Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоӊ -Сары-Ой АА

2014-10-03 / Адамдар жана тагдырлар
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоӊ -Сары-Ой АА

Айылда заманбап ФАПтын курулушу

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү Чоң-Сары Ой АА беш айылдан турат. Алар Совет доорунда Чок-Тал, Өрнөк, Чоң-Сары Ой жана Бает деген колхоздун курамында болчу. Ал учурда ар бир айылда мектептер жана маданият объекттери бар эле. Ал эми медицина үчүн – бейтапканалар (азыр эми Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу – ҮДТ деп аталып калды) жана фельдшердик акушердик пункттар (ФАП) үчүн өзүнчө имараттар бөлүнгөн эмес. Азыр болсо саламаттык сактоо мекемелеринин түзүмү өзгөрдү. Ошондой эле жашоочулардын курамы да өзгөрүп, адамдарга жакын болгон саламаттык сактоо мекемелерине муктаждык пайда болду.Бирок имарат маселеси курч турду. Айталы,Сары-Ой айылында ФАП менен байланыш бөлүмү бир имаратта жайгашкан, ал эми имараттын аянты болгону 9 чарчы метрди түзөт. Өрнөк айылында ФАП Маданият үйүндө жайгашкан, Чоң-Сары-Ойдо ҮДТ тиричилик комбинатынын мурдагы имаратында жайгаштырылган. Ал эми оорукананын мурдагы имараты адегенде мектеп-интернатка айланып,андан кийин такыр эле менчиктештирилип кеткен.Көп убакыт бою кадрларга байланыштуу маселе да курч турду – аймактын калкын (беш айылды) эки гана адис дарыгер тейлечү. Жергиликтүү жашоочуларды сапаттуу медициналык тейлөө үчүн эч кандай шарттар түзүлгөн эмес. ФАП үчүн жаңы имарат бөлүү зарылчылыгы тууралуу маселе райондук, облустук жана улуттук иш-чараларда бир нече жолу көтөрүлсө да, дайыма эле чечилбей кала берчү.
Эмнелер жасалды? Маселени чечүү үчүн айылдын активисттери,жергиликтүү кеңештин депутаттары, демилгелүү топтор, жаштар лидерлери ФАПтын жаңы имаратынын курулушун уюштурууну максат кылышты. ЖӨБ органдары жашоочулардын кайрылууларын кабыл алып, курулушту каржылоо үчүн инвестор издөөгө киришти.Инвестор болуу сунушун аймактын территориясында жайгашкан “Радуга” пансионатына жолдошту. Пансионаттын жетекчилиги элет тургундарын сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоо зарылчылыгын түшүнүү менен жаңы медициналык мекеменин курулушун каржылоого макулдугун берди. Жалпы наркы беш миллион сомдун тегерегинде болду. Курулушка уруксат алуу боюнча бардык документтер, участок бөлүү тууралуу маселе, долбоорго даярдыкты өз мойнуна айыл өкмөтүнүн адистери алышты.Курулуштун жүрүшүндө аймактын 15ке жакын тургуну иш менен камсыз болду. Жергиликтүү тургундар курулуш материалдарын түшүрүү иштерине жардам берип, жумушчуларды ысык тамак менен камсыздап турушту.АК депутаттарынын макулдугу менен жергиликтүү бюджеттен ФАП имаратынын тегерегинде темир тосмону орнотууга жана тийиштүү аймакта брусчатканы төшөөгө 496 900 сом бөлдү.Андан кийин жергиликтүү бюджет септиктин курулушуна 76 000 сом жана ФАПка жанашкан жолду оңдоого 29 700 сом бөлүп берди. Имаратка электр тогун өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 44 700 сом бөлүндү.Эми жаңы фельдшердик-акушердик пунктта кабылдама, процедуралык кабинет, стоматология бөлүмү, атүгүл төрөт кабыл алуу үчүн медициналык жабдуулар да бар. 2014 жылдын жай мезглинде ФАПтын ачылышы болуп, ага айылдын бардык тургундары, демөөрчүлөр – “Радуга” пансионатынын башкы директору В.ХАН жана директору Ю.МУРЗАЕВ катышты. Курулушту колдогон үчүн элеттиктер аларга терең ыраазычылыгын билдирди, ал эми айыл өкмөтүнүн уюштуруу комитети белектерди тартуулады.