 аныктаманын ордуна 40тан ашык так түшүнүктөр киргизилди. Сот, суу чарбасы, керектөөчү – баары бир тилде сүйлөй баштайт.
БУЛ ЖАЛГЫЗ КАДАМ ЭМЕС.
Жаңы мыйзам – чоң реформанын бир бөлүгү. 2024-жылдын июнь айында Министрлер Кабинети суу чарбалары үчүн тарифтерди эсептөөнүн эрежелерин белгилеген №320 Токтомду кабыл алган. 2025-2035-жылдарга суу секторун өнүктүрүү программасы иштелип чыгууда. Казакстан, Молдова, Армения ушуга окшош жолду басып өтүп, суу жөнүндө заманбап мыйзамдарды кабыл алышты, ал эми алардын суу тармагындагы абалы жакшы жагына өзгөрө баштады.
Бирок мыйзам алдындагы документтер – бул үстүңкү курулуш, ал эми пайдубалы – бул мыйзам. Ансыз бардык токтомдор жана программалар кагаз жүзүндө эле кала бермекчи.
1999-жылы кабыл алынган “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзам өз вазыпайсын аткарып бүттү. Бүгүнкү күн-дө ал керектөөчүлөрдү да, суу чарбаларын да, жаратылышты да коргобойт. Жаңы мыйзам даяр – ал бир нече жыл бою эл аралык эксперттердин катышуусунда даярдалды. Аны кабыл алуу гана калды. Жыл сайын аны кабыл албай коюу бузулган түтүктөр, жаңы жоготуулар жана адамдардын ден соолугу үчүн жаңы тобокелдиктер дегенди билдирет.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-23 Климаттык туруктуулук жергиликтүү чечимдерден башталат
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргызстандын шаарларындагы суу: маселенин куну
-
№8 (178) / 2026-09-19 “Коопсуз үй-бүлө – Коопсуз өлкө”: үй-бүлөнүн коопсуздугу ар бир адамдын жоопкерчилигинен башталат
-
№8 (178) / 2026-09-19 Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жергиликтүү деңгээлде башталат: Кыргызстандын жана Өзбекстандын тажрыйбасы
-
№6-7 (176-177) / 2026-06-30 Райондор өсүш чекити катары: пландоонун жаңы сапаты инвестицияларды тартууга, жумуш орундарын түзүүгө жана шаар менен айылдын ортосундагы ажырымды кыскартууга кандайча жардам бере алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү кеңешин түзүү тууралуу “Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-2025” форумунун сунуштары
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Төртүнчү сессия. Инвестициялар ишеним тили катары: жергиликтүү бийлик эмнелерди жасай алат
-
№1 (171) / 2026-02-06 “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу” форуму: Экинчи сессия: Иллюзиясыз административдик-аймактык реформалар: чек аралар, бюджеттер, санариптик дайындар жана жашоочулар үчүн жыйынтык


















