Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Үсөн жана Асан – белгисиз согуштун каармандары

2013-05-31 / Адамдар жана тагдырлар
Үсөн жана Асан – белгисиз согуштун каармандары

Советтик моряктарга арналган эстелик кореялык Сейсин порт шаарында, азыркы Чхонджинде орнотулган. Ушул эле жерде биздин ысыккөлдүк эки жердешибиз – Үсөн Акокулов жана Машайло Дужган (Дулгаз) жай алган боордош молосу бар.

Бул баян 2013-жылдын 2-февралында Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине Алыскы Чыгыштан келип түшкөн каттан башталган. Ал каттын башы төмөндөгүдөй болчу: Урматтуу достор, саламатсыңарбы. Сиздердин жердешиңер көмүлгөн жай табылды. Маалымат мене бөлүшүү үчүн, каза болгон жоокердин туугандарын издеп жатам. Аймактар менен эч кандай байланыш түзүлбөй жатат. Жардам берсеңиздер!
 
Азыркы NEXT мууну үчүн Улуу Ата Мекендик согуш Жеңиш күнүнө карата гана жанданып турчу алыска узап бараткан тарых. 9-Майга бир ай калганда гана бардык телеканалдарда, үналгыларда, басма сөздө «эстутум вахтасы» деп символикалык түрдө айтылып калган маалымат чабуулу башталат. Башкы редакторлор ондогон миллион адамдын өмүрүн алган ошол кандуу калабанын тирүү катышуучуларын табуу тапшырмасын берет. Журналисттер согуш тууралуу анын катышуучусунун өз оозунан баяндалган дагы бир окуяны элге жеткириш үчүн военкоматтарга, архивдерге, ардагерлер коомуна, музейлерге чала башташат. Жыл сайын бул тапшырманы аткаруу кыйын болуп баратат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда болжол менен 10 миңге жакын гана Ата Мекендик согуштун ардагери калды. Ал эми Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Шапак айылында кырк бешинчи жылы тирүү кайтып келген жети жоокердин бирөө да калган жок. 1997-жылы совет-жапон согушунун каарманы Асан Бодонов кайтыш болгон.
 
Азыр биз Бодонов жана анын иниси тууралуу кеп козгойбуз. Ал эми бул баяныбызга 2013-жылдын 2-февралында Өнүктүрүү саясат институтуна Ыраакы Чыгыштан келген кат түрткү берди. Кат мындай деп башталат: «Урматтуу достор, саламатсыңарбы. Силердин жердешиңер көмүлгөн жер табылды. Маалымат менен бөлүшүү үчүн каза болгон каармандын туугандарын издейм. Регион менен эч кандай байланыш түзө албай жатам. Жардам бергилечи! Урматым менен «Ар биринин ысымын атап» долбоорунун жетекчиси, Владивосток ш. №14 ОМ МОУ директорунун орун басары».
 
Долбоордун жетекчиси Галина Николаевна Шайкова издөөчүлөр 1945-жылы Түндүк Кореяда набыт болгон советтик жоокерлердин ысымдарын калыбына келтирүү менен алектенишерин жазды. Негизинен сөз Тынч Океан флотунун деңиз пехотасынын 355-өзүнчө Гвардиялык батальонунун жоокерлери тууралуу жүрүп жатат.
 
– Ушул батальондо силердин жердешиңер Акакулов Усин Акакулович кызмат өтөгөн. Ал 1945-жылы 15-августта Сэйсин шаар-портун бошотууда жапон самурайлары менен салгылашууда каармандык менен көз жумган. Анын сөөгү Корей жеринде бир туугандык бейитте жатат. Биз Акакулов Усин Акакуловичтин өмүр таржымалын калыбына келтирип, анын жакындарын таап, аны Мекенинде эскеришеби же жокпу – мына ушуну билейин дегенбиз, - деп жазат Галина Шайкова. – Орусия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Борбордук архивинен төмөнкүдөй маалыматты таптык: ефрейтор Акакулов Усин Акакулович 1924-жылы Ысык-Көл облусунун Пржевальск районундагы Шапок айылында төрөлгөн. Кыргыз. Деңиз пехотасынын 255-өзүнчө батальонунун автоматчиги. Энеси Баданова Алика менен кичи Мекенинде жашачу. Армияга кызмат өтөөгө Пржевальск РАК тарабынан чакырылган.
 
