2014-04-04 / Мыйзам чыгаруудагы жаӊылыктар
Бекболот БЕКИЕВ,
Өнүктүрүү саясат институтунун эксперти
2008-жылдын 21-июлунда “Мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө” КР Мыйзамы кабыл алынган. Аталган мыйзам алгачкы жолу мамлекеттик социалдык тапшырыкты (МСТ) социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн жана соицалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы аспабы катары колдонуу мүмкүнчүлүгүн караштырды. Бул социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жана калкка көрсөтүлгөн социалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттик каражаттарды колдонуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында жасалган эле. 6 жылдын ичинде бул мыйзам социалдык тапшырыкты натыйжалуу колдонуу үчүн жетиштүү база боло албай жатканы айкын болду. Ошондуктан жаңы мыйзамды иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жумушчу топ түзүп, ага Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлү да кирди. Социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн аталган жаңы аспаптын маңызы эмнеде?
Жаӊы мыйзамдын зарылчылыгы эмнеден улам чыкты?
Мурда социалдык көйгөйлөрдү мамлекет чеччү жана коомдук пайдалуу максаттарга мамлекеттик социалдык мекемелерди түзүү өңдүү советтик мезгилдерде колдонулуп келген салттуу жолдор менен гана жетчү (болгон персонал, тиешелүү жайлар, мамлекеттик бюджеттен туруктуу каржылоо ж.б.). Өлкөдө социалдык саясий түзүлүш өзгөрүп, базар экономикасына өтүү менен адамдардын жашоо шарты жана деңгээли да кошо өзгөрдү. Жаңы социалдык көйгөйлөр жана тобокелдиктер пайда болду, ар кандай себептер менен эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон жана оор турмуштук кырдаалда калган, социалдык тейлөөгө жана жардамга муктаж болгон адамдардын саны өстү. Бул социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн базар шарттарында натыйжалуу иштеп кете ала турган, ошол убакыттын ичинде калыптанып калган жеке мамлекеттик эмес коммерциялык жана коммерциялык эмес сектордун кеңири түйүнүн жана алардын ресурстарын тартуу менен, жаңы мамлекеттик аспаптар талап кылынды. Мамлекеттик социалдык тапшырык калкты социалдык жактан тейлөөнүн учурда иштеп жаткан системасына кошумча болуп эсептелет. Ал эми айрым учурларда, ал натыйжалуу болгондо, атүгүл аны алмаштыра да алат. Мамлекетте башка жолдор менен, мамлекеттик мекемелерди түзбөстөн,сынактын негизинде калк үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеке юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден сатып алуу аркылуу социалдык көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле гранттарды берүү жолу менен коммерциялык эмес уюмдардын коомдук пайдалуу долбоорлорун каржылоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Белгилей кетчү жагдай, МСТ бир топ узак убакыттан бери өнүккөн өлкөлөрдө бир кыйла ийгиликтүү колдонулуп келатат. КМШ аймагында МСТны 2004-жылдан тарта Орусия, Казакстан, Украина, Молдова, Грузия жана айрым бир башка өлкөлөр жайылта баштады. Мисалы, Казакстанда МСТ жөнүндө Мыйзам 2005-жылы кабыл алынган жана учурда бул өлкөдө МСТ механизми өтө кеңири колдонулуп келатат – жыл сайын МСТны каржылоого болжол менен 30 млн. АКШ долларына барабар сумма бөлүнөт. Алардын ичинен болжол менен 20 млн. АКШ доллары республикалык бюджеттен, ал эми 10 млн. АКШ доллары жергиликтүү бюджеттерден бөлүнөт. Учурда КМШ өлкөлөрүндө МСТ системасын өркүндөтүү боюнча активдүү тажрыйба алмашуу жүрүп жатат: Казакстан менен Грузия Кыргызстандан жана Украинадан коомдук пайдалуу долбоорлорго бөлүнгөн гранттар системасын өздөштүрсө, өз кезегинде Кыргызстан Казакстан менен Грузиядан мамлекеттик сатып алуулар механизми аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тажрыйбасын үйрөнүүдө. КМШнын айрым өлкөлөрү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу механизмин ваучерлер (талондор) аркылуу жайылта баштады.
