Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон АА

2014-10-03 / Адамдар жана тагдырлар
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон АА

Келечекке кадам бала бакчадан башталат...

Эмнелер жасалды? Артыкчылыктуу маселени чечүү үчүн “Билим” демилгелүү тобу түзүлдү. Демилгелүү топтун үчөлөрү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн бурушкан. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана элет тургундары жаңы бала бакча куруу идеясын колдоп беришти. АӨ 0,30 гектар жер участогун бөлүп, бардык зарыл болгон документтерди даярдашты: жерге мамлекеттик актыны жана райондук архитектурадан курулушка уруксат документтерин. Андан кийин долбоордук сметалык документация даярдалып, ага ылайык 75 орундуу бала бакчанын курулуш наркы 6 393 120 сомду түздү. Каражат түрдүү булактардан тартылды: 2 238 120 сом жергиликтүү бюджеттен алынды, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору 1 млн. сом бөлдү,Каржы министрлигинен 2 700 000 сом өлчөмүндө дем берүүчү грант тартылды, жергиликтүү жамаат 455 000 сом чогултту. Акча каражаттарынан тышкары жергиликтүү жамаат шейшеп, жаздыктарды,оюнчуктарды, жууркан менен идиш-аяктарды берди. Жеке ишкер С.ТЕМИРОВ 50 матрац жана керебет тартуулады.
Натыйжасы 2014-жылдын сентябрында 75 орундуу бала бакча колдонууга берилет. Долбоордон түз пайданы 250 адам алды, кыйыр пайдасы 1200 адамга тийди.
Төл сөз Жумалы БУРКАНОВ, айыл өкмөт башчысынын орун басары: “Бала бакчанын курулушунан кийин калкта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишеним өсүп, ЖӨБ менен жамааттын биргелешкен аракеттери менен атүгүл эң оор тапшырмаларды да аткаруу мүмкүн деген үмүт пайда болду. Көп түкүрсө көл болот демекчи, элдин демилгеси келечекке дем берет”