Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы АА

2014-10-03 / Адамдар жана тагдырлар

Чакан футбол талаасын жарыктандыруу...

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Дөбөй айылы – бул аймактын борбордук айылы,ал Дөш, Жар-Кыштак, Бешмойнок, Чокмор, Кыпчак,Канды жана Таштак деген дагы жети айылды бириктирип турат. Калктын саны дээрлик жети миң кишини түзөт. Алардын ичинен 7 жаштан 40 жашка чейинкилердин саны дээрлик эки эсеге жетет. Элет жаштары күндүз иш менен алектенгени менен, кечинде бош убактысын өткөрөйүн десе барчу жер жок. Ошондуктан жаштар маданий иш-чараларга катышуу жана спорт менен алектенүү үчүн да Жалал-Абад шаарына барууга мажбур болчу. Бирок жол дайыма эле коопсуз эмес, өзгөчө түнкүсүн. Жергиликтүү бюджетте акча атүгүл эң зарыл нерселерге да жетпей жаткан шартта бул маселени кантип чечсе болот?

Эмнелер жасалды?Дөбөй айылында муниципалдык стадион бар болчу, анын ичинде чакан футбол ойносо болот. Бирок күндүз гана ойнош керек. Ал эми бул маалда балдардын көпчүлүгү окуйт же иштейт. Чакан футбол талаасы кечинде да иштей тургандай кылуу үчүн аны жарыктандырыш керек эле. Маселени чечүүгө “Сайит Ата” коомдук бирикмеси киришкенде гана иш ордунан жылды. Анын жетекчиси Азамат КАЛИЕВ иш-аракеттердин атайын планын иштеп чыкты. Анын ичинде бир метр тереңдиктеги мамылар үчүн чуңкур казуу, мамыларды цементтөө жана электр линияларын монтаждоо боюнча иштер да кирген. Кабелди төшөө боюнча монтаждык иштерди аткаруу үчүн жергиликтүү тургун тартылды. Ал – жогорку квалификациядагы электрикчи, РЭСтин кызматкери Эсен ЖОЛДОШБАЕВ. Жамааттан салым катары ал бардык монтаждык иштерди жалпы суммасы 3,5 миң сомду түзгөн акыга аткарды.Дөбөй айылынан “Сайит Ата” КБ жергиликтүү жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп,250 сомдон каражат чогултуп, айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ММКнын жергиликтүү демилгени чагылдырууга тартып, монтаж иштерин аткарууда курулуш нормаларынын жана эрежелеринин талаптарын аткаруу максатында жарык берүүчү жабдууларды РЭСтин жооптуу жана жогорку квалификациялуу кызматкерлеринин жардамы менен орнотту. Жергиликтүү ишкер Ильяз АЙТИБАЕВ үч топ жана эки ышкыргыч сатып алууга демөөрчүлүк жардам катары 5 миң бөлдү. Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги чакан футбол талаасын жарыктандырууга кеткен электр кубаты үчүн акыны жергиликтүү бюджеттен төлөмөй болду. Чакан футбол талаасын жарыктандырууну уюштуруу боюнча аткарылган иштер дин натыйжасында түз бенефициарлардын саны үчмиңден ашык кишини түздү. Акчалай туюнтмасында иш-чаранын бюджети 35 миң сомдон ашык болду,алардын ичинен 25 250 сом жергиликтүү жаштардан чогултулду, ал эми 10 миң сомду жергиликтүү тургун Байгазы ОРОЗБАЕВ кошту.

Натыйжасы Чакан футбол талаасына жарык жетип, каалоочулар караңгыда да футбол ойной ала тургандай болуп калды. Бул демек жаштарда спорт менен алектенүү, сергек жашоого ыктоо үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр пайда болду дегенди билдирет. Ал эми бул болсо калктын генефондун жакшыртууга жардам берет. Дени сак жаштар эми иш менен толук кандуу алектенип, үй-бүлөсүнө татыктуу жашоону камсыздай алат. Түрдүү улуттагы жашоочулар ортосундагы мамиле да жакшырды. Бул болсо көп улуттуу муниципалитет үчүн маанилүү. Ичимдик ичкен жаштардын саны кескин кыскарды.

Нуруслан САЙИТОВ, жаштардын лидери,“Сайит Ата” коомдук бирикмесинин төрагасы