Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак АА

2014-10-02 / Адамдар жана тагдырлар
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тогуз-Булак АА

Жамаат – бул айылды өнүктүрүүдө күч, ал эми аны мектепке чейинки билим берүүдөн баштаса болот...

Эмнелер жасалды? 2003-жылы элеттик мектептин директору Олег ТУРГАНБАЕВдин сунушу менен Тогуз-Булак ААда “Шамсыя” кесиптик педагогикалык жамаат түзүлгөн. Жамааттын Уставы талкууланып, бекитилген, кийин ал АӨ башчысынын токтому менен Тогуз-Булак АӨдө катталган. Баштапкы салым 800 сом, ал эми ай сайын 50 сом болот деп аныкташкан. Жамаат айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн изилдей баштап, мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүктүн жоктугу эң курч маселе экенин аныкташкан. Балдар мектепке психологиялык жактан эч даярдыксыз келүүдө, өзүн жамаатта алып жүргөндү билишпейт, жүрүм-турумдун жана тазалыктын жөнөкөй эрежелерин өздөштүрүшкөн эмес.Көп өтпөй мунун баары окуучулардын билим сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Анткени биринчи
класста мугалим мектеп программасын окуткандын ордуна көп убактысын окуучуларга жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүүгө кетирип калат. Мындан улам балдардын мектепке чейинки билим берүү борборлорун түзүү зарылчылыгы пайда болду.Жамааттын мүчөлөрү баштапкы мектептин эски имаратын реконструкциялап, ал жерде мектепке чейинки билим берүү борборун ачууну сунушташты.Акча каражатын издей баштап, АРИСке долбоордук табыштама жазылды. Жергиликтүүлөр көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүштү, анткени жамаатта долбоорду ишке ашыруу боюнча тажрыйба жок болчу. Бирок алар бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгышты. “Шамсыя” жамааты жети адамдан турган функционалдык топ түзүп, анын лидери деп О.ТУРГАНБАЕВди тандашты, курулуш иштерин жүргүзүү, жылытуучу системаны орнотуу боюнча аракеттер планын иштеп чыгышты. АРИС 118 000 сом, ал эми “Шамсыя” 34 421 сом кошту.Алардын ичинен эмгек салымы 25 301 сом, ал эми материалдык салым 9120 сом болду. Жамааттар бирикмеси 64 000 сом кошумчасын берди. Жамааттын мүчөлөрү күн сайын кадам-кадамы менен бир кыйла курулуш иштерин бүтүрүп, баштапкы мектептин эски имараты оюн бөлмөсү, окуу классы, ашканасы, уктоочу бөлмөсү бар жайлуу, таза, тыкан балдардын мектепке чейинки билим берүү борборуна айланды.Балдардын мектепке чейинки билим берүүчү борборун “Бөбөк” деп аташты (“Бөбөк” БМББ).“Бөбөк” БМББнын салтанаттуу ачылышы айыл жашоочуларынын ортоктоштугун көрсөттү: ар бир үй-бүлө БМББнын мындан ары иштеп кетүүсү үчүн колдон келген жардамын берди: шейшеп, жууркан,идиш-аяк, оюнчуктар, кийим үчүн шкаф, акча – баары болуп 43 580 сомго жардам көрсөтүлдү. 2006-жылдан тарта облустук элге билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Догдургүл КЕНДИРБАЕВАнын аракети менен маяна жана тамактануу жергиликтүү бюджетке кошулган. Ага ылайык, жетекчи, тарбиячылар, кароолчу жана ашпозчудан турган жамаат маянаны Тогуз-Булак айыл өкмөтүнөн ала баштады.Балдар да ысык тамак ичип калды. Андан соң штат тогуз адамга чейин өсүп, кошумча ресурстар тартылып, балдардын шарты жакшыртылды. Бирок “Шамсия” жамааты өз ишинде “Бөбөк” БМББ менен гана чектелип калган жок. Кийинки жылдары мектепте шарттарды жакшыртуу үчүн бир
нече долбоор ишке ашырылды – эмерек, компьютерлер сатып алынып, чатыры оңдолду.
Натыйжасы Болгону 9 жылдын ичинде эле “Бөбөк” БМББда мектепке чейинки билимди 251 бала алды. Түз бенефициарлар – балдар, БМББнын кызматкерлери,педагогикалык жамаат, ата-энелер. Кыйыр бенефициарлар – айылдын бардык жашоочулары. Борбордон кийин балдар биринчи класска жакшы даярдыкта келишет – алар жазганды, окуганды жана өзүн жамаатта алып жүргөндү билишет. “Шамсыя” жамааты “Бөбөк” БМББ ачылганга чейин жана андан кийин окуучулардын билим сапатына анализ жасап, орто билим берүүчү мектептеги биринчи класста жалаң “бешке” окугандардын саны дээрлик үч эсеге, “беш” жана “төрткө” окугандардын саны эки эсеге өскөнүн аныктаган.“Бөбөк” БМББ ийгиликтүү иш алып барууда жана бул көңүлгө жакын, өтө жарык долбоор. Анткени ал балдарга кубаныч тартуулайт. Педагогикалык жамаат да жемиштүү иштөөдө. Мектеп курагына чейинки балдарды окутууну жакшыртуу планы да иштелип чыкты. Ага ылайык, окуу-тарбия процесси методикалык деңгээлде өткөрүлөт, иш-чаралар да кызыктуу жана билим берүүчү нукта уюштурулат.Бирок балдар борбору – бул негизги жетишкендиктин көрүнүшү гана.Ал аймакта “Шамсия” жамааты аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ортосунда өз ара аракеттешүү механизмин түзүүдө камтылган. Адамдар биригүүдө, билим алып, айылдын жашоосуна жигердүү катышууда;достук жана ынтымак бекемделип жатат.
Төл сөз Курманбүбү БАЙСЫНОВА, “Шамсыя” жамаатынын лидери: “Биринчи класска барганга чейин үйдө балдарды тарбиялаган көптөгөн чоң эне-чоң аталар небереси көз алдында өзгөрүп жатканын көрө алышты. Алардын жүрүм туруму, сөздөрү өзгөрүп, жазуу жана окуу көндүмдөрү жакшырып,алар жакшы сүйлөшүп калышты, эрежелерди жана тазалыкты сакташат. Эми улуу муун мектепке чейинки атайын мекемелер – бул тарбия өңдүү жоопкерчиликтүү процессте үй-бүлөгө чоң жана зарыл жардам экенин айтышат”.