Биздин өлкөдө “Мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2008-жылы эле кабыл алынганына жана МСТны дээрлик бир топ чөйрөлөрдө ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү болгонуна карабастан ушул тапта мыйзамды бир гана мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги (СӨМ) ишке ашырып келатат. Аталган министрликке 2013-жылы МСТны ишке ашыруу үчүн 13,9 млн. сом (же болжол менен 265 миң АКШ доллары) бөлүнгөн. Бул болсо Казакстанда МСТны каржылоо үчүн бөлүнгөн суммадан 100 эсе аз. Тилекке каршы калган министрликтер жана ведомстволор ушул тапта социалдык чөйрөдөгү алардын алдында турган тапшырмаларды аткаруу үчүн МСТны колдонушпайт. ЖӨБ органдары болсо жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын чектелүү болгонунан улам МСТны ишке ашыра албай келишет.Ошону менен бирге МСТ жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга жасалган анализ аларда мамлекеттик социалдык тапшырыкты толук кандуу жана натыйжалуу колдонууга жолтоо болгон бир катар кемчиликтери болгонун көрсөттү. Аны менен катар МСТ менен мамлекеттик сатып алуулар ортосундагы так чектөө жок, МСТ аркылуу каржылоо үчүн калктын социалдык муктаждыктарын аныктоо механизми талапка жооп бербейт; сынактык комиссияга табыштамаларды жана башка документтерди берүүнүн жолу сынактын катышуучулары үчүн ыңгайсыз; сынактын катышуучуларынын долбоордук сунуштарын баалоонун тартиби татаал жана ачык-айкын эмес; МСТны ишке ашыруу тууралуу келишимдин шарттарына талаптар жетишсиз ж.б. Буга байланыштуу КР Социалдык өнүгүү министрлигинин 2013-жылдын 19-декабрындагы №206 буйругу менен жумушчу топ түзүлүп, ал “Мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө” КР Мыйзамынын жаңы редакциясын (мындан ары – мыйзам долбоору) иштеп чыкты.
Жаӊы мыйзам долбоорунун айырмасы эмнеде?
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында МСТ системасында аныкталган кемчиликтерди жоюу жана бул системаны өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, өлкөдө социалдык жактан маанилүү маселелерди чечүү жана МСТны колдонуунун жардамы менен инновациялык, чыгармачыл идеяларды ишке ашыруу үчүн укуктук база олуттуу түрдө жакшыртылат. Кыргыз Республикасында МСТ системасы дагы да ачык-айкын, адилеттүү, түшүнүктүү жана натыйжалуу болуп калмакчы.
Мыйзам долбоору мыкты делген дүйнөлүк практиканы эсепке алуу менен иштелип чыкты. Анда учурдагы МСТ системасындагы жогоруда айтылган кемчиликтер жоюлду, ошондой эле бул системанын айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жаңы механизмдер сунушталды. Ошону менен катар мыйзам долбоору МСТны ишке ашыруунун үч формасын караштырат:
-
социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар;
-
коомдук пайдалуу долбоорлорго мамлекеттик каржылоо;
-
муктаж болгон жарандарга социалдык талондорду (ваучерлерди) берүү аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүү.
Мыйзам долбоору кабыл алынган учурда мамлекеттик жана муниципалдык органдар социалдык кызматтарды көрсөтүү, социалдык көйгөйлөрдү чечүү же коомдук-пайдалуу максаттарга жетүү үчүн МСТнын кайсы формасы социалдык маселени дагы да натыйжалуу чечип, сапаттуу кызмат көрсөтө алат деген принциптен улам тийиштүү форманы тандап алуу укугуна ээ болот. Мыйзам долбооруна ылайык, “социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар” формасы комплекстүү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн колдонулат (мисалы, саламаттыгы жагынан мүмкүнчүлүгү чектелинген адамдар үчүн күндүзгү борборлорду түзүү, же жарандардын муктаж болгон категориясына медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн күндүзгү стационарларды түзүү ж.б.). Бул учурда мамлекеттик тапшырыкчы социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга жеткирүү зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнөн кабардар болот жана алар боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана бекитилген стандарттар да болот. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын өзү болсо мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте жүзөгө ашырылмакчы. “Коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо” формасы алдыга коюлган социалдык максаттар белгилүү, бирок аларга жетүүнүн жолдору белгисиз болгон учурларда, же коммерциялык эмес уюмдардын натыйжалуу, инновациялык идеяларын алуу үчүн колдонулат. Бул үчүн мамлекеттик тапшырыкчы коммерциялык эмес уюмдар арасында сынак жарыялайт. Алар болсо өзүнүн долбоордук табыштамаларында бул максаттарга жетүүнүн жолдорун сунуштайт. Сынактын жеңүүчүсү деп көрсөтүлгөн максаттарга жетүүнүн эң мыкты жолдорун сунуштай алган коммерциялык эмес уюмдар табылат.
