Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бала бакчага акчаны кантип чогултса болот?

2014-02-20 / Адамдар жана тагдырлар
Бала бакчага акчаны кантип чогултса болот?

“Көп түкүрсө көл болот”

 
Жалал-Абад облусундагы Ленин айылдык аймагында өз ара жардамдын принциптерине негизделген “Аруузат” элеттик фонду үч жылдан бери иштеп келатат. Фонд чечүүгө аракеттенип келаткан көйгөйлөрдүн бири – бала бакчанын жоктугу болуп калды. Союз маалында иштеген бала бакча анын тарашы менен жеке менчикке өттү. Бала бакчанын жоктугу тургундарды бир кыйла кыйнады. Мамлекет качан бала бакча куруп берет деп күтүп отура бербестен айыл тургундары өз күчү – ашар ыкмасы менен курулуш боюнча долбоорду баштоон чечишти. Бул долбоорду жамаат толугу менен жактырып, кеңештин сессиясында аянты 0,80 гектар болгон жерди курулуш үчүн бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды.
 
Айыл өкмөт башчысы Чолпонбек МУРЗАКАНОВ документтерди тариздөөгө жергиликтүү бюджеттеги каражаттан 56 миң сом бөлдү жана курулуш иштери башталды. 2013-жылдын 8-сентябрында өткөн элеттик жыйналышта ар бир үй-бүлө кошумча 3 миң сомдон бөлөт деген чечим кабыл алынды. Ошол эле кезде айылдык кеңештин депутаттары 2014-жылдын бюджетинен каражат бөлүү тууралуу маселени карап чыгуу тууралуу сөз берди. Өз балдарын кары адамдардын кароосуна калтырып, акча тапканы алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө кетип жаткан айыл тургундары да бул демилгени колдоп беришти. Курулушчу болуп иштеген жердештер 40 миң сом өлчөмүндө демөөрчүлүк жардам көрсөтүүнү убада кылышты. “Көп түкүрсө көл болот” демекчи, ошентип 2014-жылы биз бала бакча кура алабыз деген үмүт пайда болду. М
 
Бактыгүл АНАРБАЕВА,
Ленин АА “Аруузат” элет фондунун төрагасы