Шайкованын каты Өнүктүрүү саясат институтунун бардык кызматкерлерин толкундандырды. Алар ошол замат Ысык-Көлдүн аймагындагы айылдык башкармалыктарына телефон чала башташты. Каармандын жакындарынын изине биринчи болуп Рахат Талканбаева түштү. Анын «Мен туугандарын таптым! Бодонов Талант жолго чыкты, өзү менен кошо документтерди ала келет» деген кубанычтуу кабары кеңсенин ички түйүнү аркылуу баарына жетти. Кийинки күнү, түшкө жакын Өнүктүрүү саясат институтуна түгөйлөр – Талант менен Майрам келди. Алар абдан толкунданып алышкан экен жана мунусун жашырышкан жок. Чу дегенде эле алар столго биздин каарман менен түз тууган болгонунун далилдерин этияттык менен коюшту: убакыттын өтүшү менен саргая түшкөн сүрөттөрдү, атасынын Кызыл Армия китепчесин, 1946-жылы Асан Бодонов сыйланган «Жапонияны жеңген үчүн» медалы.
 
Аныкталгандай, Ыраакы Чыгыштын издөөчүлөрү бейитин тапкан Усин (жердештери аны Үсөн дешчү) жана Асан – аталаш бир туугандар экен, башкача айтканда, Талант – Үсөндүн жээни, ал эми Асандын баласы болот. Таланттын чоң атасы Бодон Тайгашкаевдин эки үй-бүлөсү кошуналаш жашачу, азыр Үсөн Акакуловдун ысымын алып жүргөн бир көчөдө турушчу. Бир туугандарды согушка бир эле учурда – 1942-жылдын июнь айында чакырышкан. 19 жаштагы Үсөн ал кезде Пржевальск зоотехникалык техникумун аяктаган эле. Ал эми Асан бир жашка кичүү болсо да жергиликтүү мектепте математика сабагынан мугалим болчу.
 
Алардын жолу болуп, Ыраакы Чыгышта, болгондо да бир батальондо кызмат өтөп калышат. Таланттын эскергенине караганда, Үсөндүн өлгөнү тууралуу Бодоновдордун чоң үй-бүлөсү жана жердештери 1946-жылы, кичи Мекенине жоокер Асан Бодонов аман-эсен кайтып келгенде гана уккан.
 
– Атам көп сүйлөчү эмес. Согуш тууралуу эскергенди жактырчу эмес, - дейт Талант Бодонов. – Армиядагы күндөр тууралуу сураганыбызда адатта сөздөн качып кутулчу, же болбосо кыскача эле «Согуш – бул эң жаман» деп жооп кайтарчу. Ал пулеметчу болгонун, ал эми Үсөн байкебизди деңиз флотунун 355-өзүнчө батальонунун чалгындоо ротасына бөлүп коюшканын айтып берген. Бир жолу чалгынчылар тобу душмандын тылына кетип, ошондон кийин кайтып келишкен эмес. Алардын арасында кыз да бар болчу. Атамдын айтымында, чалгынчылар туткунга түшүп калып, аларды ырайымсыздык менен кыйнашып, андан соң атып салышкан экен...
 
Бул кайсы жерде болгон? Каармандар кайсы жерде калды? Бул тууралуу ошол заматта эле белгилүү болгон эмес. Асан Бодонов да агасынын өлүмү жана ал көмүлгөн жай тууралуу так эч нерсе айтып бере алган эмес экен.
 
Ал эми аскер тарыхчылары ошол кандуу кагылышуу тууралуу буларды жазышкан: «14-август күнү мунун алдында Владивостоктон жолго чыккан кемелер отряды Сэйсинге жетип, деңиз пехотасынын батальонун түшүргөн (710 адам, командири – майор М. П. Бараболько). Батальондун командири ошол эле жерден адамдарды чабуулга алып жөнөгөн. Жоокерлер экинчи аракеттен кийин гана шаарга кирип келип, 1-3 чакырымга алдыга жылышкан. Анткен менен брондолгон поезддин артиллериялык колдоосу менен салгылашууга сергек күчтү киргизип, жапон командачылыгы 14-августтун түнү десантчыларды портко сүрүп салган. Ал жерде жоокерлер плацдармды фронт боюнча 2 км, тереңдиги боюнча 1 км кармап турушкан. Жоокерлердин бөлүгү деңиздин жээгинде коргонуу согушун жүргүзүп жаткан, жоокерлердин дагы бир нече тобу болсо өз бөлүктөрүнөн четтеп калып, бытырандылык менен жогорку жактарда, же өзүнчө имараттарда коргонуп жаткан. Анын үстүнө отряддын командиринин маалыматка ээ болбогонунан улам батальон башка жакка түшүрүлүп, шаарда салгылашып жаткан десанттардын алдыңкы үч тобу менен бириге албай койгон».
 
