Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуӊ АА

2014-10-03 / Адамдар жана тагдырлар
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуӊ АА

Орто мектептин чатырын оӊдоо...

 Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Сары-Булуң айылдык аймагында Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектеп үч корпустан турат: биринчиси 1958-жылы, экинчиси 1974-жылы, ал эми үчүнчүсү 1996-жылы курулган. Мектепте 240 билим алат, 30 мугалим жана 15 техникалык кызматкер иштейт. Мектептин үчүнчү корпусу Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен бала бакча болуп түзүлгөн, ал жерде 50 бала тарбияланат жана 8 тарбиячы иштейт.

Мектептин экинчи корпусу ушул кезге чейин авариялык абалда турган. Имараттын чатыры жараксыз абалга келгендиктен жамгыр жааганда шыптан суу тамчылап турган. Мунун айынан мугалимдер жана окуучулар көп эле оорушчу. Мектептин администрациясы ЖӨБ органдарына жана райондук администрацияга кайрылып, чукул арада оңдоо иштерин жүргүзүш керектигин айтты. Мектепте атаэнелердин демилгеси менен чогулуш уюштурулду.Ата-энелер комитетинин мүчөлөрү мектеп администрациясы менен биргеликте имараттын чатырын тез арада оңдош керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жашоочулардын көпчүлүгү бул маселенин маанисин терең түшүнүп турушту,анткени мектепте билим алган балдар ушунчалык тез ооругандыктан кышында жана жамгыр жааган мезгилде мектепте сабак өтүү мүмкүн болбой калган. Ремонт үчүн зарыл каражат жергиликтүү калкта жок болгондуктан анын ири бөлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Каражаттын калган бөлүгүн издөө үчүн жамаат донорго кайрылды. Мындан тышкары жергиликтүү жашоочулардын аракеттери менен ыктыярдуу акчалай төлөмдөр чогултулду.
Эмнелер жасалды? Ремонт иштерин жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн учурда “Мерсико” эл аралык уюму долбоордук табыштамаларга сынак жарыялап калды. Чатырды ремонттоо боюнча долбоордук табыштама донорлор тарабынан колдоого ээ болду, ал эми кошо каржылоо үчүн каражаттын зарыл болгон бөлүгү жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Ошентип 2013-жылдын май айында Т.Сатыбалдиев ат. орто мектептин экинчи корпусунун чатыры оңдолду. Ремонт иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен 135 миң сом, “Мерсико” уюмунан 90 миң сом, мектептин фондунан 17,5 миң сом бөлүндү. 16 миң сомго жакын акчаны жергиликтүү жашоочулар чогултуп берди. Чатырды алмаштыруу ишинин жалпы бюджети 250 миң сомдон бир аз ашты.
Натыйжасы Бүгүнкү күндө жамаат менен ЖӨБ органдарынын биргелешкен ишинин арты менен жогорку класстарда 240, кенже класстарда 65 окуучунун билим алуусу, 30 мугалимдин жана 15 техникалык адистин иши үчүн шарттар түзулдү. Жергиликтүү жашоочулар, ошондой эле билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү ыраазычылыгын билдирип, долбоорду, ошону менен бирге демилгени ишке ашыруунун сапатын жогору баалашты.Аймак тургундарынын айтымында, чатырдын ремонту жергиликтүү калктын көңүлүн мектептин маанисине бурду. Эми алар калктын демилгесинин жана жигердүүлүгүнүн арты менен көптөгөн маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдары менен жамааттын өз ара аракеттешүүсүканчалык маанилүү экенин баамдай алышты.
Төл сөз Тойгонбай МОЛДОБАЕВ, айыл өкмөт башчысы: “Дээрлик эки жылдан бери мектептин чатырын оңдоого байланышкан маселени чече албай убара болдук. Биргелешкен иш жана долбоорлор менен кызматташтык – бул элеттик муниципалитеттер үчүн жакшы практика”.Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуӊ АА Орто мектептин чатырын оӊдоо М