Мамлекеттик тапшырыкчы жеңүүчүлөргө алар сунуштаган коомдук-пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттарды берет. МСТны ишке ашыруунун жаңы формасы “социалдык талондорду (ваучерлерди) берүү жолу менен социалдык кызматтарды көрсөтүү” болуп эсептелет. МСТны ишке ашыруунун аталган формасы жарандардын муктаж болгон категориялары үчүн жалпыга жайылган жөнөкөй социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн колдонулат (мисалы, жалгыз жашаган, кары, муктаж жарандар үчүн чач тарачтын, мончолордун кызмат көрсөтүүлөрү, аларга тамак-аш жеткирүү; же башка мисал, саламаттыгынан улам мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга массаж жасоо ж.б.). Бул болсо туруктуу негизде белгиленген тартипке ылайык аталган кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн кеңири түйүнү болгон учурда ишке ашат. Бул формага ылайык: (1) мамлекеттик тапшырыкчы сатып алына турган кызмат көрсөтүү тууралуу ММКга жарыя берет (мисалы, жалгыз жашаган, кары, муктаж жарандар үчүн чач тарачтын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу тууралуу). (2) андан соң мындай кызматты көрсөткөн, бул долбоорго катышууну каалаган жана белгиленген талаптарга жооп берген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер мамлекеттик тапшырыкчыдан каттоодон өтөт, (3) ошондон кийин мамлекеттик тапшырыкчы жалгыз жашаган, кары, муктаж жарандарга ушул кызмат көрсөтүүлөрдү алыш үчүн социалдык талондорду берет жана социалдык талон менен кошо бул кызматты көрсөткөн юридикалык жактын жана жеке ишкерлердин тизмесин (алардын дарегин көрсөтүү менен) берет, (4) андан ары социалдык талонду алган жаран кызмат көрсөтүүнү жеткирип берүүчүнү өзү тандап алат, ага социалдык талонду берет жана социалдык кызмат көрсөтүүнү колдоно алат, (5) ар бир айдын соңунда мамлекеттик тапшырыкчы жеткирип берүүчүлөргө социалдык кызмат көрсөткөнү үчүн социалдык талондордун наркын кайтарып берет. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы “социалдык талондун жардамы менен социалдык кызматтарды көрсөтүү” формасын колдонуп жатат. МСТнын аталган формасын колдонуу мүмкүнчүлүгү Бишкек ш. ЖӨБ органдарынын жергиликтүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынган. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүүнү жөнгө салуунун ченемдик укуктук негиздери жок. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, муну менен мыйзамдык актылардагы боштуктун орду толот жана бул механизмди башка жерлерде да колдоно башташат.
Мамлекеттик жана муниципалдык органдар кандайча МСТны ишке ашырышат? Алар баарын кайсы документтерде пландап, МСТны караштырыш керек? Мыйзам долбооруна ылайык, МСТны ишке ашырууну пландаган мамлекеттик орган же ЖӨБ органы МСТ программасынын долбоорун иштеп чыгыш керек. МСТ программасынын иштөө мөөнөтү 1 жылдан 5 жылга чейин болушу мүмкүн. МСТны ишке ашырууда өзөктүү көйгөйлөрдүн бири калктын социалдык кызма көрсөтүүлөргө муктаждыгын аныктоо болуп эсептелет. МСТ аркылуу ишке ашырууга боло турган калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгын аныктоо үчүн мыйзам долбоору изилдөө жүргүзүүнү караштырган. Аны көз карандысыз адистердин жана эксперттердин катышуусу менен жүргүзсө болот. МСТ программасынын долбоору калктын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо боюнча өткөрүлгөн изилдөөнүн натыйжаларын, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органга же МСТ органына караштуу түзүлгөн социалдык көйгөйлөрдүн жана коомдук-пайдалуу максаттардын маалымат базасына түшкөн жарандардын жана уюмдардын сунуштарын эсепке алуу менен иштелип чыгат.
Мындан тышкары мыйзам долбоору МСТ программасынын долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө милдеттендирет. МСТ программасынын долбоору угууларга 15 күн калганда мамлекеттик органдын же ЖӨБ органынын расмий сайтында жайгаштырылыш керек. Расмий сайт болбогон учурда тийиштүү бийлик органынын маалымат тактасында (стендде) жайгаштырылууга тийиш. Каалаган кызыкдар адамдар өз сунуштарын жана кошумчаларын киргизүүгө укуктуу, аларды МСТны демилгелеп чыккан тийиштүү бийлик органдары каттайт жана карап чыгат.
