Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жерге-Тал АА

2014-10-03 / Адамдар жана тагдырлар
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жерге-Тал АА

Аялдарга жана үй-бүлөгө жардамга келген бала бакча

Эмнелер жасалды? Ушул тапта жергиликтүү калктын, айылдык кеңештин депутаттарынын жана айыл өкмөт аппаратынын адистеринин биргелешкен аракеттери менен “Жибек” бала бакчасынын ачылышына даярдыктар көрүлүп жатат. Бала бакчанын чакан имаратын тургузуу боюнча курулуш иштери бекер жасалды, курулуш материалдарына каражаттар ар бир үй кожолугунан 50 сомдон төлөм түрүндө чогултулду. Ошону менен бирге каражат чогултуу үчүн айылдагы жигердүү аялдардын ичинен бир нече демилгелүү топ уюштурулду.Кошумча каражатты айылдын айрым жашоочулары демөөрчүлүк жардам түрүндө берди. Кызыл-Капчыгай айылынын тургундары иштерге жардам берип, курулуш иштери бүткөнгө чейин куруучуларды ысык тамак менен камсыздашты.
Натыйжасы Жаңы бала бакча аялдарга ишке орношууга жана үй-бүлөлүк бюджетке салым кошууга мүмкүнчүлүк түзөт. Кызыл-Капчыгай айылынын аймагындагы ар бир үй-бүлөдө бери дегенде төрт же беш бала мектепке чейинки куракта болгонунан улам энелери аларды кароосуз калтыра алышчу эмес. Мындан улам ишке орношуу же акча табуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок болчу. Бирок эми балдарды тарбиячылардын кароосуна калтыруу мүмкүнчүлүгү бар. Эми балдарды тарбиячылардын көзөмү алдында калтыруу,ошону менен бирге зарыл болгон мектепке чейинки даярдыкты камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.Элеттиктерге тажрыйба көрсөткөндөй,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине нааразылыктарды билдирүү айрым бир маселелерди өз алдынча жана өз ресурстар менен чечүү мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөттү. Мындан тышкары сүрөттөлгөн тажрыйбасы кызматташтыктын мисалы болуп калды – аймакта жашоочулардын мындан да биригүүсүнө көмөктөшкөн түрдүү акциялар, ишембиликтер жана концерттер өткөрүлдү.