Кореялык Сэйсин порту үчүн урушта 3000 жапон жоокер жана офицери өлтүрүлгөн жана туткунга алынган, 4 жапон учагы атып түшүрүлгөн, 1 брондолгон поезд талкаланган. Суу жээгинде 27 транспорт жана танкер ээленген. Кызыл Армиянын жоготуулары болсо 250дөн 300 адамга чейин жеткен. Алар же өлтүрүлгөн, же дайынсыз жоголгон.
 
Ошол аскер операциясынын көптөгөн катышуучулары ордендер жана медалдар менен сыйланган, Советтер Союзунун Баатыры наамын 16 солдат жана офицер алган, алардын арасында жалгыз аял бар – санинструктор Мария Цуканова. Бул наам ага өлгөндөн кийин ыйгарылган. Асан менен Үсөн да «Жапонияны жеңген үчүн» ардактуу медалга ээ болушкан. Бирок ефрейтор Акакулов муну билбей калды. Ал согуштан кайткан жок...
 
Галина Николаевна Шайкованын катынан: «Биз көп убакыттан бери силердин жердешиңер көмүлгөн жерди издеп жүрдүк жана Түндүк Кореянын Башкы консулдугунун кызматташтыгынын жардамы менен бейитти гана эмес, Тынч Океан флотунун деңиз пехотасынын 355-өзүнчө Гвардиялык батальонунун жоокерлери көмүлгөн ири бейитти таптык. Ал жерде 355-батальондун 66 жоокеринин жана командирлеринин сөөктөрү жатат.
 
Азыркы Чхонжин, мурдагы Сэйсин шаар-портунда бир туугандык бейитте чоң мемориалдык комплекс түзүлгөн. Анын аянты 1000 кв. м болот. Бизге мемориалдын сүрөттөрүн жиберишти, бейитте болсо ошол жерде көмүлгөн жоокерлердин аты-жөнү гранит таштарга чегерилген. Ошол таштарда силердин жердешиңер Акакулов Усин Акакуловичтин аты-жөнү да бар. Корей эли советтик жоокер-куткаруучулардын бир туугандык бейиттерине аяр мамиле жасап, ошол жерди таза кармашат.
 
Долбоордун алкагында биз жапон баскынчыларынан Сэйсин шаар-портун бошотууда курман болгон Тынч Океан флотунун деңиз пехотасынын 355-өзүнчө Гвардиялык батальонунун Эстутум китебин жазып жатабыз. Биз үчүн корей жеринде түбөлүккө калган силердин жердешиңер – курман болгон каарман-жоокер тууралуу документтер, сүрөттөр, эскерүүлөр абдан маанилүү».
 
Тилекке каршы ушул мемориалга кары жоокер Асан Бодонов бара албайт, агасынын бейитинде куран түшүрө албайт. Ал согуштан кийин үйлөнүп, өз мектебинде балдарга математикадан сабак берип, андан кийин узак убакыт колхоздо бригадир болуп иштеген. Ардагердин беш баласы бар, алардын баарын бутуна тургузуп, ардактуу адам кылып тарбиялады. Алардын бири – Талант, ал атасынын ордун басып, ошол үйдө жашайт. Ардагер уулуна кастарлап сактаган аскердик реликвияларын – Кызыл Армиянын китепчесин, сыйлыктардын күбөлүктөрүн, генералиссимус Сталиндин сүрөтү бар Ардак грамоталарын, сүрөттөрүн өткөрүп берген. Ошол сүрөттөрдөн бизди дагы эле тирүүдөй, алыскы кыркынчы жылдардагы жигит жоокерлер – кооз, тоолуу Шапак айылынан чыккан бир туугандар Үсөн менен Асан тиктеп турушат.
 
Лариса ЛИ,
сүрөт Бодоновдордун үй-бүлөлүк
архивинен алынды
 
Өнүктүрүү саясат институту Экинчи дүйнөлүк согуштун бардык тирүү калган ардагерлерине терең таазим билдирип, азыр арабызда жок ардагерлердин үй-бүлөлөрүн жана жакындарын майрам менен куттуктайт. Биздин жаркын келечегибиз үчүн өзүңөрдү курмандыкка чалган фронттун жана тылдын кадырлуу жоокерлери, тукумуңар силерге чексиз ырааз ы жана түбөл үк эс теп жүрөт! Улуу Жеңиш майрамыңар менен!