Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Муниципалдык мүлктү башкаруунун заманбап усулдары” аттуу эксперттик семинар

2013-12-23 / Адамдар жана тагдырлар

Бул семинардын өзгөчөлүгү тренердин бай тажрыйбасында жана катышуучуларга жеткиликтүү берилген жаңы билимдерде гана эмес, семинарды өткөрүү методикасында да жатат...

 
 
2013-жылдын 25-27-сентябрында Бишкек шаарында Өнүктүрүү саясат институту Сорос-Кыргызстан Фондунун (“Бюджеттик айкындуулук жана отчеттуулук” Программасы) жана Швейцария Өкмөтү колдогон “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун колдоосу менен “Муниципалдык мүлктү башкаруунун заманбап усулдары” аттуу темада тренерлер үчүн тренингдин элементтерин камтыган эксперттик семинар өттү.
 
Бул иш-чара “Муниципалдык менчикти башкарууну жакшыртуу аркылуу Кыргыз Республикасынын шаарларында айкындуулуктун жана отчеттуулуктун демилгеси” Долбоорунун алкагында уюштурулду. Анын максаты – Кыргыз Республикасынын шаарларында муниципалдык менчикти башкаруу практикасын жакшыртуу.
 
Семинарды өткөрүү үчүн муниципалдык менчикти башкаруу жаатында эл аралык класстагы таанылган эксперт Ольга КАГАНОВА чакырылган. Ольга КАГАНОВА Чикаго ш. (АКШ) университетке караштуу NORC изилдөө уюмунун башкы илимий кызматкери болуп иштейт, Британиянын, АКШнын жана Канаданын белгилүү илимий коомдорунун башкармалыгына кирет жана мүчөсү болуп эсептелет. Дүйнө боюнча 29 өлкөдө муниципалдык менчикти башкаруу жаатында 30 жылдык тажрыйбага ээ. О.КАГАНОВА Кыргызстанда 2002-2008-жылдары иштеп кеткен жана муниципалдык менчик тууралуу мыйзамдын авторлорунун бири болгон, Кыргыз Республикасынын шаарларында ачык жана натыйжалуу башкаруу практикасын жайылткан.
 
Бул семинардын өзгөчөлүгү тренердин бай тажрыйбасында жана катышуучуларга жеткиликтүү берилген жаңы билимдерде гана эмес, семинарды өткөрүү методикасында да жатат. Бул семинарда ар бир катышуучу талкууга тартылып, жаңы билим гана албастан башкалар менен тажрыйбасын да бөлүшө алат. Өзгөчө семинар үчүн баалуусу – күн сайын муниципалдык менчикти башкаруу жаатында тажрыйбага ээ болуп жаткан адистердин катышуусу болду. Эксперттик семинарга муниципалдык менчикти башкаруу чөйрөсүндөгү адистер катышты. Ошондой эле практиктер – өлкөдөгү муниципалитеттердин өкүлдөрү келди: Балыкчы, Сүлүктү, Кара-Көл, Кант жана Кара-Балта шаарларынан.