Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал АА

2014-10-09 / Адамдар жана тагдырлар
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал АА

Калктын турмуш шартын жакшыртуу...

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Арал айылдык аймагынын Кош-Дөбө жана Долон айылдарында таза суунун жоктугу актуалдуу көйгөй болуп келген. Долон айылында Советтер Союзу доорунда эле курулган суу түтүк системасы илгери эле иштен чыккан. Ал эми Кош-Дөбө айылында ичүүчү суу менен камсыздоо системасы такыр эле болгон эмес. 2000-жылдардын ортосунда “Таза суу” Долбоорунун колдоосу менен “ЭРБАКО” ТСПЭКБ бул маселени чече алды.

Эмнелер жасалды?Бирок айылдарда таза суу көчөдөгү колонка деңгээлинде эле берилип калабы? Эмне үчүн элет тургундарынын үйлөрүнө шаардагыдай эле муздак жана ысык суу берүүгө болбосун? Жамаат XXI кылым – технологиялардын жана инновациялардын кылымы ар бир үйгө келиш керек, ал эми элеттиктердин турмуш шарты жакшырып, болгондо да абдан жакшырышы керек деп чечти. Элеттик чогулушта “Хабитат Кыргызстан” коомдук кайрымдуулук фондунун ар бир үйдү муздак жана ысык суу менен камсыздоо боюнча долбоорун колдоого алуу керек деген чечим кабыл алынды. 1 119 793 сомго иш-чаралар каржыланды. Ошол иш-чаралардын алкагында калктын 49% үйүнө таза суу өткөрүп берилди. Көпчүлүк жашоочулар электр жылытуучу аспаптарды орнотуп, үйлөрдө ысык жана муздак суу пайда болду. Элеттиктердин жашоо шарты жакшыра түштү. Өзгөчө элеттик аялдардын иши жеңилдеди. Айыл өкмөт аппараты калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жергиликтүү инвестициялык бирикмесинин экскаватору куур орнотуу үчүн жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүндө чуңкур казууга көмөктөштү.

Натыйжалар ТСПЭКБ кызматкерлери калкка сантехникалык жабдууларды жана электр жылытуучу аспаптарды жеткиликтүү баада орнотууга жардам беришти. Ар бир үйдө суу өлчөгүчтөр орнотулуп, бул болсо өз кезегинде биллинг системасын жайылтууга көмөктөштү – эми керектөөчүлөр келген дүмүрчөктөрдүн негизинде суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында төлөп калышты.Түп районунун “Түп таза суулары” ТСПЭКБ бирикмеси кошуна Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы ТСПЭКБ бирикмелери менен кызматташтыкта республикалык деңгээлиндеги “КАВС” уюмунун түзүштү. “КАВС” коомунун европалык уюмдар менен кызматташтыгынын натыйжасында адистерди окутуу, күн кубаты менен суу жылыткан коллекторлорду, кургак жемиштерди күн энергиясы менен кургатуу, экологиялык санитардык дааратканаларды орнотуу боюнча адистерди окутуу боюнча долбоорлор ишке ашырылды. Мындан тышкары “Кмп-Ала-Тоо” коомдук уюму менен кызматташтыкта кубатты үнөмдөөчү мештерди орнотуу жана немис технологиясы менен жылуулукту сактоочу үйлөрдү куруу боюнча окуулар өткөрүлдү. Натыйжада 15 жергиликтүү тургун иш менен камсыз болду. Ушундай адистерге суроо-талап башка айылдык аймак-тарда өсүүдө. Жыйынтыгында электрди үнөмдөгөн мештердин саны да өсүп жатат.Долбоорду ишке ашыруунун алкагында сууну күндүн нуру менен жылыткан коллекторлор жана энергияны үнөмдөөчү мештер Долон айылындагы К.Үмөталиев атындагы мектепте жана Кош-Дөбө айылындагы фельдшердик-акушердик пунктта орнотулган. Бул демилге элет жергесине заманбап технологияларды тартууга жана аларды пайдаланууга багытталган. Эки айылда тең жети “ЭКОСАН” дааратканасы орнотулган.

Төл сөз Саманчы КУРМАНБАЕВ, Кош-Дөбө айылынын тургуну: “Биздин жашообузга мурда өнүккөн өлкөлөрдө жана ири шаарларда гана көрүүгө болгон жаңы технологиялардын тез кирип жатканына абдан кубанычтабыз”.Касеин СЫДЫКБЕКОВ, ТСПЭКБ төрагасы