Ошентип мыйзам долбоорунда мамлекеттик жана муниципалдык органдарды жарандардын керектөөлөрүн аныктоого жана биринчи кезекте социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн алуучулары чечилишине муктаж болгон артыкчылыктуу социалдык көйгөйлөрдү чечүү максатында МСТ программасын иштеп чыгууда аларды эсепке алууга милдеттендирген талаптар жана механизмдер каралган.МСТны ишке ашырууну каржылоо булактары болуп республикалык жана жергиликтүү бюджеттер кала берүүдө. МСТны ишке ашырууга республикалык бюджеттен каражаттар жыл сайын, ал эми жергиликтүү бюджетте ЖӨБ органдарында тийиштүү каражат болгон учурда каралыш керек. МСТны каржылоо үчүн каражат каралган тийиштүү жылга бюджетти бекиткенден кийин мамлекеттик орган же ЖӨБ органы МСТ программасын ишке ашыруу Планын иштеп чыгып, аны бекитиш керек.Колдонуудагы мыйзамдан айырмаланып, мыйзам долбоорунда МСТны ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттын 10 пайызына чейини МСТны ишке ашыруу боюнча уюштуруучулук чыгашаларга колдонулса болот (өзүнүн расмий сайтында МСТ боюнча баракчаны кароого жана жаңылап турууга; МСТ боюнча сынактар тууралуу жарыяларды ММКда жайгаштырууга; эксперттердин эмгеги үчүн берүүгө; коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн сапарларга жол чыгашаларын төлөөгө; жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлөрүнүн жол чыгашаларын төлөп берүүгө жана башка МСТны уюштуруу үчүн зарыл болгон чыгашалар). МСТны каржылоо үчүн каражат каралган тийиштүү жылга бюджетти бекиткенден кийин мамлекеттик орган же ЖӨБ органы МСТ программасын ишке ашыруу Планын иштеп чыгып, аны бекитиш керек. Ал планда МСТны анын ар бир формасы боюнча ишке ашыруунун тартиби, МСТ ишке ашырыла турган аймак, кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучулардын чөйрөсү, МСТны аткаруучулардын категориясы, бюджеттик каражаттардын жалпы көлөмү жана МСТны ар бир формасы боюнча ишке ашыруу үчүн каражаттын көлөмү, ошондой эле уюштуруучулук чыгашалардын ордун толуктоого арналган каражаттар. МСТны ишке ашыруу ишин өткөрүп берген учурда МСТ программасын ишке ашыруу боюнча Планда өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ЖӨБ органдарына бериле турган каражаттар каралыш керек. Иш жүзүндө колдонуудагы “Мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө” КР Мыйзамы боюнча сынактык комиссияны түзүүгө, өзгөчө сынактык комиссиянын сандык курамы, жарандык коомдон гранттык комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер жана сынактык комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү боюнча бир топ суроолор пайда болгон. Мыйзам долбоорунда жогоруда айтылган кемчиликтерди колдонуудагы мыйзамдан алып салуу сунушталат. Ошону менен катар сынактык комиссиянын курамын 10 мүчө – мамлекеттик тапшырыкчыдан жана жарандык сектордон 5 өкүлдөн – деп бекитүү сунушталды. Жарандык сектордун өкүлдөрүн көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча рейтингдик добуш берүүнүн натыйжасы боюнча жарандык сектордун өзү тандап алат. Бул процесске мамлекеттик тапшырыкчы кийлигише албайт. Ошол эле кезде жарандык сектор өз талапкерлерин көрсөтө албаганда, же комиссияны калыптандыруу жана МСТны ишке ашырууну камсыздоо үчүн зарыл болгон сан жетишсиз болгондо мамлекеттик тапшырыкчыга жарандык коомдон өкүлдөрдү түзчакыруу укугу берилет. Мыйзам долбоорунда комиссиялардын ыйгарым укугунун мөөнөтүн 2 жыл деп аныктоо сунушталат. Бул болсо комиссиянын ишинде кандайдыр бир туруктуулукту камсыздайт.
* * *
Учурда мыйзам долбоору талкууга коюлду. Социалдык тапшырык механизмди ишке ашырууда ЖӨБ органдарынын чоң ролун эске алып, кызыкдар жактарга өз комментарийлерин жана сунуштарын Өнүктүрүү саясат институтуна жиберүүнү сунуштайбыз (дарегибиз журналдын мукабасында көрсөтүлгөн). Институт бардык суроолорду жана комментарийлерди жумушчу топко өткөрүп берет. М